1Шемуел бүткүл Ысрайылга мындай деди: «Мен силердин айтканыңардын баарын угуп, үстүңөргө падыша койдум.
2Мына, падыша алдыңарда жүрөт. Мен болсо карыдым, чачым агарды. Уулдарым да силер менен. Мен жаш чагымдан ушул күнгө чейин силердин алдыңарда жүрдүм.
3Мына мен. Теңирдин алдында, Анын майланган адамынын алдында айткыла, кимдин өгүзүн алсам, кимдин эшегин алсам, кимди таарынтсам, кимди кысымга алсам, кимден пара алып, көзүмдү жумуп, ишин жаап койсом, кайтарып берем».
4Алар: «Сен бизди таарынткан жоксуң, кысымга алган жоксуң, эч кимден эч нерсе алган жоксуң», – деп жооп беришти.
5Анан ал аларга: «Силер менден эч нерсе тапкан жоксуңар, буга бүгүн Теңир жана Анын майланган адамы күбө», – деди. Алар: «Ооба, Теңир күбө», – дешти.
6Ошондо Шемуел элге мындай деп кайрылды: «Мусаны жана Арунду дайындап, ата-бабаларыңарды Мисир жеринен алып чыккан Теңир күбө.
7Эми болсо бул жерге келгиле, мен Теңирдин алдында Анын силерге жана ата-бабаларыңарга кылган бардык жакшы иштери жөнүндө айтып, силерди айыптайын.
8Жакып Мисирге келгенден кийин, ата-бабаларыңар Теңирге боздоп кайрылышты, ошондо Теңир Муса менен Арунду жиберди. Алар ата-бабаларыңарды Мисирден алып чыгып, ушул жерге отурукташтырышты.
9Бирок алар өздөрүнүн Кудай-Теңирин унутуп коюшту. Ошондо Ал аларды хатсордук аскер башчы Сисранын, пелиштиликтердин жана Маап падышасынын колуна салып берди. Алар ата-бабаларыңар менен согушушту.
10Бирок алар Теңирге: “Биз күнөө кылдык, анткени Теңирди таштап, Ашейралар менен Баалдарга кызмат кылдык. Эми бизди душмандарыбыздын колунан куткар, ошондо биз Сага кызмат кылабыз”, – деп боздоп кайрылышканда,
11Теңир Жеруп-Баалды, Баракты, Иптахты жана Шемуелди жиберип, тегерегиңердеги душмандарыңардын колунан куткарды. Анан силер коопсуз жашадыңар.
12Бирок Амон падышасы Нахаштын силерге каршы келе жатканын көргөнүңөрдө, падышаңар өзүңөрдүн Кудай-Теңириңер экенине карабастан, “Жок, биздин үстүбүздөн падыша падышачылык кылсын”, – дедиңер.
13Ошентип, өзүңөр тандап, өзүңөр талап кылган падышаңар мына. Теңир үстүңөргө падыша койду.
14Эгер Теңирден корксоңор, Ага кызмат кылсаңар, Анын үнүн уксаңар, Теңирдин буйруктарына каршы чыкпасаңар, анда силер да, силерге бийлик кылган падышаңар да Кудай-Теңириңерди ээрчип жүрөсүңөр.
15Эгер Теңирдин үнүн укпасаңар, Теңирдин буйруктарына каршы чыксаңар, анда Теңирдин колу ата-бабаларыңарга каршы болгондой, силерге да каршы болот.
16Эми ордуңардан тургула, Теңирдин силердин көз алдыңарда жасай турган улуу ишин көргүлө.
17Азыр буудайды оруу-жыюу маалы эмеспи? Бирок мен Теңирге кайрылам, Ал күн күркүрөтүп, жамгыр төктүрөт. Өзүңөргө падыша сурап, Теңирдин алдында кылган күнөөңөр кандай чоң экенин ошондо билесиңер жана көрөсүңөр».
18Шемуел Теңирге кайрылды. Теңир ошол күнү күн күркүрөтүп, жамгыр төктүрдү. Ошондо бүт эл Теңирден жана Шемуелден абдан коркуп калды.
19Бүт эл Шемуелге кайрылды: «Биз өлүп калбашыбыз үчүн, Кудай Теңириңдин алдында кулдарың үчүн сыйына көр, анткени өзүбүзгө падыша сурап, күнөөлөрүбүздүн үстүнө күнөө кошуп алдык».
20Шемуел элге мындай деп жооп берди: «Коркпогула, силер күнөө кылдыңар, бирок Теңирден четтебегиле, Теңирге жан-дилиңер менен кызмат кылгыла.
21Эч нерсеге жарабаган жасалма кудайларга кайрылбагыла, аларды ээрчибегиле, алар куткарбайт, пайда алып келбейт, анткени алар – эч нерсеге арзыбаган нерселер.
22Теңир болсо Өзүнүн улуу ысымы үчүн Өз элин таштабайт, анткени Теңир силерди Өз каалоосу менен Өз эли кылып тандап алган.
23Мен да силер үчүн сыйынуумду токтотуп, Теңирдин алдында күнөөлүү болууга өзүмө жол бербейм, силерди жакшы, түз жолго багыттайм.
24Негизгиси, Теңирден корккула, Ага жан-дилиңер менен, чын жүрөктөн кызмат кылгыла, анткени Анын силер үчүн кандай улуу иштерди кылганын көрдүңөр.
25Эгерде силер жамандык кыла турган болсоңор, анда падышаңар да, өзүңөр да өлөсүңөр».