1 Шемуел 24:1-23 KYB2004 - Bible AI

1Дөөт ал жерден чыгып, Эйин-Гединин коопсуз жерлеринде жашады.

2Шабул пелиштиликтерди кууп, кайра кайтып келгенден кийин, ага: «Дөөт Эйин-Геди чөлүндө», – деп билдиришти.

3Шабул бүткүл Ысрайылдан тандалган үч миң киши алып, жейрен мекендеген тоолордон Дөөттү жана анын кишилерин издөөгө чыкты.

4Ал жолдогу кой камачу кашаага келди. Ал жерде үңкүр бар болчу, Шабул ага заара ушатканы кирди. Дөөт болсо кишилери менен үңкүрдүн түп жагында отурган эле.

5Дөөткө өз кишилери мындай деп айтышты: «Теңирдин сага “Мен сенин душманыңды өз колуңа салып берем, аны каалаганыңдай кыласың” деген сөзү аткарылар күн келди». Дөөт туруп барып, Шабулдун сырт кийиминин этегинен акырын кесип алды.

6Бирок Шабулдун кийиминин этегинен кесип алгандан кийин, Дөөттүн жүрөгү ооруду.

7Анан ал өз кишилерине: «Теңир мага өз мырзама, Теңирдин майланганына, кол салууга жол бербесин, анткени ал – Теңирдин майланган адамы», – деди.

8Ошентип, Дөөт ушул сөздөрү менен өз кишилерин токтотуп калды, алардын Шабулга каршы көтөрүлүүсүнө жол берген жок. Шабул болсо ордунан турду да, үңкүрдөн чыгып, жолго түштү.

9Андан соң Дөөт да туруп, үңкүрдөн чыкты да, Шабулдун аркасынан: «Мырзам, падыша!» – деп кыйкырды. Шабул артын караганда, Дөөт жүзтөмөндөп, ага таазим кылды.

10Дөөт Шабулга мындай деди: «“Дөөт сага жамандык кылууну ойлоп жатат”, – деген кишилердин сөзүн эмнеге угасың?

11Бүгүн Теңир сени үңкүрдүн ичинде менин колума салып бергенин өз көзүң менен көрдүң. Мага сени өлтүр деп айтышты, бирок мен сени аядым: “Мен өз мырзама кол көтөрбөйм, анткени ал – Теңирдин майланган адамы”, – деп айттым.

12Ата! Менин колумдагыны кара, кийимиңдин этегинен кесип алдым, бирок сени өлтүргөн жокмун. Менин оюмда жамандык кылуу да, кылмыш кылуу да жок экенин, сага каршы күнөө кылбаганымды ушундан билип ишен, сен болсо мени өлтүрүү үчүн издеп жүрөсүң.

13Теңир ортобузда калыс болсун, мен үчүн сенден Теңир өч алсын, сени өлтүрүүгө колум барбайт.

14Байыркы накыл сөздө: “Мыйзамсыздардан мыйзамсыздык чыгат”, – деп айтылат. Сени өлтүрүүгө колум барбайт.

15Ысрайылдын падышасы кимге каршы чыкты? Сен кимдин артынан кууп жүрөсүң? Өлгөн иттин, бир бүргөнүн артынан.

16Теңир Өзү сот болсун, экөөбүздүн ортобузда калыс болсун. Ал менин ишимди карап, талдап, мени сенин колуңдан куткарат».

17Дөөт ушул сөздөрдү Шабулга айтып бүткөндө, Шабул: «Бул сенин үнүңбү, уулум Дөөт?» – деди. Анан Шабул катуу ыйлады.

18Ал Дөөткө мындай деди: «Мага караганда адилеттүү экенсиң, анткени сен мага жакшылык менен жооп бердиң, мен болсо сага жамандык менен жооп бердим.

19Сен муну бүгүн мага жакшылык кылууң менен далилдедиң. Теңир мени сенин колуңа салып бергенде, сен мени өлтүргөн жоксуң.

20Душманын колго түшүргөн адам аны аман-соо коё бермек беле! Бүгүн мага кылган ишиң үчүн Теңир сага жакшылык менен кайтарсын.

21Эми мен билем, сен сөзсүз падышачылык кыласың, сенин колуңда Ысрайылдын падышачылыгы бекем болот.

22Азыр болсо мага Теңирдин алдында: “Сенин көзүң өткөндөн кийин, тукумуңду унутпайм, атаңдын тукумунун арасынан ысымыңды өчүрбөйм”, – деп ант бер».

23Дөөт Шабулга ант берди. Шабул үйүнө кайтты, Дөөт болсо кишилери менен өзү жашынган жерин көздөй жогору чыгып кетти.

>