1Дөөткө: «Пелиштиликтер Кеилага кол салып, кырмандарды талап жатышат», – деп билдиришти.
2Ошондо Дөөт Теңирге кайрылып: «Барайынбы, бул пелиштиликтерди талкалай аламбы?» – деп сурады. Теңир Дөөткө: «Бар, сен пелиштиликтерди талкалайсың, Кеиланы куткарасың», – деп жооп берди.
3Бирок Дөөттүн жанындагылар ага: «Жүйүт аймагында эле коркуп турабыз, анан кантип Кеилага, пелиштиликтердин аскерине каршы барабыз?» – дешти.
4Ошондо Дөөт Теңирден кайра сурады. Теңир ага: «Тур, Кеилага бар, анткени Мен пелиштиликтерди сенин колуңа салып берем», – деп жооп берди.
5Дөөт өз кишилери менен Кеилага жөнөдү. Пелиштиликтер менен согушуп, алардын малын айдап кетти, аларга чоң бүлгүн салды. Ошентип, Дөөт Кеиланын тургундарын куткарды.
6Акимелектин уулу Абыйатар Дөөткө келип, аны менен Кеилага барганда, эфодду да ала барган.
7Дөөттүн Кеилага келгенин Шабулга билдиришти. Ошондо Шабул: «Аны Кудай менин колума салып берди, анткени ал дарбазалуу, кулпулуу шаарга кирип, өзүн өзү бекитти», – деди.
8Кеилага барып, Дөөттү жана анын кишилерин курчоо үчүн, Шабул бүткүл элди согушка чакырды.
9Дөөт Шабулдун жамандык ойлогонун билгенде, ыйык кызмат кылуучу Абыйатарга: «Эфодду алып кел», – деди.
10Анан Дөөт Теңирге мындай деп кайрылды: «Теңир, Ысрайылдын Кудайы! Шабул Кеилага келип, мен үчүн шаарды талкаларын кулуң укту.
11Кеиланын тургундары мени анын колуна салып береби? Сенин кулуң уккандай, Шабул бул жакка келеби? Ысрайылдын Кудай-Теңири! Өз кулуңа ачып бер». Теңир: «Келет», – деп жооп берди.
12Дөөт: «Кеиланын тургундары мени жана менин кишилеримди Шабулдун колуна салып беришеби?» – деп сурады. Теңир: «Салып беришет», – деп жооп берди.
13Ошондо Дөөт өзүнүн алты жүзгө жакын кишиси менен Кеиладан чыгып, бир жерден бир жерге көчүп жүрдү. Дөөт Кеиладан качып кетти деп, Шабулга билдиришкенде, ал жүрүшүн токтотту.
14Дөөт болсо адам жүрбөгөн ээн талаада, андан соң Зуп ээн талаасындагы тоодо жүрдү. Шабул аны күн сайын издеди, бирок Кудай Дөөттү анын колуна салып берген жок.
15Шабулдун өлтүргөнү чыкканын Дөөт билди. Дөөт болсо Зуп ээн талаасындагы токойдо болчу.
16Шабулдун уулу Жонатан Дөөткө, токойго келип, анын Кудайга болгон ишенимин бекемдеди.
17Жонатан ага: «Коркпо, атам Шабул сага эч нерсе кыла албайт, сен Ысрайылга падыша болосуң, а мен сенден кийинки экинчи адам болом, муну атам Шабул билет», – деди.
18Алар Теңир алдында келишим түзүштү. Дөөт токойдо калды, Жонатан болсо үйүнө кетти.
19Зуптуктар Гибага, Шабулга келип, мындай дешти: «Дөөт биздин жерде, Жешимондун оң жагындагы Хахил дөңсөөсүндө, токойдун киши бара алгыс жеринде жашырынып жүрөт.
20Эми падышам, кааласаң, ошол жакка бар. Ал эми аны падышанын колуна салып берүү – биздин иш».
21Шабул аларга: «Мага боор ооруганыңар үчүн, силерге Теңир батасын берсин.
22Баргыла да, кайрадан карап көргүлө, анын кайсы жерде экенин чалгындап билгиле, аны ал жерден ким көргөнүн сураштыргыла, анткени мага анын аябай амалдуу экенин айтып жатышат.
23Карап чыккыла, ал жашынган бардык жерлерди чалгындап билип, мага ишенимдүү кабар менен кайтып келгиле, ошондо мен силер менен барам. Эгер ал ушул жерде болсо, мен аны миңдеген жүйүттөрдүн арасынан болсо да издеп табам», – деди.
24Алар туруп, Шабулдан мурун Зупка кетишти. Дөөт болсо өз кишилери менен Жешимондун оң тарабындагы түздүктө, Маон чөлүндө эле.
25Шабул өз кишилери менен аны издеп чыкты. Бирок бул жөнүндө Дөөткө билдиришкенде, ал Маон чөлүндөгү аскага жашынды. Шабул муну укканда, Дөөттүн артынан Маон чөлүнө жөнөдү.
26Шабул тоонун бир жак бети менен келе жатты, Дөөт болсо өз кишилери менен тоонун берки бетинде келе жатты. Дөөт Шабулдан качууга шашылып жатты, Шабул болсо өз кишилери менен Дөөттү жана анын кишилерин курчап алып колго түшүрүү үчүн келе жатты.
27Ошол учурда Шабулга кабарчы келип: «Шашылыш кайт, анткени биздин жерге пелиштиликтер кол салышты», – деди.
28Шабул Дөөттү кууганын токтотуп, артка кайтты. Ал пелиштиликтерди көздөй бет алды. Ошондон тартып бул жер Села-Амахлекот деп аталып калды.