1Пелиштиликтер согушуу үчүн аскерин жыйнап, Жүйүт аймагындагы Сохого чогулушту. Алардын кошууну Сохо менен Азейканын ортосуна, Эфес-Дамимге жайгашты.
2Ал эми Шабул жана ысрайылдыктардын кошууну чогулуп, эмендүү өрөөнгө жайланышып, пелиштиликтер менен согушууга даярданды.
3Пелиштиликтер бир тоонун үстүндө, ысрайылдыктар бир тоонун үстүндө турушту, ал эми алардын ортосунда өрөөн бар эле.
4Пелишти кошуунунан гаттык Голийат аттуу жекеме-жеке чыгуучу балбан чыкты. Анын бою алты чыканак, бир карыш болчу.
5Башында жез туулга, үстүндө кабырчыктуу соот кийим. Соотунун салмагы беш миң жез шекел.
6Тизе каптары да, ийининдеги найзасы да жезден эле.
7Анын найзасынын сабы токуучу куралдын баканындай болчу, ал эми найзасынын өзү алты жүз темир шекел. Анын алдында курал көтөргөн жигити жүрчү.
8Ал туруп алып, Ысрайылдын аскер топторуна мындай деп кыйкырды: «Силер эмнеге согушууга чыктыңар? Мен пелиштилик, силер болсо Шабулдун кулдары эмессиңерби? Араңардан киши тандагыла, ал менин жаныма түшүп келсин.
9Эгер ал мени менен согуша алса, мени өлтүрсө, анда биз силерге кул болобуз. Эгер мен аны өлтүрүп жеңсем, анда силер бизге кул болосуңар жана бизге кызмат кыласыңар».
10Пелиштилик: «Бүгүн мен Ысрайылдын аскер топторун маскара кылам. Адамыңарды чыгаргыла, жекеме-жеке кармашалы», – деди.
11Шабул менен бүт ысрайылдыктар пелиштиликтин бул сөзүн укканда, абдан коркуп үрөйлөрү учту.
12Дөөт болсо Жүйүт жериндеги Бейт-Лехемден чыккан, эфраталык, сегиз уулу бар Жышай аттуу кишинин баласы болчу. Ал киши Шабулдун убагындагы эркектердин эң карысы болгон.
13Жышайдын үч улуу уулу Шабул менен согушка кетти. Согушка кеткен үч уулунун аттары: туну – Элийап, андан кийинкиси – Аминадап, үчүнчүсү – Шама.
14Дөөт эң кичүүсү эле. Yч улуу агасы Шабул менен кеткен.
15Дөөт болсо Бейт-Лехемде атасынын коюн кайтарыш үчүн, Шабулдукунан кайтып келген.
16Тиги пелиштилик болсо кырк күн бою эртең менен да, кечинде да алдыга чыгып, өзүн көрсөттү.
17Жышай өз уулу Дөөткө мындай деди: «Бир эйфа бадырак менен бул он нанды ал да, тезирээк кошуунга, агаларыңа алып бар.
18Ал эми бул он сырды миң башыга алып барып, бир туугандарыңдын ден соолугун, эмнеге муктаж экенин бил.
19Алар менен Шабул жана бүт ысрайылдыктар да эмендүү өрөөндө пелиштиликтер менен салгылашууга даярданып жатышат».
20Дөөт эртең менен эрте туруп, койлорун сакчыга табыштап, жүгүн алып, Жышай буйруган жакка жөнөдү. Ал жүктүү арабалардын жанына жеткенде, аскерлер катарга тизилип, ураан чакыра салгылашка даярданып жатышкан эле.
21Ысрайылдыктар менен пелиштиликтер бири-биринин каршысында катар-катар болуп тизилип турушту.
22Дөөт арабалар тобунун күзөтчүсүнө жүгүн калтырып, тизилген катарларга чуркап жетти да, бир туугандарынын ден соолугун сурады.
23Дөөт алар менен сүйлөшүп жатканда, Гаттан келген пелиштилик Голийат аттуу жекеме-жеке чыгуучу балбан пелиштиликтердин катарынан чыгып, баягы эле сөздөрдү айтып жатты. Аны Дөөт да укту.
24Бүт ысрайылдыктар бул кишини көргөндө, абдан коркуп, андан качышчу.
25Ысрайылдыктар: «Мына бул алдыга чыккан кишини көрдүңөрбү? Бул Ысрайылды маскара кылуу үчүн чыкты. Ким аны өлтүрсө, падыша ага чоң байлык тартуулап, кызын берип, Ысрайылда анын атасынын үйүн эркин кылмак», – дешти.
26Дөөт жанында тургандарга: «Бул пелиштиликти өлтүрүп, Ысрайылды шылдыңдан куткарган адамга эмне кылат? Тирүү Кудайдын аскерин маскаралагыдай, сүннөткө отургузулбаган бул пелиштилик ким экен?» – деди.
27Эл ага: «Аны өлтүргөн кишиге мына ушундай кылынат», – деп, жанагы эле сөздөрдү айтты.
28Дөөттүн улуу агасы Элийап анын эл менен сүйлөшүп жатканын укканда, Дөөткө ачууланып: «Бул жерге эмнеге келдиң? Талаадагы бир аз койду кимге таштадың? Сенин текебер экениңди да, жүрөгүңдүн жаман экенин да билем. Сен салгылашты көргөнү эле келдиң», – деди.
29Дөөт: «Мен эмне кылдым? Сүйлөшсө эмне экен?» – деди.
30Дөөт андан бурулуп, жанагы сөздөрдү башкага айтты, эл ага мурдагыдай эле жооп берди.
