1Пелиштиликтер болсо ысрайылдыктар менен согушуп жатышты. Ысрайыл эркектери пелиштиликтерден качып, Гилбоя тоосунда кырылышты.
2Пелиштиликтер Шабулду жана анын уулдарын кууп жетип, Шабулдун уулдары Жонатанды, Аминадапты жана Малкишуаны өлтүрүштү.
3Шабулга каршы согуш катаал болду, аны жаа аткычтар атышты, ал аткычтардан катуу жарадар болду.
4Ошондо Шабул өзүнүн курал көтөргөн жигитине: «Кылычыңды кынынан сууруп, мени сайып сал, болбосо мына бул сүннөткө отургузулбагандар келип, мени өлтүрүп, маскара кылышат», – деди. Бирок курал көтөргөн жигит макул болгон жок, анткени абдан коркуп турган эле. Ошондо Шабул өз кылычын алып, ага сайынып жыгылды.
5Курал көтөргөн жигити Шабулдун өлгөнүн көргөндө, өз кылычына жыгылып, аны менен кошо өлдү.
6Ошентип, ошол күнү Шабул, анын үч уулу жана курал көтөргөн жигити, ошондой эле бардык кишилери аны менен кошо өлүштү.
7Өрөөн тарапта жана Иордан суусунун наркы өйүзүндө жашаган ысрайылдыктар Ысрайыл элинин качканын, Шабулдун жана анын уулдарынын өлгөнүн көрүшкөндө, өз шаарларын таштап качышты. Пелиштиликтер келип, алардын шаарларына отурукташып алышты.
8Эртеси күнү пелиштиликтер Гилбоя тоосуна өлгөндөрдү тоногону келишкенде, Гилбоя тоосунан Шабулдун жана анын үч уулунун өлүгүн табышты.
9Алар Шабулдун башын кесип, куралын чечип алып, буркандарынын бутканаларына жана өздөрүнүн элине бул окуяны кабарлаш үчүн, Пелиштинин бүт жерине жөнөтүштү.
10Анын куралын Ашейранын бутканасына коюшту, денесин Бейт-Шандын дубалына асып коюшту.
11Пелиштиликтердин Шабулду эмне кылышканын Гилаттагы Жабештин тургундары угушту.
12Ошондо бардык эр жүрөктөр туруп, түнү бою жол жүрүп келип, Шабулдун жана анын уулдарынын денелерин Бейт-Шандын дубалынан алып, Жабешке алып келип, ошол жерде өрттөп салышты.
13Алардын сөөгүн алып, Жабештеги эмен дарагынын түбүнө көмүштү да, жети күн орозо кармашты.