1 Шемуел 15:1-35 KYB2004 - Bible AI

1Шемуел Шабулга мындай деди: «Теңир Өз эли Ысрайылдын үстүнөн сени падыша кылып майлоого мени жиберген. Эми Теңирдин үнүнө кулак сал.

2Себайот Теңир мындай дейт: “Мен амалыктыктардын Ысрайылга эмне кылганын, ал Мисирден келе жатканда, жолдо ага кандай каршы чыкканын эстедим.

3Эми бар да, амалыктыктарды талкала, анын эмнеси бар болсо, ошонусунун баарын жок кыл. Аны аяба, эркегинен аялына чейин, өспүрүмүнөн эмчектеги баласына чейин, өгүзүнөн коюна чейин, төөсүнөн эшегине чейин кырып сал”».

4Шабул элди чогултуп, Телаимде санап чыкканда, ысрайылдыктардан эки жүз миң, Жүйүт уруусунан он миң жөө аскер болду.

5Анан Шабул амалыктыктардын шаарына жетип, өрөөнгө буктурма койду.

6Анан ал кейниликтерге мындай деди: «Мен силерди амалыктыктар менен кошо кырып салбашым үчүн, алардын арасынан бөлүнүп чыгып кеткиле, анткени силер ысрайылдыктарга Мисирден келе жатышканда жакшылык кылгансыңар». Ошондо кейниликтер амалыктыктардын арасынан бөлүнүп чыгышты.

7Ошондо Шабул амалыктыктарды Хабиладан тартып Мисирдин алдындагы Шур аймагына чейин талкалады.

8Амалыктыктардын падышасы Агакты тирүүлөй колго түшүрдү, ал эми бүт элди кылычтап кырды.

9Бирок Шабул жана эл Агакты, эң жакшы койлор менен өгүздөрдү, бордолгон козуларды, бардык жакшы нерселерди жок кылууну каалашкан жок, начар жана эч нерсеге арзыбаган нерселерди гана жок кылышты.

10Ошондо Шемуелге Теңирден мындай сөз болду:

11«Мен Шабулду падыша кылып койгондугума өкүнүп жатам, анткени ал Менден бурулуп кетти, Менин сөзүмдү аткарган жок». Ошондо Шемуел кайгыга батып, түнү бою Теңирге сыйынды.

12Шемуел эртең менен эрте туруп, Шабулга жолукканы жөнөдү. Шабулдун Кармелге чыгып, өзүнө эстелик тургузуп, Гилгалга түшкөнүн Шемуелге билдиришти.

13Шемуел Шабулга келгенде, Шабул ага мындай деди: «Сага Теңир батасын берсин, мен Теңирдин сөзүн аткардым».

14Шемуел ага: «Анда эмнеге мага койлордун маараганы, өгүздөрдүн өкүргөнү угулуп жатат?» – деди.

15Шабул ага: «Буларды амалыктыктардан алып келишти, сенин Кудай-Теңириңе курмандыкка чалуу үчүн, эл эң мыкты койлор менен өгүздөрдү өлтүрүшкөн жок. Башкасын кырып салдык», – деп жооп берди.

16Ошондо Шемуел Шабулга: «Коё тур, түндө Теңир мага эмне деп айтканын сага айтып берейин», – деди. Шабул ага: «Айт», – деди.

17Шемуел мындай деди: «Ысрайыл урууларынын башчысы болгонуңда, Теңир сени падыша кылып майлаганда, сен өзүңдү кичинекей эле адаммын деп эсептечү эмес белең.

18Теңир сени: “Бар, күнөөкөр амалыктыктарды кыйрат, аларды кырып жок кылгыча согуш”, – деп жөнөткөн.

19Эмне үчүн сен Теңирдин тилин албай, олжого жутунуп, Теңирдин алдында жаман иш кылдың?»

20Шабул Шемуелге мындай деп жооп берди: «Мен Теңирге тил алдым, Теңир жиберген жакка барып, амалыктыктардын падышасы Агакты алып келдим, амалыктыктарды болсо кырып салдым.

21Бирок эл Гилгалда Кудай-Теңириңе курмандык чалуу үчүн, колго түшкөн олжонун, койлордун, өгүздөрдүн эң жакшыларын алды».

22Шемуел мындай деди: «Бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктар, башка курмандыктар кантип эле Теңирге тил алуудан артык болсун? Тил алуу курмандыктан артык, баш ийүү кочкорлордун майынан артык.

23Анткени моюн сунбастык сыйкырчылыктай эле, каршы болуу бутка табынуучулуктай эле күнөө. Сен Теңирдин сөзүн четке каккандыктан, падыша болбошуң үчүн, Ал да сени четке какты».

24Шабул Шемуелге: «Мен күнөө кылдым, анткени Теңирдин буйругун да, сенин сөзүңдү да аткарган жокмун, элден коркуп, алардын айтканын кылдым.

25Эми менин күнөөмдү кечир, мени менен кайт, мен Теңирге табынайын», – деди.

26Шемуел Шабулга: «Мен сени менен кайтпайм, анткени сен Теңирдин сөзүн четке кактың, Ысрайылга падыша болбошуң үчүн, Теңир да сени четке какты», – деди.

27Анан Шемуел бурулуп, кетмекчи болду. Бирок Шабул аны этегинен кармаганда, этеги айрылып кетти.

28Ошондо Шемуел мындай деди: «Теңир бүгүн сенден Ысрайыл падышачылыгын тартып алып, аны сенден жакшы жакыныңа берди.

29Ысрайылдын Ишенимдүүсү жалган айтпайт, өкүнбөйт, анткени өкүнгүдөй, Ал адам эмес».

30Шабул: «Мен күнөө кетирдим, бирок сенден суранам, бүгүн элимдин аксакалдарынын жана Ысрайылдын алдында мага урмат көрсөтүп, мени менен кайт, мен Кудай-Теңириңе табынайын», – деди.

31Ошондо Шемуел Шабул менен кайтып келди. Шабул Теңирге табынды.

32Андан кийин Шемуел: «Амалыктыктардын падышасы Агакты мага алып келгиле», – деди. Титиреген Агак Шемуелдин алдына келип: «Чын эле, өлүм ачуусу өтүп кеттиби?» – деди.

33Бирок Шемуел: «Сенин кылычың аялдарды балдарынан кандай ажыратса, аялдар арасында сенин энең да уулунан ошондой ажырасын», – деди. Ошентип, Шемуел Агакты Теңирдин алдында, Гилгалда жара чапты.

34Анан Шемуел Рамага кетти, Шабул болсо өзүнүн үйүнө, Шабулдун Гибасына кетти.

35Шемуел көзү өткөнчө Шабул менен көрүшкөн жок, бирок Шемуел Шабул үчүн кайгырды, себеби Теңир Шабулду Ысрайылга падыша койгонуна өкүндү.

>