1 Шемуел 20:1-43 KYB2004 - Bible AI

1Дөөт Рамадагы Найоттон качып кетти да, Жонатанга келип мындай деди: «Мен эмне кылдым, айыбым кайсы, мени өлтүргүдөй, атаңдын алдында кандай күнөөм бар?»

2Жонатан ага мындай деди: «Жок, сен өлбөйсүң. Атам мага айтпай, кичине да, чоң да иш кылбайт. Атам бул ишти менден эмнеге жашырмак эле? Мындай болбойт».

3Дөөт мындай деп ант берди: «Сенин алдыңда ырайым тапканымды атаң жакшы билет, ошондуктан ал өзүнчө: “Бул жөнүндө Жонатан билбесин, себеби капа болот”, – деп ойлосо керек. Бирок Теңир тирүү, сенин жаның аман! Мени менен өлүмдүн ортосунда бир эле кадам бар».

4Жонатан Дөөткө: «Мен сен үчүн каалаганыңдын баарын кылам», – деди.

5Дөөт Жонатанга мындай деди: «Эртең ай жаңырган күн, мен падыша менен дасторкондо бирге отурушум керек, бирок сен мени коё бер, мен бүрсүгүнү кечке чейин талаада жашына турайын.

6Эгер атаң мен жөнүндө сураса, “Дөөт менден суранып, өзүнүн Бейт-Лехем шаарына барып келгени кетти. Ал жакта анын бардык туугандары жыл сайын чалынуучу курмандык чалышат экен” де.

7Эгер ал буга: “Жакшы”, – десе, анда сенин кулуңа тынчтык. Эгерде ал ачууланса, анда анын жамандык кылууну чечип койгонун бил.

8Сен болсо кулуңа ырайым кыл, анткени сен кулуң менен Теңирдин алдында келишим түзгөнсүң. Эгер менде күнөө болсо, анда мени өзүң өлтүр. Мени атаңа алып барып эмне кыласың?»

9Жонатан: «Эч качан мындай болбойт, атамдын сага жамандык кыларын анык билсем, ал жөнүндө сага кантип айтпай коёюн», – деди.

10Дөөт Жонатанга: «Эгер атаң сага каарданып жооп берсе, мага ким кабарлайт?» – деди.

11Жонатан Дөөткө: «Жүр, талаага чыгалы», – деди. Экөө талаага чыгышты.

12Жонатан Дөөткө мындай деди: «Ысрайылдын Кудай-Теңири тирүү! Мен эртең ушул убакта, же бүрсүгүнү атамдан оюн билем. Эгерде анын сага болгон ниети жакшы болсо, анда мен сага кантип киши жибербей коёюн, кантип айтпай коёюн.

13Эгер мен мындай кылбасам, Теңир Жонатанга эмне кылам десе, ошону кылсын, андан да жаман кылсын. Эгер атам сага жамандык кылууну ойлоп жаткан болсо, сага билдирем, сени коё берем, ошондо тынчтык менен кете бересиң. Теңир менин атам менен болгондой эле, сени менен да болсун!

14Эгер мен тирүү болсом, сен да мени Теңирдин ырайымынан ажыратпа.

15Эгер мен өлүп калсам, Теңир сенин душмандарыңдын баарын жер бетинен жок кылганда да, менин тукумумду ырайымыңдан эч качан ажыратпа».

16Жонатан ушинтип Дөөттүн тукуму менен келишим түздү. Ал: «Теңир Дөөттүн душмандарынын жазасын берсин!» – деди.

17Жонатан Дөөттү жакшы көргөндүктөн, дагы ант берди, анткени аны жанындай жакшы көрчү.

18Жонатан Дөөткө мындай деди: «Эртең, жаңырган ай күнү, сени сурашат, анткени сенин ордуң бош болот.

19Ошондуктан үчүнчү күнү мурда жашынган жериңе түш да, Азел ташынын жанында күтүп отур.

20Бутага жаа тарткандай, мен ошол жакка үч жаа тартам.

21Анан жаш уланды: “Барып, жебелерди таап кел”, – деп жөнөтөм. Эгер мен уланга: “Жебелер сенин артыңда, аларды ал”, – десем, анда мага келе бер, анткени сага тынчтык, Теңир тирүү, эч коркунуч жок.

