1 Шемуел 19:1-24 KYB2004 - Bible AI

1Дөөттү өлтүрүү керектиги жөнүндө Шабул өз уулу Жонатанга жана бүт кулдарына айтты. Бирок Шабулдун уулу Жонатан Дөөттү абдан жакшы көрчү.

2Ошондо Жонатан Дөөткө: «Менин атам Шабул сени өлтүрмөкчү болуп жатат. Ошондуктан эртең сак бол, жашын, киши билгис жерде бол.

3Мен болсо атамдын жанында, сен жашынган талаада болом, сен жөнүндө атам менен сүйлөшөм, эмнени көрсөм, ошону сага айтып берем», – деп билдирди.

4Жонатан Дөөт жөнүндө атасы Шабулга жакшы сөздөрдү айтты, ага мындай деди: «Падыша өз кулу Дөөткө каршы күнөө кылбаса экен, анткени ал сага каршы эч кандай күнөө кылган жок, анын иштери сен үчүн абдан пайдалуу.

5Ал пелиштиликти өлтүрүш үчүн, өз өмүрүн коркунучка салды, Теңир бүт Ысрайылга улуу куткарылуу берди. Аны сен өз көзүң менен көрүп кубанбадың беле. Эмне үчүн сен жазыксыз кан төгүп, Дөөттү себепсиз эле өлтүргүң келип жатат?»

6Шабул Жонатандын тилин алып: «Теңир тирүү, Дөөт өлбөйт», – деп ант берди.

7Жонатан Дөөттү чакырып, ага ушул сөздөрдүн баарын айтып берди, анан Дөөттү Шабулга алып келди. Дөөт мурункудай эле падышанын жанында болду.

8Кайрадан согуш башталып, Дөөт чыгып, пелиштиликтер менен согушту, аларды катуу кыйратты, алар андан качышты.

9Шабул колуна найзасын кармап, үйүндө отурганда, анын үстүнө Кудай жол берген жаман рух түштү. Дөөт болсо кыл аспап чертип отурган.

10Шабул Дөөттү дубалга найза менен кадап салгысы келгенде, Дөөт Шабулдан буйтап кетти, ошондо найза дубалга кадалды. Дөөт болсо ошол түнү качып кетип, аман калды.

11Шабул Дөөттү кайтарып, таң атканда өлтүрүш үчүн, анын үйүнө өзүнүн кулдарын жиберди. Дөөткө аялы Михал мындай деди: «Эгерде ушул түнү жаныңды сактап калбасаң, анда эртең сени өлтүрүшөт».

12Ошентип, Михал Дөөттү терезеден түшүрүп жиберди. Ал качып кутулду.

13Михал болсо айкелди алып, төшөккө жаткырды, анын баш жагына эчкинин терисин коюп, кийим менен жаап койду.

14Шабул Дөөттү алдырганы кулдарын жиберди, бирок Михал: «Ал ооруп жатат», – деди.

15Шабул кулдарын Дөөттү карап келүүгө жиберип жатып: «Аны мага төшөгү менен алып келгиле, мен аны өлтүрөм», – деди.

16Кулдары келип, төшөктөгү айкелди, анын баш жагына коюлган эчкинин терисин көрүштү.

17Ошондо Шабул Михалга мындай деп айтты: «Сен мени эмне үчүн ушинтип алдадың? Эмне үчүн душманымды качырып жибердиң?» Михал Шабулга мындай деп жооп берди: «Ал мага: “Мени коё бер, болбосо сени өлтүрөм”, – деди».

18Дөөт качып кутулуп, Рамага, Шемуелге келди да, Шабулдун кылганынын баарын айтып берди. Анан ал Шемуел менен кетти, алар Найотко келип токтошту.

19Шабулга: «Дөөт Найотто, Рамада», – деп билдиришти.

20Шабул Дөөттү алдырууга кулдарын жиберди. Пайгамбарчылык кылып жаткан пайгамбарлар тобун, аларга жетекчилик кылган Шемуелди көрүшкөндө, Шабулдун кулдарына Кудайдын Руху түштү. Ошондо алар да пайгамбарчылык кыла башташты.

21Бул жөнүндө Шабулга билдиришти. Ал башка кулдарын жөнөттү, бирок алар да пайгамбарчылык кыла башташты. Ошондо Шабул үчүнчү ирет башка кулдарын жиберди, алар да пайгамбарчылык кыла башташты.

22Шабул Рамага өзү жөнөп, Сейихтеги чоң булакка жеткенде: «Шемуел менен Дөөт кайда?» – деп сурады. Ага: «Найотто, Рамада», – деп жооп беришти.

23Ал Найотко, Рамага жөнөдү, ошондо ага Кудайдын Руху түштү. Ал Рамадагы Найотко жеткиче пайгамбарчылык кылып жүрүп отурду.

24Ал да кийимин чечип салып, Шемуелдин алдында пайгамбарчылык кылып, ошол күнү, ошол түнү жылаңач жатты. Ошондон улам «Шабул да пайгамбар болуп калганбы?» деген сөз айтылып калган.

>