1 Шемуел 1:1-28 KYB2004 - Bible AI

1Эпрайым тоосундагы Раматайым-Сопим шаарында Элкана аттуу эфраталык адам жашаган. Ал Жерохамдын уулу эле. Жерохам Эйлинин, Эйли Тохунун, Тоху Зуптун уулу болгон.

2Элкананын эки аялы болгон: бирөөнүн ысымы – Анна, экинчисинин ысымы – Пенина. Пенинанын балдары бар эле, Аннаныкы болсо жок болчу.

3Ал киши Себайот Теңирге табынып, курмандык чалуу үчүн, өз шаарынан жыл сайын Шилого барчу. Ал жерде Теңирдин ыйык кызмат кылуучулары Копни жана Пинехас деген Эйлинин эки уулу болгон.

4Элкана курмандык чалган күндөрү аялы Пенинага жана анын бүт уул-кыздарына курмандык тамактан бөлүп берчү.

5Аннага болсо өзгөчө бөлүгүн берчү, анткени Теңир ага бала бербегенине карабай, аны сүйчү.

6Теңир Аннага бала бербегени үчүн, күндөшү аны дайыма капа кылып, аны наалыганга түртчү.

7Ал жыл сайын Теңирдин үйүнө барганда, ушундай болчу. Пенина Аннаны ыза кылчу, ал ыйлап, тамак жечү эмес.

8Ошондо күйөөсү Элкана ага: «Анна! Эмнеге ыйлайсың, эмне үчүн тамак жебейсиң, эмнеге кайгырасың? Мен сен үчүн он уулдан артык эмесминби?» – деди.

9Алар Шилодо тамак жеп бүткөндөн кийин, Анна ордунан туруп кетти. Ошол убакта ыйык кызмат кылуучу Эйли ийбадаткананын кире беришинде отургучта отурган.

10Аял кайгырып, көзүнүн жашын көл кылып ыйлап, Теңирге сыйынды.

11Анан мындай деп убада берди: «Себайот Теңир! Эгер Сен Өз күңүңдүн кайгысына назарыңды салсаң, мени эсиңе алып, Өз күңүңдү унутпасаң, күңүңө эркек бала берсең, анда мен аны өмүрү өткөнчө Сага берем, башына устара тийбейт».

12Ал Теңирдин алдында көпкө сыйынды, ошол убакта Эйли анын оозун карап турду.

13Анна ичинен сүйлөп жаткан, анын эриндери гана кыймылдап, үнү чыкпагандыктан, Эйли аны мас деп ойлоду.

14Эйли ага: «Масың качан тарайт? Соолук», – деди.

15Анна мындай деп жооп берди: «Жок, мырзам, мен кайгыга малынган аялмын, шарап да, ичкилик да ичкен жокмун, Теңирдин алдында жүрөгүмдөгүнү төгүп жатам.

16Күңүңдү начар аял деп ойлобо, себеби кайгы-капам оор болгондуктан, ушуга чейин сүйлөп жаттым».

17Ошондо Эйли: «Тынчтык менен бар, Ысрайылдын Кудайы сураганыңды берсин», – деди.

18Аял болсо: «Күңүң сенин алдыңда ырайым тапсын!» – деди да, өз жолуна түштү. Тамак ичти, жүзү мурдагыдай капалуу болбой калды.

19Алар эртең менен эрте туруп, Теңирге табынышты да, Рамадагы үйүнө кайтып келишти. Элкана аялы Аннага жакындады, Теңир ал аялды эстеди.

20Бир нече убакыттан кийин Аннанын боюна бүтүп, уул төрөдү да: «Аны Теңирден сурап алдым», – деп, ага Шемуел деген ат койду.

21Күйөөсү Элкана бүт үй-бүлөсү менен Теңирге жыл сайын чалынуучу курмандыкты чалуу үчүн жана өз убадасын аткаруу үчүн кетти.

22Анна болсо барган жок. Күйөөсүнө: «Мен баланы эмчектен чыккандан кийин алып барам, ал Теңирдин алдына барып, ошол жерде түбөлүккө калат», – деп айтты.

23Күйөөсү Элкана ага: «Каалаганыңдай болсун. Ал эмчектен чыкканча кала бер, бирок оозуңдан чыккан сөздү Теңир Өзү аткарсын», – деди. Ошентип, аялы үйдө калды. Уулун эмчектен чыгарганга чейин эмчек сүтүн берип бакты.

24Аны эмчектен чыгаргандан кийин, ал үч букачар, бир эйфа ун, бир чанач шарап жана баланы алып, Шилого, Теңирдин үйүнө келди. Бала болсо жаш эле.

25Алар букачарды союшту. Эйлиге баланы алып келишти.

26Анан аял: «О мырзам! Өмүрүң узун болсун, мырзам! Баягыда ушул жерде, сенин жаныңда Теңирге жалынып сыйынган аял менмин.

27Мен Кудайга ушул баланы сурап сыйынгам, Теңирим мага сураганымды берди.

28Мен аны өмүрү өткөнчө Теңирге кызмат кылууга берем», – деди. Анан ал Теңирге ошол жерде ийилип таазим кылды.