1Шабул Ысрайылга падышачылык кылганына бир жыл болгондон кийин, экинчи жылы падышачылык кылып жатканында, өзүнө ысрайылдыктардан үч миң кишини тандап алды.
2Мукмаста жана Бейтел тоосунда Шабул менен эки миң киши болду, миңи болсо Бенжеминдин Гибасында Жонатан менен болчу. Калган элди ал үйлөрүнө коё берди.
3Жонатан пелиштиликтердин Гибадагы күзөт тобун талкалады. Бул жөнүндө пелиштиликтер угушту, Шабул болсо: «Эврейлер угушсун!» – деп, бүт өлкөгө сурнай тартты.
4Бүт Ысрайыл Шабулдун пелиштиликтердин күзөт тобун талкалаганын жана пелиштиликтерге Ысрайыл жек көрүндү болгонун укту. Ошондо эл Гилгалга, Шабулдун алдына чогулду.
5Пелиштиликтер Ысрайыл менен согушуу үчүн чогулушту: отуз миң майдан араба, алты миң атчан, деңиз жээгиндеги кумдай сансыз эл. Пелиштиликтердин кошууну Бейт-Абендин чыгышындагы Мукмаска жайланышты.
6Ысрайылдыктар өздөрүнүн коркунучтуу абалда экенин, кысымга алынганын көрүшкөндө, үңкүрлөргө, капчыгайларга, аска-зоолордун арасына, казылган орлорго жана аңгектерге жашынышты.
7Эврейлердин кээ бирлери Иордандын аркы өйүзүнө Гат жана Гилат өлкөсүнө өтүштү. Шабул Гилгалда болчу жана анын жанындагы бардык элдин үрөйү учуп турган эле.
8Шабул жети күн, Шемуел белгилеген мөөнөткө чейин күттү, Шемуел болсо Гилгалга келбей жатты. Эл Шабулду таштап, туш-тушка тарай баштады.
9Ошондо Шабул: «Бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык менен тынчтык курмандыктарына даярдалганды мага алып келгиле», – деди. Анан ал бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкты өрттөдү.
10Ал бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкты өрттөп бүтөрү менен Шемуел келди. Шабул аны менен саламдашуу үчүн, алдынан тосуп чыкты.
11Шемуел ага: «Бул эмне кылганың?» – деди. Шабул ага: «Эл мени таштап, туш-тушка тарай баштады. А сен белгиленген убакта келген жоксуң. Пелиштиликтер болсо Мукмаска жыйналып калышты.
12Ошондо мен: “Пелиштиликтер эми Гилгалга келип, мага кол салышат, мен болсо Теңирдин эркин алиге чейин сурай элекмин”, – деп ойлодум. Ошондуктан бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкты өрттөөгө батындым», – деп жооп берди.
13Шемуел Шабулга: «Кудай-Теңириңдин сага берген буйругун аткарбай, жаман иш кылдың, анткени Теңир ушул күндө сенин Ысрайылдын үстүнөн болгон падышачылыгыңды түбөлүккө бекемдемек.
14Эми сенин падышачылыгың туруштук бере албайт. Теңир Өз жүрөгүнө жаккан кишини таап, аны Өз элине жол башчы кылып дайындады, анткени сен Теңирдин буйругун аткарган жоксуң», – деди.
15Шемуел туруп, Гилгалдан чыгып, Бенжеминдин Гибасына жөнөдү. Шабул болсо жанында калган адамдарын санады, алардын саны алты жүзгө жакын болду.
16Шабул өз уулу Жонатан менен, өздөрүнүн жанындагы кишилер менен Бенжеминдин Гибасына жөнөдү. Пелиштиликтердин кошууну Мукмаста турган эле.
17Бул жерди кыйратуу үчүн, Пелишти кошуунунан үч топ бөлүнүп чыкты. Топтордун бири Опраны көздөй кеткен жол менен Шубал аймагына кетти.
18Экинчи топ Бейт-Хорон жолу менен кетти. Үчүнчү топ Себоим өрөөнүнө, чөлдү көздөй кеткен жол менен бет алды.
19Бүт Ысрайыл жеринде темир усталар жок эле, анткени кылыч же найза жасашпасын деп, пелиштиликтер эврейлерден сактанышкан.
20Бүт ысрайылдыктар сокосунун тиштерин, темир күрөктөрүн, балталарын, керкилерин курчутууга,
21соконун тишинде, темир күрөктүн, айрынын, балтанын мизинде кетик болсо, же сынган бычагын оңдоо керек болсо, пелиштиликтерге барышы керек болчу.
22Ошондуктан согуш убагында Шабул менен Жонатандын жанындагы элде кылыч да, найза да жок эле, алар Шабул менен анын уулу Жонатанда гана бар эле.
23Пелиштиликтердин алдыңкы катардагы тобу Мукмас кечүүсүнө чыкты.