1 Шемуел 29:1-11 KYB2004 - Bible AI

1Пелиштиликтер өздөрүнүн бардык аскерин Апейикке чогултушту. Ысрайылдыктардын кошууну Изрейелдеги булактын жанына жайланышты.

2Пелишти төрөлөрү жүздөп-миңдеп келе жатышты. Дөөт жана анын кишилери болсо артта Акиш менен келе жатышты.

3Пелишти төрөлөрү: «Бул кайсы эврейлер?» – деп сурашты. Акиш Пелишти төрөлөрүнө: «Эмне, силер мунун Ысрайыл падышасы Шабулдун кулу Дөөт экенин билбейсиңерби? Ал бир жылдан ашуун убактан бери менин жанымда, ал келгенден бери мен андан эч кандай жаман нерсе көргөн жокмун», – деп жооп берди.

4Пелишти төрөлөрү Дөөткө кыжырданып, Акишке мындай деп айтышты: «Сен бул кишини артка жибер, ал сен дайындаган өз ордунда тынч отурсун. Ал биз менен согушка барбасын, согушта өзүбүзгө каршы чыкпасын. Ал өз мырзасын мына бул жигиттердин башынан башка эмне менен ыраазы кыла алат?

5“Шабул миңди жеңди, Дөөт он миңди жеңди”, – деп, ушул Дөөт жөнүндө ырдап-бийлешпеди беле!»

6Ошондо Акиш Дөөттү чакырып, ага мындай деди: «Теңир тирүү! Сенин ниетиң ак, аскерлердин арасында мени менен жүргөнүң мага жакшы болор эле, анткени сен мага келгенден бери мен сенден жаман нерсе байкаган жокмун, бирок сага төрөлөрдүн көз карашы жакшы эмес.

7Ошондуктан азыр кайра артка кайт, тынчтык менен кете бер. Пелишти төрөлөрүн кыжырдантпа».

8Бирок Дөөт Акишке мындай деди: «Мен эмне кылдым, алдыңа келген күндөн ушул күнгө чейин кулуңдан кандай айып таптың, эмне үчүн мага мырзам падышанын душмандары менен согушканы барууга болбосун?»

9Акиш Дөөткө мындай деп жооп берди: «Ишен, сен мен үчүн Кудайдын периштесиндей жагымдуусуң, бирок Пелишти мырзалары: “Ал биз менен согушка барбасын”, – дешти.

10Ошондуктан өзүң да, мырзаңдын өзүң менен кошо келген кулдары да эртең менен туруп, жарык киргенде жөнөгүлө».

11Эртең менен Пелишти жерине кайтыш үчүн, Дөөт жана анын кишилери эрте турушту. Пелиштиликтер болсо согушка, Изрейелге кетишти.

>