1 Шемуел 3:1-21 KYB2004 - Bible AI

1Өспүрүм Шемуел Эйлинин жанында Теңирге кызмат кылып жүрдү. Ал күндөрү Теңир сөзү сейрек болду, көрүнүштөр да көп болгон жок.

2Ошол күндөрү Эйли өз ордунда жатканда, мындай окуя болду. Анын көздөрү тунарып көрбөй калган эле.

3Кудайдын чырактаны өчө элек эле, Шемуел Теңирдин ийбадатканасында, Кудайдын келишим сандыгы турган жерде жаткан.

4Теңир Шемуелди чакырды. Ал: «Мына мен!» – деп жооп берди.

5Анан Эйлиге чуркап барып: «Мына мен! Сен мени чакырдың», – деди. Бирок ал: «Мен сени чакырган жокмун, кайра барып жат», – деди. Ал барып, кайра ордуна жатты.

6Бирок Теңир Шемуелди дагы чакырды. Ал ордунан туруп, Эйлиге экинчи ирет келип: «Мына мен! Сен мени чакырдың», – деди. Бирок ал: «Уулум, мен сени чакырган жокмун, кайра барып жат», – деди.

7Шемуел Теңирдин үнүн тааный элек болчу, Теңирдин сөзү ага ачыла элек эле.

8Теңир Шемуелди үчүнчү жолу чакырды. Ал ордунан туруп, Эйлиге келип, мындай деди: «Мына мен! Сен мени чакырдың». Өспүрүмдү Теңир чакырганын Эйли ошондо түшүндү.

9Ошондо Эйли Шемуелге: «Кайра барып жат, сени чакырганда: “Сүйлө, Теңирим, кулуң угуп жатат”, – дегин», – деди. Шемуел өз ордуна барып жатты.

10Анан Теңир келип, турду да, мурдагыдай: «Шемуел, Шемуел!» – деп чакырды. Шемуел: «Сүйлө, Теңирим, кулуң угуп жатат», – деп жооп берди.

11Ошондо Теңир Шемуелге мындай деди: «Мен Ысрайылда бир иш кылам, ал жөнүндө уккандын эки кулагы зыңылдап калат.

12Мен Эйлинин тукуму жөнүндө айтканымдын баарын ошол күнү аткарам. Мен баштайм жана бүтүрөм.

13Мен ага: “Уулдарыңдын мыйзамсыз иштерди кылып жатканын көрүп туруп, аларды тыйбаганың үчүн – ушул күнөөң үчүн сенин тукумуңду түбөлүккө жазалайм”, – деп айткам.

14Ошондуктан Эйлинин тукумуна ант бергем, Эйлинин тукумунун күнөөсү курмандыктар менен да, нан курмандыктары менен да түбөлүккө жуулбайт».

15Шемуел эртең мененкиге чейин жатты, анан Теңир үйүнүн эшиктерин ачты. Шемуел бул көрүнүштү Эйлиге айткандан коркту.

16Бирок Эйли Шемуелди чакырып, мындай деди: «Шемуел, уулум!» Ал: «Мына мен!» – деп жооп берди.

17Эйли ага: «Теңир сага эмне деди? Менден жашырба. Сага айтылгандан бир нерсе жашырсаң, Кудай сени жазалайт, катуу жазалайт», – деди.

18Ошондо Шемуел ага бүт баарын айтып берди, эч нерсе жашырган жок. Эйли ошондо мындай деди: «Ал – Теңир. Ал эмнени кааласа, ошону кылат».

19Шемуел өсүп жетилди, Теңир аны менен болду, ага айтылган бир да сөз аткарылбай калган жок.

20Дандан Бейер-Шебага чейинки бүт Ысрайыл эли Шемуелдин Теңирдин пайгамбары болууга татыктуу экенин билди.

21Теңир Өзүн Шилодо сөзү аркылуу Шемуелге ачкандан кийин, Шилого келип турду.