22Эгерде уланга: “Жебелер сенин алдыңда жатат”, – десем, анда сен кете бер, анткени сени Теңир коё берип жатат.

23Ал эми экөөбүздүн сүйлөшкөн сөзүбүзгө, экөөбүздүн ортобузга Теңир түбөлүккө күбө».

24Дөөт талаага жашырынды. Ай жаңырып, падыша тамактанганы отурду.

25Адаттагыдай эле падыша өз ордуна, дубалдын жанындагы отургучка отурду, Жонатан туруп турду, Абенер Шабулдун жанына отурду, ал эми Дөөттүн орду бош калды.

26Ал күнү Шабул эч нерсе деген жок, анткени ал: «Дөөткө бир нерсе болуп, таза эмес болсо керек, ал тазалана элек го», – деп ойлоду.

27Жаңырган айдын экинчи күнү Дөөттүн орду дагы бош калды. Ошондо Шабул өз уулу Жонатандан: «Эмне үчүн Жышайдын уулу Дөөт кечээ да, бүгүн да тамакка келген жок?» – деп сурады.

28Жонатан Шабулга: «Дөөт менден Бейт-Лехемге суранып кетти.

29Ал: “Мени коё бер, анткени биздин шаарыбызда бир туугандарыбыз менен курмандык чалмакпыз, мени бир тууганым чакырган. Эгерде мен сенин алдыңда ырайым тапкан болсом, барып, бир туугандарым менен көрүшүп келейин”, – деген. Ошондуктан ал падышанын тамагына келген жок», – деп жооп берди.

30Ошондо Шабул Жонатанга абдан ачууланып: «Оңбогон ээн баш уул! Өзүңдү да, энеңди да маскара кылып, Жышайдын уулу менен дос болуп жүргөнүңдү мени билбейт дейсиңби?

31Анткени жер үстүндө Жышайдын уулу тирүү турганда, сен да, сенин падышачылыгың да туруштук бере албайт. Азыр киши жиберип, аны алып кел, анткени ал өлүшү керек», – деди.

32Жонатан атасы Шабулга: «Аны эмнеге өлтүргөнү жатасың? Ал эмне кылды?» – деди.

33Шабул аны сайып өлтүрүш үчүн, найзасын ыргытты. Ошондо атасынын Дөөттү өлтүрүүнү чечкенине Жонатандын көзү жетти.

34Жонатан аябай ачууланып туруп кетти, ал жаңырган айдын экинчи күнү тамак жеген жок, себеби Дөөт үчүн кайгырды жана атасы аны таарынтып койду.

35Эртеси эртең менен, Дөөткө айтылган убакта жаш уланды алып, Жонатан талаага чыкты.

36Анан ал уланга: «Чурка, мен тарткан жебелерди издеп таап кел», – деди. Улан чуркап жөнөдү, ал жебелерди уландын алды жагына түшкүдөй кылып атты.

37Жонатан аткан жебелер жакка улан чуркап кеткенде, ал анын артынан: «Кара, жебе алды жагыңда жатат», – деп кыйкырды.

38Жонатан уландын артынан дагы кыйкырды: «Бол, тез чурка, токтобо». Улан Жонатандын жебелерин чогултуп алып, өз мырзасына келди.

39Жаш улан эч нерсе билген жок, Жонатан менен Дөөт гана эмне болгонун билишти.

40Анан Жонатан жанындагы уланга куралын берип: «Бар, шаарга алып бар», – деди.

41Жаш улан кетти. Дөөт түштүк тараптан туруп келди да, жүзтөмөндөп жыгылып, үч ирет таазим кылды. Алар бири-бирин өөп, чогуу ыйлашты, Дөөт көбүрөөк ыйлады.

42Анан Жонатан Дөөткө мындай деди: «Тынчтык менен бара бер. “Теңир экөөбүздүн ортобузда болсун, менин тукумум менен сенин тукумуңдун ортосунда болсун”, – деп, Теңирдин ысымы менен берген антыбыз түбөлүккө калсын!»

43Дөөт туруп, жөнөп кетти, Жонатан болсо шаарга кайтты.

>