1 Тиметейге 6:1-21 KYB2004 - Bible AI

1Кудайдын ысымына жана окутуусуна карата жаман сөз айтылбашы үчүн, кул сыяктуу моюнтурук астында жүргөндөрдүн бардыгы өз кожоюндарын урматталууга татыктуу деп эсептешсин.

2Кожоюндары Ыйсага ишенгендер болсо, кулдары аларды бир туугандар деп тоотпой коюшпасын, тескерисинче, аларга тырышчаактык менен кызмат кылышсын, анткени жакшылык кылып жаткан кожоюндар – Теңирдин сүйүктүүлөрү. Ушуну айтып үйрөт.

3Ким башка нерсени окутса жана туура сөздөрдү – биздин Теңирибиз Ыйса Машайактын сөздөрүн сактабаса, такыбаалык жөнүндөгү окутууну жолдобосо,

4анда ал текебер, эч нерсе билбейт, ал талашып-тартышуу, курулай айтышуу оорусуна чалдыккан. Бул нерселерден көрө албастык, чыр-чатактар, жамандоолор, жөнү жок шектенүүлөр, курулай талаш-тартыштар келип чыгат.

5Мындай талаш-тартыштар акылынан айныган, чындыктан алыстап кеткен, такыбаалыкты байлыкка жетүүнүн жолу деп ойлогон адамдардын ортосунда болот. Ошондойлордон алыс бол.

6Такыбаа болуу жана ыраазы болуу – улуу байлык.

7Себеби биз бул дүйнөгө эч нерсе алып келген жокпуз, эч нерсе алып кетпестигибиз да белгилүү.

8Кийгенге кийимибиз, ичкенге тамагыбыз болсо, ошого ыраазы бололу.

9Ал эми баюуну каалагандар азгырылып, торго түшүшөт; кырсыкка жана өлүмгө дуушар кыла турган, көптөгөн акылсыз, зыяндуу кумарларга батышат.

10Анткени бүт жамандыктын тамыры – акча жандуулук. Акчага кызыгып, кээ бирөөлөр ишенимден четтеп, өздөрүн өздөрү көптөгөн азап-кайгыга салышты.

11Ал эми сен, Кудайдын адамы, ушунун бардыгынан кач, тескерисинче, ишенимиңди, сүйүүңдү өстүрүүгө, адилет, такыбаа, чыдамкай, момун болууга умтул.

12Ишеним үчүн болгон жакшы күрөштө тырышчаактык менен күрөш, түбөлүк өмүрдү бек тут, анткени сен ошого чакырылгансың жана көп күбөлөрдүн алдында жакшы ырастоону ачык күбөлөндүргөнсүң.

13Бардыгына өмүр берүүчү Кудайдын алдында жана Понтий Пилаттын алдында жакшы ырастоону ачык күбөлөндүргөн Машайак Ыйсанын алдында мен сага буйрук кыламын:

14Осуятты Теңирибиз Ыйса Машайак келгенге чейин, туура, так аткар.

15Бул нерсени мактоого татыктуу, бирден-бир кубаттуу, падышалардын Падышасы, эгедерлердин Эгедери Өзү белгилеп койгон убакта ишке ашырат.

16Ал – бирден-бир өлбөс, адам жетпей турган жарыкта жашаган Кудай. Аны эч бир адам көргөн эмес, көрө да албайт. Түбөлүк урмат-сый жана бийлик Ага таандык! Оомийин.

17Бул дүйнөдөгү байларга мындай деп насаат айт: алар өздөрү жөнүндө жогору ойлошпосун жана өздөрүнүн ишенүүгө болбой турган байлыгына таянышпасын, тескерисинче, биздин жыргалчылыгыбыз үчүн бардыгын мол берүүчү тирүү Кудайга таянышсын.

18Алар жакшылык кылышсын, жакшы иштерге байышсын, берешен болуп, башкалар менен бөлүшө билишсин.

19Ошондо алар түбөлүк өмүргө ээ болуу үчүн, өздөрүнө келечек үчүн жакшы негиз боло турган кенч жыйнаган болушат.

20Тиметей! Өзүңө ишенип тапшырылганды сакта, пайдасы жок куру сөздөрдөн жана жалган илимдин талаш-тартыштарынан кач.

21Кээ бирөөлөр ошол илимге берилип, ишенимден четтеп кетишти. Кудай сага ырайымын төгө берсин! Оомийин.

le>