1Дөөт ал жерден чыгып, Адулам үңкүрүнө жашырынды. Атасы, бир туугандары угуп, ошол жакка келишти.
2Анын жанына кысымга алынгандар, карызга баткандар, кайгыга чөккөндөр чогулушту, аларга ал башчы болду. Анын жанында төрт жүзгө жакын адам бар эле.
3Дөөт ал жерден чыгып, Мааптын Миспа деген жерине барып, Маап падышасына: «Кудай мени эмне кыларын билгиче, атам менен энем силердикинде тура турсун», – деди.
4Анан Дөөт аларды Маап падышасына алып келди. Дөөт ал жерде жашырынып жүргөн учурда алар аныкында жашашты.
5Бирок Гат деген пайгамбар Дөөткө: «Бул жерде калба. Жүйүт жерине кет», – деди. Дөөт жолго чыгып, Херет токоюна келди.
6Шабул Дөөттүн жана анын жанындагы кишилердин келгенин укту. Ошол убакта Шабул колуна найза кармап, Гибадагы тоодо, эмендин түбүндө отурган. Кулдарынын баары аны тегеректеп турушкан.
7Шабул өзүн тегеректеп турган кулдарына мындай деди: «Бенжемин уулдары, уккула. Жышайдын уулу силерге талааларды, жүзүмзарларды бермек беле, силерди миң башы, жүз башы коймок беле.
8Эмнеге силер баарыңар сүйлөшүп алып, эч кимиңер мага менин уулумдун Жышайдын уулу менен достошконун айткан жоксуңар? Эмне үчүн мени эч кимиңер аяган жоксуңар? Өз уулумдун кулумду мага каршы тузак коюуга тукурганын эмнеге айткан жоксуңар?»
9Ошондо Шабулдун кулдары менен турган эдомдук Дойек мындай деп жооп берди: «Жышайдын уулунун Hопко, Акитуптун уулу Акимелекке келгенин көргөм,
10ал Дөөт үчүн Теңирге сыйынып, ага тамак-аш жана пелиштилик Голийаттын кылычын берген».
11Падыша ыйык кызмат кылуучу Акитуп уулу Акимелекти, анын атасынын бүт тукумун, Hоптогу ыйык кызмат кылуучуларды чакыртканы киши жиберди. Алардын баары падышага келишти.
12Шабул мындай деди: «Акитуп уулу, уккун». Тиги: «Мен угуп жатам, мырзам», – деп жооп берди.
13Шабул ага мындай деди: «Эмне үчүн Жышайдын уулу экөөңөр мага каршы сүйлөшүп алдыңар? Бүгүн билингендей, ал мага каршы чыгып, тузак коюшу үчүн, сен эмне үчүн ага нан, кылыч бердиң? Эмнеге ал үчүн Кудайга сыйындың?»
14Акимелек падышага мындай деп жооп берди: «Бардык кулдарыңдын ичинен Дөөттөй ишенимдүү ким бар? Ал – падышанын күйөө баласы, буйруктарыңды аткаруучу, үйүңдөгү кадырлуу адам.
15Ал үчүн мен Кудайга бүгүн биринчи жолу сыйынып жатыптырмынбы? Жок, падыша, бул үчүн кулуңду жана атамдын тукумун күнөөлөбө, анткени кулуң бул иштин эч нерсесин билбейт».
16Падыша ага: «Сен өлүшүң керек, Акимелек, сен да, атаңдын бүт тукуму да өлүшү керек», – деди.
17Анан падыша өзүнүн жанында турган сакчыларга: «Баргыла, Теңирдин ыйык кызмат кылуучуларын өлтүргүлө, анткени алар Дөөт менен бир, алар анын качып кеткенин билип туруп, мага айтышкан эмес», – деди. Бирок падышанын кулдары Теңирдин ыйык кызмат кылуучуларын өлтүрүүнү каалашкан жок.
18Ошондо падыша Дойекке: «Сен бар да, ыйык кызмат кылуучуларды өлтүр», – деди. Эдомдук Дойек барды да, ыйык кызмат кылуучуларды кырып салды. Ошол күнү зыгыр буласынан токулган эфод кийген сексен беш эркекти өлтүрдү.
19Ал ыйык кызмат кылуучулардын шаары Нопту кылыч менен кыйратты, эркектер менен аялдарды, өспүрүмдөр менен эмчектеги балдарды, өгүздөрдү, эшектерди, койлорду кылыч менен өлтүрдү.
20Жалгыз гана Акитуптун уулу Акимелектин уулу Абыйатар аман калып, Дөөткө качып барды.
21Абыйатар Дөөткө Шабулдун Теңирдин ыйык кызмат кылуучуларын өлтүргөнүн айтып берди.
22Дөөт Абыйатарга мындай деди: «Ошол күнү мен эдомдук Дойекти ошол жерден көргөм. Анын сөзсүз Шабулга жеткирип барарын билгем. Сенин атаңдын тукумунун ар бир кишиси үчүн мен айыптуумун.
23Менин жанымда кал, коркпо, анткени мени өлтүрмөкчү болгон адам сени да өлтүрөт. Сен менин жанымда коопсуз болосуң».