31Дөөттүн айткан сөзүн угуп, Шабулга айтышты. Шабул аны өзүнө чакыртты.
32Дөөт Шабулга: «Андан коркуп, эч кимдин көңүлү чөкпөсүн. Бул пелиштилик менен кармашууга сенин кулуң чыгат», – деди.
33Шабул Дөөткө: «Бул пелиштилик менен кармашууга сен бара албайсың, анткени сен али жашсың, тигил болсо жаштайынан жоокер», – деди.
34Бирок Дөөт Шабулга: «Сенин кулуң атасынын коюн кайтарып жүргөндө, койлорго арстан же аюу тийип алып кеткенде,
35артынан кууп барып, кол салып, анын оозунан сууруп алчумун. Эгер ал мага секирсе, мен аны желкесинен алып, кармашып жатып өлтүрчүмүн.
36Сенин кулуң арстанды да, аюуну да өлтүргөн, тирүү Кудайдын аскерин шылдыңдагандыгы үчүн мына бул сүннөткө отургузулбаган пелиштиликти да дал ошондой кылат», – деди.
37Дөөт дагы мындай деди: «Арстан менен аюудан куткарган Теңир мени бул пелиштиликтин колунан да куткарат». Ошондо Шабул Дөөткө: «Бар, Теңир Өзү сени менен болсун», – деди.
38Шабул Дөөткө өзүнүн кийимин, башына туулга, үстүнө соот кийгизди.
39Дөөт кийимдин сыртынан кылычын курчанып, басып көрдү, анткени ал мындай куралданууга көнгөн эмес эле. Анан Дөөт Шабулга: «Мен муну менен баса албайм, анткени көнгөн эмесмин», – деп, баарын чечип салды.
40Анан Дөөт колуна таягын алып, арыктан беш жылмакай таш тандап алып, аларды жанындагы малчы баштыгына салды. Анан баштыгы жана колундагы салмоору менен пелиштиликке каршы алдыга чыкты.
41Пелиштилик да алдыга чыгып, Дөөткө жакындады, алдында курал көтөрүүчүсү келе жатты.
42Пелиштилик Дөөттү көргөндө, жекире карады, анткени Дөөт жаш, кызыл жүздүү жана келишимдүү жигит эле.
43Анан пелиштилик Дөөткө: «Мага таяк көтөргүдөй, мен итминби?» – деди. Пелиштилик Дөөткө өзүнүн кудайларын оозанып каргыш айтты.
44Пелиштилик Дөөткө: «Бери кел, сенин денеңди асман куштары менен талаа жырткычтарына салып берейин», – деди.
45Дөөт болсо пелиштиликке мындай деп жооп берди: «Сен мага каршы найза, кылыч, калкан менен келе жатасың, мен болсо сага каршы өзүң шылдыңдаган Ысрайыл аскеринин Кудайынын, Себайот Теңирдин, атынан келе жатам.
46Бүгүн Теңир сени менин колума салып берет, мен сени өлтүрүп, башыңды кесип, пелиштилик аскерлердин өлүктөрүн асман куштары менен жер жырткычтарына берем, ошондо бүт жер жүзү Ысрайылда Кудай бар экенин билет.
47Ошондо бул жерге чогулгандардын баары Теңирдин кылычсыз, найзасыз куткарарын билет, анткени бул – Теңирдин согушу. Ал силерди биздин колубузга салып берет».
48Пелиштилик туруп, Дөөттү карай басканда, Дөөт катарды көздөй тез жүгүрүп, анын алдынан чыкты.
49Дөөт баштыктан таш алып, салмоорго салып, пелиштиликти маңдайга соккондо, таш анын чекесине батып кетти, ал бети менен жерге жыгылды.
50Ошентип, Дөөт салмоор жана таш менен пелиштиликти жеңди, ал пелиштиликти өлтүрдү. Дөөттүн колунда кылыч жок эле.
51Ошондо Дөөт чуркап барып, пелиштиликтин үстүнө бутун коюп, анын кылычын кынынан сууруп алып, анын башын кыя чапты. Пелиштиликтер балбанынын өлгөнүн көрүп, качып жөнөштү.
52Ысрайыл менен Жүйүт аймагынын эркектери жапырт көтөрүлүп, ураан чакырышып, пелиштиликтерди Гатка киргенче, Экрондун дарбазасына чейин кууп барышты. Пелиштиликтер Шаарайым жолунда Гат менен Экронго чейин сулап жатышты.
53Ысрайыл уулдары пелиштиликтерди кууп барып, кайра кайтып келишкенден кийин, алардын кошуунун талап-тоношту.
54Дөөт пелиштиликтин башын алып, аны Иерусалимге алып барды, ал эми анын куралын өзүнүн чатырына койду.
55Шабул Дөөттүн пелиштиликке каршы чыкканын көргөндө, аскер башчысы Абенерден мындай деп сурады: «Абенер! Бул жаш жигит кимдин уулу?» Абенер ага: «Сенин өмүрүң менен ант берем, падышам, мен билбейм», – деп жооп берди.
56Падыша ага: «Бул жаш жигит кимдин уулу экенин сура», – деди.
57Дөөт пелиштиликти өлтүрүп кайткандан кийин, Абенер аны Шабулга алып келди. Пелиштиликтин башы Дөөттүн колунда эле.
58Шабул андан: «Жаш жигит, сен кимдин уулусуң?» – деп сурады. Дөөт: «Бейт-Лехемдик кулуң Жышайдын уулумун», – деп жооп берди.