1 Шемуел 21:1-15 KYB2004 - Bible AI

1Дөөт Hопко, ыйык кызмат кылуучу Акимелекке келди. Акимелек коркуп, Дөөттүн алдынан чыгып: «Эмне үчүн жалгызсың? Эмне үчүн жаныңда эч ким жок?» – деп сурады.

2Дөөт ыйык кызмат кылуучу Акимелекке мындай деди: «Мага падыша тапшырма берип: “Сени эмне үчүн жибергенимди, кандай тапшырма бергенимди эч ким билбесин”, – деген. Ошондуктан кишилерди белгилүү жерге калтырдым.

3Азыр колуңда эмне бар, беш нан болобу, башка нерсе болобу, бер».

4Ыйык кызмат кылуучу Дөөткө: «Жөнөкөй нан колумда жок, ыйык нан бар, бирок кишилериң аялдарга жакындаган жок беле?» – деди.

5Дөөт ыйык кызмат кылуучуга: «Мен чыккан күндөн бери биздин жаныбызда аял аттуу болгон жок, уландардын идиштери да таза. Эгер жолубуз таза эмес болсо, идиштеги наныбыз таза калат», – деп жооп берди.

6Ошондо ыйык кызмат кылуучу ага ыйык нандан берди, анткени анда нан курмандыгынан башка нан жок болчу. Алар Теңирдин алдынан алынган нандар эле, ал нандар алынгандан кийин ордуна жаңы бышырылган нандар коюлчу.

7Ошол жерде ошол күнү Шабулдун кулдарынын бири, кулдарынын башчысы, эдомдук Дойек Теңирдин алдында турган эле.

8Дөөт Акимелекке: «Бул жерде сенде кылыч же найза барбы? Падышанын тапшырмасы шашылыш болгондуктан, жаныма кылыч да, башка курал да алган эмесмин», – деди.

9Ыйык кызмат кылуучу: «Эмендүү өрөөндө сен өлтүргөн пелиштилик Голийаттын кылычы бар, кийимге оролуп, эфоддун артында турат. Кааласаң, ошону ал, бул жерде андан башка эч нерсе жок», – деди. Дөөт ага: «Ага тең келе турган кылыч жок, мага ошону бер», – деди.

10Дөөт турду да, ошол эле күнү Шабулдан качып, Гат падышасы Акишке келди.

11Кулдары Акишке: «Тигил өлкөнүн падышасы Дөөт ушул да! Аны тегеректеп: “Шабул миңди жеңди, Дөөт болсо он миңди жеңди”, – деп ырдашпады беле!» – деп айтышты.

12Дөөт бул сөздөрдү көңүлүнө алып, Гат падышасы Акиштен абдан коркуп кетти.

13Алардын алдында кебетесин бузуп, келесоо болумуш болуп, эшикти чийгилеп, сакалынан шилекейин куюлтту.

14Ошондо Акиш кулдарына мындай деди: «Мунун акылынан айныган адам экенин көрүп турбайсыңарбы. Муну мага эмнеге алып келдиңер?

15Менде акылынан айныган адамдар азбы? Муну эмнеге алып келдиңер? Менин алдымда келесоолонсун дедиңерби? Эмне, бул менин үйүмө киреби?»

>