1 Шемуел 30:1-31 KYB2004 - Bible AI

1Дөөт жана анын кишилери үчүнчү күнү Сыклакка келишсе, амалыктыктар Сыклакка түштүк тарабынан кол салып, аны басып алып өрттөп кетишиптир.

2Аялдарды жана шаарда жашагандардын бардыгын, кичинесинен чоңуна чейин өлтүрбөстөн, туткундап, жолуна түшүшүптүр.

3Дөөт өз кишилери менен шаарга келсе, шаар өрттөнүп, алардын аялдары, уулдары жана кыздары туткундалып кеткен экен.

4Дөөт жана анын жанындагы эл боздоп ыйлады, алар ыйлаганга алы келбей калганча ыйлашты.

5Дөөттүн эки аялы да – изрейелдик Акинаам жана мурда кармелдик Hабалдын аялы болгон Абигейил туткундалып кетиптир.

6Дөөт абдан кыйналды, анткени эл аны таш бараңга алгысы келди. Анткени уулдары менен кыздарынан ажыраган эл кайгырып турган эле.

7Бирок Дөөт өзүнүн Кудай-Теңиринен күч алды. Ал Акимелектин уулу Абыйатарга: «Мага эфодду алып кел», – деди. Абыйатар Дөөткө эфодду алып келди.

8Дөөт Теңирге кайрылып: «Бул сансыз аскердин артынан түшөйүнбү? Аларды кууп жетемби?» – деп сурады. Ага: «Артынан түш, кууп жетесиң, туткундарды алып каласың», – деп айтылды.

9Ошондо Дөөт өзү да, жанындагы алты жүз жигити да жөнөдү. Алар Бесор суусуна келишкенде, чарчап-чаалыккандары ошол жерде калышты.

10Дөөт төрт жүз кишиси менен тигилердин артынан түштү. Эки жүз кишиси токтоп калды, анткени алар Бесор суусун кечип өтө алышкан жок.

11Алар талаадан мисирлик бир кишини таап алып, Дөөткө алып келишти да, ага нан беришти, ал жеди, ага суу беришти.

12Анжыр жемишинин таңгагынан бир бөлүк, эки таңгак мейиз беришти. Ал аны жеп, күчүнө кирди, анткени ал үч күн, үч түн нан да жебептир, суу да ичпептир.

13Дөөт андан: «Сен кимдин кулусуң? Кайдан болосуң?» – деп сурады. Ал ага: «Мен мисирликмин, амалыктык бир кишинин кулумун, кожоюнум мени таштап кетти, анткени үч күндөн бери ооруп жатам.

14Биз Керейтинин, Жүйүттүн жана Калептин түштүк жагынан басып кирдик, Сыклакты болсо өрттөп жибердик», – деп жооп берди.

15Дөөт андан: «Ошол сансыз аскерге мени алып барасыңбы?» – деп сурады. Ал ага: «“Сени өлтүрбөйм, кожоюнуңдун колуна салып бербейм”, – деп, Кудай менен ант бер, ошондо мен сени ошол сансыз аскерге алып барам», – деп жооп берди.

16Ошентип, ал Дөөттү алып барды. Амалыктыктар бүт өлкөгө чачырап, Пелишти менен Жүйүт жеринен алган чоң олжого тунуп, ичип-жеп тойлоп жатышкан экен.

17Дөөт аларды иңирден баштап эртеси күндүн кечине чейин талкалады, төө минип качып кеткен төрт жүз уландан башка эч ким кутулган жок.

18Дөөт амалыктыктар алгандын баарын тартып алды. Өзүнүн эки аялын да алып калды.

19Амалыктыктар алып кеткендин эч нерсеси: кичинеси да, чоңу да, уулдары да, кыздары да, олжосу да жоголгон жок, Дөөт бардыгын кайра кайтарып алды.

20Дөөт алардын бардык майда жана бодо малын алды. Аларды өздөрүнүн малынын алдына салып айдап алып: «Бул – Дөөттүн олжосу», – дешти.

21Анан Дөөт өзүнүн артынан жүрө албай калган эки жүз кишиге келди. Аларды Дөөт Бесор суусунун боюна калтырган эле. Алар Дөөттү жана анын жанындагы кишилерди тосуп чыгышты. Дөөт ал кишилерге келип, алардын ал-жайын сурады.

22Ошондо Дөөт менен баргандардын арасындагы жаман, начар кишилер мындай дешти: «Булар биз менен барбагандыгы үчүн, аларга өзүбүз тартып алган олжодон бербейбиз. Ар ким өз аялын, балдарын гана алсын да, кете берсин».

23Бирок Дөөт аларга мындай деди: «Бир туугандарым, Теңир бергенден кийин, мындай кылбагыла. Ал бизди сактап, бизге каршы келген сансыз аскерди колубузга салып бербедиби.

24Силердин бул сунушуңарды ким укмак эле? Согушка баргандардын үлүшү кандай болсо, арабалардын жанында калгандардын үлүшү да ошондой болушу керек, баарына тең бөлүнүшү керек», – деди.

25Ошол күндөн баштап, Дөөт муну Ысрайыл элиндеги мыйзам жана милдет катары бекитти, ал ушул күнгө чейин сакталып келе жатат.

26Анан Дөөт Сыклакка келип, Жүйүттүн аксакалдарына, досторуна: «Бул силерге Теңирдин душмандарынан тартылып алынган олжодон белек», – деп, олжодон жөнөттү.

27Ал бейтелдегилерге, түштүк рамоттогуларга, жатирдегилерге,

28аройердегилерге, сипмоттогуларга, эштемоадагыларга,

29рахалдагыларга, Жерахмейел жана Кейни шаарларындагыларга,

30хормадагыларга, хор-ашандагыларга, атахтагыларга,

31хеброндогуларга жана Дөөт өз кишилери менен жүргөн бардык жерлерге жөнөттү.

>