1 Шемуел 4:1-22 KYB2004 - Bible AI

1Шемуел бүт Ысрайылга сөз сүйлөдү. Ысрайылдыктар пелиштиликтерге каршы согушка чыгышып, кошуундары менен Эбен-Айзерге жайгашышты, пелиштиликтер болсо Апейикке жайланышышты.

2Пелиштиликтер Ысрайылга каршы катарга тизилишти, катуу салгылаш болду. Пелиштиликтер ысрайылдыктарды кыйратышты, согуш талаасында алардын төрт миңге жакын адамын өлтүрүштү.

3Анан эл кошуунга келди. Ысрайыл аксакалдары: «Бүгүн Теңир бизди пелиштиликтердин алдында эмне үчүн талкалады? Шилодон Теңирдин келишим сандыгын алалы, ал биздин арабызда болсун, ошондо ал бизди душмандарыбыздын колунан сактайт», – дешти.

4Ошентип, эл Шилого кишилерди жиберди. Алар ал жерден керуптардын үстүндө отурган Себайот Теңирдин келишим сандыгын алып келишти. Ал эми Кудайдын келишим сандыгынын жанында Эйлинин эки уулу Копни менен Пинехас да бар эле.

5Теңирдин келишим сандыгы кошуунга келгенде, бүт Ысрайыл катуу кыйкырып жиберди, жер дүңгүрөп кетти.

6Пелиштиликтер катуу кыйкырыкты укканда: «Эврейлердин кошуунунан эмне үчүн мындай катуу кыйкырык чыгып жатат?» – дешти. Анан алар кошуунга Теңирдин келишим сандыгы келгенин билишти.

7Ошондо пелиштиликтер коркуп: «Алардын кошуунуна Кудай келди», – дешти. Дагы мындай дешти: «Бизге кайгы! Анткени мындай нерсе мурун болгон эмес.

8Кайгы бизге! Бул кудуреттүү Кудайдын колунан бизди ким куткара алат? Чөлдө мисирликтерди ар кандай жазалар менен кырган Кудай ушул.

9Пелиштиликтер, эврейлер силерге кул болгондой, силер да аларга кул болбошуңар үчүн, белиңерди бек бууп, кайраттуу болгула. Кайраттуу болгула, алар менен салгылашкыла!»

10Пелиштиликтер салгылашышты, ысрайылдыктар жеңилип, ар кимиси өз чатырына качты. Зор кыйроо болду. Ысрайылдын отуз миң жөө адамы кырылды.

11Кудайдын келишим сандыгын тартып алышты. Эйлинин эки уулу Копни менен Пинехас өлдү.

12Бенжеминдик бир киши согуш майданынан качып, ошол эле күнү Шилого келди. Анын сырткы кийими айрылган, башы топурак эле.

13Ал келгенде, Эйли дарбазанын жанында, жол боюндагы отургучта отурган, анткени Кудайдын келишим сандыгы үчүн ал кабатыр болуп жаткан. Ал киши келип, шаарга жарыя кылганда, бүт шаар боздоп жиберди.

14Эйли боздогон үндү угуп: «Бул эмне деген ызы-чуу?» – деди. Ошол маалда тиги киши келип, Эйлиге жарыя кылды.

15Ошол учурда Эйли токсон сегиз жашта эле. Анын көздөрү тунарып көрбөй калган.

16Тиги киши Эйлиге мындай деп айтты: «Мен согуш талаасынан келдим, майдандан бүгүн качып келдим». Эйли андан: «Эмне болду, уулум?» – деп сурады.

17Кабарчы мындай деп жооп берди: «Ысрайыл пелиштиликтерден качты, эл зор кыйроого учурады, эки уулуң тең – Копни да, Пинехас да өлдү, Кудайдын келишим сандыгын тартып алышты».

18Ал Кудайдын келишим сандыгы жөнүндө айтканда, Эйли дарбазанын алдындагы отургучта отурган жеринен чалкасынан кетип, кыр аркасы сынып өлдү, анткени ал карып калган эле, салмактуу да болчу. Ал кырк жыл Ысрайылдын башкаруучусу болду.

19Келини, Пинехастын аялы, кош бойлуу болчу, төрөтү жакындап калган эле. Ал Кудайдын келишим сандыгын тартып алышканын, кайын атасы менен күйөөсүнүн өлгөнүн укканда, тизелеп жыгылып, төрөп салды, анткени күтүлбөгөн жерден толгоосу келип калган эле.

20Ал өлүп бара жатканда, жанында турган аялдар ага мындай дешти: «Коркпо, уул төрөдүң». Бирок ал жооп берген жок, буга көңүл да бөлгөн жок.

21Теңирдин келишим сандыгы тартылып алынгандыктан, кайын атасы менен күйөөсү өлгөндүктөн, «Ысрайылдан атак-даңк кетти», – деп, ал балага Ихабот деген ат койду.

22Аял мындай деп айтты: «Ысрайылдан атак-даңк кетти, анткени Кудайдын келишим сандыгы тартылып алынды».