1Зуптуктар Гибага, Шабулга келип: «Дөөт биздин жерде, Жешимондун оң жагындагы Хахил дөңсөөсүндө жашынып жатат», – деп айтышты.
2Ошондо Шабул ордунан туруп, Зуп чөлүн көздөй ылдый түштү, аны менен Ысрайылдын тандалган үч миң кишиси Зуп чөлүнөн Дөөттү издегени чыкты.
3Шабул Жешимондун оң жагындагы, жол боюндагы Хахил дөңсөөсүнө жайланышты. Дөөт чөлдө болчу, ал өзүнүн артынан Шабулдун чөлгө келгенин көрдү.
4Дөөт тыңчыларды жиберип, Шабулдун келгени чын экенин билди.
5Ошондо Дөөт ордунан турду да, Шабулдун кошууну турган жерге келди. Анан Дөөт Шабулдун жана анын аскер башчысы Hейир уулу Абенердин жайгашкан жерин көрдү. Шабул чатырда уктап жатыптыр, эл анын тегерегине жайланышыптыр.
6Дөөт хеттик Акимелекке жана Серуянын уулу, Жойаптын бир тууганы Абышайга мындай деп кайрылды: «Шабулга, кошуунга мени менен ким барат?» Абышай: «Сени менен мен барам», – деп жооп берди.
7Дөөт Абышай менен түн ичинде Шабулдун кишилерине келди. Шабул чатырында уктап жатыптыр, баш жагында найзасы жерге сайылып туруптур. Абенер жана эл анын тегерегинде экен.
8Ошондо Абышай Дөөткө: «Кудай бүгүн душманыңды колуңа салып берди. Эми мага уруксат бер, аны найза менен жерге кадайын, мен бир эле саям, кайталабайм», – деди.
9Бирок Дөөт Абышайга: «Аны өлтүрбө, анткени Теңирдин майланганына кол көтөргөн адам жазаланбай калмак беле!» – деди.
10Дөөт мындай деди: «Теңир тирүү! Аны Теңир Өзү өлтүрсүн, же анын өлөр күнү келет, же согушта ажал табат! Теңир Өзүнүн майланганына кол көтөрүүмө жол бербесин.
11Анын баш жагындагы найзасы менен суу куюлган идишин ал, өзүбүз жакка кетели».
12Дөөт Шабулдун баш жагындагы найзасы менен суу куюлган идишин алды. Анан алар өздөрү жакка кетишти. Эч ким көргөн да, билген да жок, эч ким ойгонгон да жок, баары уктап жаткан, анткени аларды Теңир уктатып салган эле.
13Дөөт тоонун башка бетине өтүп, алыста, чокуда турду. Алардын ортосундагы аралык алыс эле.
14Анан Дөөт элди жана Hейир уулу Абенерди чакырып: «Абенер, жооп бер», – деди. Абенер: «Сен кимсиң, эмнеге падышанын тынчын алып, кыйкырып жатасың?» – деди.
15Дөөт Абенерге мындай деди: «Сен эр жигитсиң, сага Ысрайылда ким тең келет? Эмне үчүн өз мырзаңды, падышаны, жакшы коргобойсуң? Анткени падышаны, мырзаңды, өлтүрүү үчүн, эл ичинен бирөө келип кетти.
16Сенин мындай кылып жатканың жакшы эмес. Теңир тирүү! Мырзаңарды, Теңирдин майланганын, коргобогонуңар үчүн, силер өлүмгө татыктуусуңар. Карачы, падышанын баш жагында турган найза жана суу куюлган идиш кана?»
17Шабул Дөөттүн үнүн таанып: «Дөөт, уулум, бул сенин үнүңбү?» – деди. «Менин үнүм, мырзам падыша», – деп жооп берди Дөөт.
18Дөөт дагы мындай деди: «Мырзам өз кулунун артынан эмнеге аңдып жүрөт? Мен эмне кылдым? Кандай кыянаттык кылдым?
19Эми менин мырзам, падыша, өз кулунун сөзүн угуп турсун: Эгер Теңир сени мага каршы чыгарып жатса, анда бул кылып жатканың сенин Теңирге арнаган жыпар жыттуу курмандыгың болсун. Эгерде сени мага адам баласы каршы тукурса, анда аларга Теңирдин каргышы тийсин, анткени алар: “Бар, жат кудайларга кызмат кыл”, – деп, мени Теңирдин мурасчысы кылбай, кууп жиберишкен.
20Теңирдин алдында менин каным жерге төгүлбөсүн, анткени тоодон чил кубалагансып, Ысрайыл падышасынын издеп чыкканы – бир бүргө».
21Ошондо Шабул: «Мен күнөө кылдым. Дөөт уулум, кайтып кел, анткени сага мындан кийин жамандык кылбайм, себеби менин жаным бүгүн сенин көз алдыңда кымбат болду. Мен акылсыздык кылдым, катуу жаңылдым», – деди.
22Дөөт мындай деп жооп берди: «Мына, падышанын найзасы. Жигиттердин бири келип, алып кетсин.
23Теңир ар бир адамга анын адилеттүүлүгүнө жана ишенимдүүлүгүнө жараша берсин, анткени сени Теңир менин колума салып берген, бирок мен Теңирдин майланганына кол көтөрүүнү каалаган жокмун.
24Бүгүн менин көз алдымда сенин өмүрүң кандай кымбат болсо, Теңирдин көз алдында менин өмүрүм да ошондой кымбат болсун, Ал мени ар кандай жамандыктан сактасын!»
25Шабул Дөөткө: «Уулум Дөөт, Кудай сага батасын берсин! Сен улуу иштерди кыласың, бардык ишиңде ийгиликке жетесиң!» – деди. Ошентип, Дөөт өз жолу менен кетти, Шабул да өз үйүнө кайтты.