1 Шемуел 25:1-44 KYB2004 - Bible AI

1Шемуел көз жумду. Бардык ысрайылдыктар чогулуп, аза күтүп ыйлашты. Аны өз жери Рамага коюшту. Дөөт турду да, Паран чөлүнө жөнөдү.

2Маондо бир киши жашачу, анын Кармелде кой короосу бар болчу. Ал абдан бай адам эле, анын үч миң кою, миң эчкиси бар болчу. Ал Кармелде койлорун кыркып жаткан.

3Ал кишинин аты Hабал, ал эми аялынын аты Абигейил эле. Ал аял өтө акылдуу, ажарлуу, ал эми күйөөсү катаал, каардуу киши болчу, ал Калеп тукумунан эле.

4Дөөт чөлдөн Hабалдын кой кыркып жатканын укту.

5Ошондо Дөөт он уланды мындай деп жөнөттү: «Кармелге чыккыла да, Hабалга барып, менин атымдан ага салам айткыла.

6Ага мындай дегиле: “Сага, сенин үй-бүлөңө, сеникиндегинин баарына тынчтык болсун.

7Бүгүн мен сени кой кыркып жатат деп уктум. Малчыларың биз менен чогуу болушту, биз аларды таарынткан жокпуз, Кармелде турушканда, алардын эч нерсеси жоголгон жок.

8Кулдарыңан сура, алар сага айтып беришет. Сенин алдыңда менин уландарым ырайым тапсын, анткени биз куттуу күнү келдик. Уулуң Дөөткө жана мына бул кулдарыңа көңүлүңдөн чыкканды бер”».

9Дөөттүн кишилери Hабалга келип, Дөөттүн атынан ушул сөздөрдү айтып, унчукпай туруп калышты.

10Дөөттүн кулдарына Hабал мындай деп жооп берди: «Дөөт ким экен? Жышайдын уулу ким экен? Азыр өз мырзасынан качкан кулдар көбөйдү.

11Кой кыркуучуларга даярдаган нанды, сууну, этти алып, кайдан келгени белгисиз кишилерге эле бере бермек белем?»

12Дөөттүн кишилери барган жолу менен кайтып келишип, ушул сөздөрдүн баарын айтып беришти.

13Ошондо Дөөт өз кишилерине: «Ар бириңер кылычыңарды белиңерге байлангыла», – деди. Баары белине кылыч байлашты, Дөөт өзү да кылычын белине байлады. Дөөттүн артынан төрт жүздөй киши жөнөдү, эки жүзү болсо арабаларынын жанында калды.

14Hабалдын аялы Абигейилге кулдарынын бири мындай деп билдирди: «Дөөт биздин мырзабызга ээн талаадан элчилерин жөнөтүп, салам айттырды, бирок мырзабыз аларга орой мамиле кылды.

15Ал кишилер бизге жакшы мамиле кылышчу, бизди таарынтышчу эмес, биз талаада алардын жанында жүргөнүбүздө, биздин эч нерсебиз жоголгон эмес.

16Алардын жанында мал багып жүргөнүбүздө, күндүз да, түнкүсүн да, бардык убакта алар бизге чеп болчу.

17Эми сен ойлонуп көрүп, эмне кылуу керек экендигин чеч. Мырзабызга, анын бүт үй-бүлөсүнө коркунуч туулары айдан ачык. Ал болсо – каардуу киши, аны менен сүйлөшүү мүмкүн эмес».

18Ошондо Абигейил шашылыш түрдө эки жүз нан, эки чанач шарап, союлуп бышырылган беш кой, беш ченем кургатылган дан, жүз таңгак мейиз, эки жүз таңгак анжыр алды да, эшектерге жүктөттү.

19Анан кулдарына: «Силер менин алдыма түшкүлө. Мен артыңардан барам», – деди. Бирок күйөөсү Hабалга эч нерсе айткан жок.

20Аял тоонун боору менен эшек минип түшүп келе жатканда, алдынан Дөөт жана анын кишилери чыкты. Аял аларга кезикти.

21Дөөт мындай деген эле: «Мен бул кишинин мал-мүлкүн чөлдө бекер эле кайтарган экенмин, анын эч нерсеси жоголгон жок, бирок ал жакшылыкка жамандык кылды.

22Эгер таңга чейин Hабалдын бир эркегин тирүү калтырсам, Кудай Дөөттүн душмандарына эмне кылам десе, ошону кылсын, андан да жаман кылсын».

