1 Шемуел 10:1-27 KYB2004 - Bible AI

1Шемуел зайтун майы куюлган идишти алып, анын башына куйду, анан аны өөп, мындай деди: «Теңир сени Өз мурасын башкарууга майлап жатат.

2Азыр сен менин жанымдан кеткенден кийин, Бенжемин жериндеги Селсахтан, Рахелдин бейитинин жанынан эки кишиге жолугасың, алар сага мындай дешет: “Сен издеп жүргөн ургаачы эшектер табылды, атаң эшектерин ойлобой эле: "Уулум эмне болду?" – деп, силер үчүн тынчсызданып жатат”.

3Андан өткөндөн кийин, Табор эмен багына келесиң, ал жерден сага Бейтелге, Кудайга бара жаткан үч киши кезигет. Бири үч улак, экинчиси үч нан, үчүнчүсү бир чанач шарап көтөрүп алган.

4Алар сени менен саламдашып, сага эки нан беришет, аны сен алардын колунан аласың.

5Андан кийин пелиштилик күзөт тобу турган Кудайдын дөбөсүнө келесиң. Ал жерден шаарга киргенде, бийик жерден түшүп келе жаткан бир топ пайгамбарга жолугасың, алар пайгамбарчылык кылып бара жатышат, алардын алдында забур ырдап, дап кагып, чоор тартып, гусли чертип бара жатышат.

6Ошондо сенин үстүңө Теңирдин Руху түшүп, алар менен кошо пайгамбарчылык кылып, башка адам болуп каласың.

7Ушул жышаандар ордунан чыкканда, колуңдан эмне келсе, ошону кыл, анткени Кудай сени менен.

8Анан сен менден мурда Гилгалга бар, бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктарды, тынчтык курмандыктарын чалуу үчүн, мен да ал жерге, сага барам. Мен сага баргыча, мени жети күн күт, ошондо мен сага эмне кылышың керек экендигин айтам».

9Шабул бурулуп, Шемуелдин жанынан кетейин дегенде, Кудай ага башка жүрөк берди, ошол күнү ошол жышаандардын бардыгы орундалды.

10Алар дөбөгө келгенде, алардын алдынан бир топ пайгамбар чыкты. Ошондо Шабулга Кудайдын Руху түштү, ал алардын арасында пайгамбарчылык кылды.

11Аны мурун тааныгандардын баары анын пайгамбарлар менен пайгамбарчылык кылып жатканын көрүшүп, эл бири-бирине: «Киштин уулуна эмне болгон? Кантип эле Шабул да пайгамбар болуп калсын?» – деди.

12Анан ошол жердегилердин бирөө: «Ал эми тигилердин атасы ким эле?» – деди. «Кантип эле Шабул да пайгамбар болуп калсын?» деген сөз ошондон улам лакап болуп айтылып калган.

13Анан ал пайгамбарчылык кылганын токтотуп, бийик жерге кетти.

14Шабулдун атасынын бир тууганы андан жана анын кулунан: «Силер кайда бардыңар?» – деп сурады. «Ургаачы эшектерди издеп жүрдүк, бирок аларды таппай койгондо, Шемуелге бардык», – деп жооп берди Шабул.

15Анан Шабулдун атасынын бир тууганы: «Айтып берчи, Шемуел силерге эмне деди?» – деп сурады.

16Шабул атасынын бир тууганына: «Ал бизге: “Эшектер табылды”, – деп айтты», – деп жооп берди. Бирок Шабул ага Шемуелдин падышачылык жөнүндө айткан сөзүн айткан жок.

17Шемуел элди Теңирдин алдына, Миспага чакырды.

18Ошондо ал Ысрайыл уулдарына мындай деди: «Ысрайылдын Кудай-Теңири мындай дейт: “Мен Ысрайылды Мисирден алып чыктым, силерди мисирликтердин колунан жана силерди эзген бардык падышачылыктардын колунан куткардым”.

19Силер болсо бардык кыйынчылыктарыңардан, азап-кайгыңардан куткарган Кудайыңарды четке кактыңар да, Ага: “Биздин үстүбүзгө падыша кой”, – дедиңер. Эми өз урууңар, тукумуңар менен Теңирдин алдына келип тургула».

20Анан Шемуел Ысрайылдын бүт урууларынын келишин буйруду. Ошондо Бенжемин уруусу көрсөтүлдү.

21Бенжемин уруусуна тукумдарга бөлүнүп келүүнү буйруганда, Матрий тукуму көрсөтүлдү. Матрий тукумунун эркектери келгенде, Киштин уулу Шабулдун аты аталды, аны издеп таппай коюшту.

22Анан Теңирден дагы: «Ал бул жерге келди беле?» – деп сурашты. Теңир аларга: «Ал жүктүү арабалардын арасында жашынып турат», – деп жооп берди.

23Алар чуркап барып, аны ал жактан алып келишти. Ал элдин ортосуна турду. Бардык эл анын ийининен келчү.

24Анан Шемуел бүт элге мындай деди: «Теңир кимди тандаганын көрдүңөрбү? Бүт элде буга тең келе турган эч ким жок». Ошондо бүт эл: «Жашасын падыша!» – деп кыйкырышты.

25Шемуел падышачылык укуктарды элге айтып берип, китепке жазып, Теңирдин алдына койду. Анан бүт элди коё берди, ар кимиси өз үйүнө тарады.

26Ошондой эле Шабул да өз үйүнө, Гибага кетти. Кудай каалоо берген эр жүрөк адамдар аны менен жөнөштү.

27Ал эми начар кишилер: «Бизди сактачу ушул бекен?» – дешти. Аны жек көрүп, ага белек беришкен жок. Бирок ал муну байкамаксан болуп койду.

>