1 Шемуел 18:1-30 KYB2004 - Bible AI

1Дөөт Шабул менен сүйлөшүп бүткөндө, Жонатан Дөөткө жүрөгү менен тартылып, аны жанындай жакшы көрүп калды.

2Ал күнү Шабул аны алып калды, атасынын үйүнө кайтууга уруксат берген жок.

3Жонатан Дөөт менен дос болууга шерттешти, анткени аны жанындай жакшы көрүп калды.

4Жонатан үстүндөгү кийимин чечип, Дөөткө берди. Дагы башка кийимдерин, кылычын, жаасын жана курун берди.

5Шабул кайда жибербесин, Дөөт бардык жерде акылмандык менен иш кылды, ошондуктан Шабул аны аскерлерге башчы кылды. Бул бүт элге жана Шабулдун кулдарына жакты.

6Дөөт пелиштиликти жеңип келгенден кийин, алар келе жатышканда, Ысрайылдын бардык шаарларынан аялдар ырдап, бийлеп, дап жана жез табак кагып, Шабулду салтанат менен тосуп чыгышты.

7Ырдап-бийлеп келе жаткан аялдар: «Шабул миңди жеңди, Дөөт болсо он миңди жеңди!» – дешти.

8Ошондо Шабулдун ачуусу келди, ага бул сөз жаккан жок. Ал: «Дөөткө он миңди, мага миңди беришти. Ага падышачылык гана жетишпейт», – деди.

9Ошол күндөн тартып Шабул Дөөттү жек көрө баштады.

10Эртеси күнү мындай болду: Шабулга Теңир жол берген жаман рух келди, ошондо ал өз үйүндө жинденди. Дөөт болсо мурункудай эле кыл аспап чертип отурган. Шабулдун колунда найза бар эле.

11Дөөттү дубалга кадап салам деп ойлоп, Шабул ага найзасын ыргытты. Бирок Дөөт андан эки жолу буйтап кетти.

12Шабул Дөөттөн корко баштады, себеби Теңир Дөөт менен эле, Шабулду болсо таштап койгон.

13Шабул аны өзүнөн алыстатып, өзүнө миң башы кылып дайындады. Ошентип, Дөөт эл алдында аларды баштап жүрдү.

14Дөөт өзүнүн бардык иштерин акылмандуулук менен кылчу, Теңир аны менен эле.

15Шабул анын абдан акылдуулугун көрүп, андан коркчу болду.

16Бүт Ысрайыл менен Жүйүт эли болсо Дөөттү жакшы көрүшчү, анткени Дөөт аларды баштап жүрдү.

17Шабул Дөөткө: «Бул – менин улуу кызым Мейрап. Мен аны сага аялдыкка берем, сен менин эр жүрөк жоокерим болуп, Теңирдин согуштарын жүргүзүп турсаң эле болду», – деди. Анткени Шабул: «Ал менин колумдан эмес, пелиштиликтердин колунан өлсүн», – деп ойлоду.

18Бирок Дөөт Шабулга: «Падышага күйөө бала болгудай мен киммин, менин өмүрүм эмне болуп калыптыр, Ысрайылда атамдын уруусу ким болуп калыптыр?» – деди.

19Бирок Шабулдун кызы Мейрапты Дөөткө бере турган маал келгенде, ал мехолалык Адриелге аялдыкка берилген эле.

20Бирок Дөөттү Шабулдун дагы бир кызы Михал сүйүп калды. Бул жөнүндө Шабулга билдиришти, бул ага жагып калды.

21Шабул: «Муну ага берейин, ал ага кылтак болот, ал пелиштиликтердин колунан өлөт», – деп ойлоду. Шабул Дөөткө: «Сен эми мага башка кызым аркылуу күйөө бала болосуң», – деди.

22Анан Шабул өз кулдарына: «Дөөткө: “Сен падышага жагып калдың, сени анын бүт кулдары да жакшы көрүшөт, андыктан падышага күйөө бала бол”, – деп жашыруун айткыла», – деп буйрук кылды.

23Бул сөздүн баарын Шабулдун кулдары Дөөткө айтышты. Дөөт: «Падышага күйөө бала болууну силер оңой деп ойлоп турасыңарбы? Мен жакыр, жек көрүндү адаммын», – деди.

24Шабулга кулдары Дөөттүн ушул сөздөрүн жеткирип барышты.

25Шабул: «Дөөткө мындай дегиле: Падыша кыздын калыңын каалабайт, бирок падышанын душмандарынан өч алып, пелиштиликтерден жүз кишинин сүннөтүн кесип келсин», – деди. Анткени Шабул Дөөттү пелиштиликтердин колу менен жок кылам деп ойлоду.

26Кулдары бул сөздөрдү Дөөткө айтып барышты, падышанын күйөө баласы болуу Дөөткө жагып калды.

27Белгиленген күндөр бүтө электе, падышага күйөө бала болуу үчүн, Дөөт турду да, өз кишилери менен барып, пелиштиликтердин эки жүз кишисин өлтүрүп, алардын сүннөтүн кесип келип, падышага толук тапшырды. Шабул кызы Михалды ага күйөөгө берди.

28Шабул Теңирдин Дөөт менен экенин жана Михалдын Дөөттү сүйөрүн көрдү, билди.

29Ошондо ал Дөөттөн мурдагыдан да аябай коркуп, ага өмүр бою душман болуп калды.

30Пелиштиликтердин аскер башчылары согушууга чыкканда, согуштун башынан аягына чейин Дөөт Шабулдун бүт кулдарына караганда туура иш кылчу. Ошондуктан анын ысымы абдан даңкталды.

>