23Абигейил Дөөттү көргөндө, эшектен шашып түштү да, Дөөттүн алдына жүзтөмөндөп жыгылып таазим этти.

24Анан бутуна жыгылып, мындай деди: «Күнөө менде болсун, мырзам. Күңүңдүн сүйлөөсүнө уруксат эт, сөзүнө кулак сал.

25Мырзам бул каардуу кишиге, Hабалга, көңүл бурбасын, анткени анын ысымы кандай болсо, өзү да ошондой. Анын аты – Hабал («акылсыз»), атына жараша өзү да акылсыз. Мен, сенин күңүң, сен жиберген кулдарды көргөн эмесмин.

26Ушул күндө, мырзам, Теңир тирүү, сенин жаның тирүү. Теңир сенин кан төгүүңө, өз колуң менен өч алууңа жол бербейт. Душмандарың жана мырзама жамандык ойлогондордун бардыгы Набалга окшоп калсын.

27Мына бул тартууну мырзама кызмат кылган жаш уландарга берүү үчүн, күңүң мырзама алып келди.

28Күңүңдүн күнөөсүн кечир. Теңир менин мырзамдын тукумун сөзсүз бекемдейт, анткени менин мырзам Теңирдин согуштарын жүргүзөт, өмүрүң өткөнчө сенден жамандык табылбасын.

29Эгер кимдир бирөө сенин артыңдан түшүп, сени өлтүргүсү келсе, анда мырзамдын жаны Кудай-Теңиринин колунда, ал эми душмандарыңдын жанын Ал салмоордогу таш сыяктуу ыргытат.

30Теңир мырзама айткан жакшылыкты кылганда, сени Ысрайылга жол башчы койгондо,

31курулай кан төкпөгөндүгүң үчүн, өзүңдү өч алуудан сактаганың үчүн, мырзамдын абийири айыптабайт, тынчсызданбайт. Теңир мырзама жакшылык кылат, ошондо күңүңдү эстейсиң».

32Дөөт Абигейилге мындай деди: «Ушул күнү сени мага кезигүүгө жиберген Ысрайылдын Кудай-Теңирине даңк!

33Азыр менин кан төгүүмө жана өзүм үчүн өч алуума жол бербегениң үчүн, Кудай акылыңа береке берсин, сага батасын берсин.

34Мени сага жамандык жасоодон сактап калган Ысрайылдын Кудай-Теңири тирүү, сен шашылыш келип мага жолукпаганыңда, таңга чейин Hабалдын бир да эркегин тирүү калтырмак эмесмин».

35Дөөт анын алып келгенин колунан алып: «Yйүңө тынчтык менен кете бер. Мен сени сыйлап, айтканыңды уктум», – деди.

36Абигейил Hабалга келсе, анын үйүндө падышаныкындай той болуп жатыптыр, Hабалдын көңүлү шат экен, ал абдан мас эле. Аялы ага таңга чейин эч нерсе айткан жок.

37Эртең менен Hабалдын масы тараганда, аялы ага болгон окуяны айтып берди. Ошондо анын жүрөк оорусу кармап, таштай катып калды.

38Он күндөн кийин Теңир Hабалды өлтүрдү. Ал өлдү.

39Дөөт Hабалдын өлгөнүн угуп, мындай деди: «Теңирге даңк, мени шылдың кылганы үчүн, Ал Hабалдын жазасын берди, Өз кулун жамандыктан сактады. Теңир Hабалдын жамандыгын өз башына салды». Дөөт Абигейилди аялдыкка аларын айттырганы киши жиберди.

40Дөөттүн кулдары Кармелге келип, Абигейилге: «Дөөт сени өзүнө аялдыкка алуу үчүн, бизди сага жиберди», – деп айтышты.

41Ал ордунан турду да, жерге чейин ийилип таазим кылып: «Мырзамдын кулдарынын бутун жууп, кызматчы болууга күңүң даяр», – деди.

42Анан Абигейил шашылыш түрдө даярданып, эшекке минди. Беш кызматчы кыз аны узатып барды. Ал Дөөттүн элчилеринин артынан кетти. Ал Дөөттүн аялы болду.

43Дөөт изрейелдик Акинаамды да алды, экөө анын аялы болушту.

44Шабул болсо кызы Михалды, Дөөттүн аялын, галимдик Лаиштин уулу Палтиелге берди.

>