1 Шемуел 5:1-12 KYB2004 - Bible AI

1Пелиштиликтер болсо Теңирдин келишим сандыгын тартып алышты да, Эбен-Айзерден Азотко алып келишти.

2Пелиштиликтер Теңирдин келишим сандыгын алып, Дагондун бутканасына киргизип, Дагондун жанына коюшту.

3Азоттуктар эртеси эртең менен турушса, Теңирдин келишим сандыгынын алдында Дагон бети менен жатыптыр. Алар Дагонду алып, өз ордуна коюшту.

4Алар кийинки күнү таң заардан турушса, Теңирдин келишим сандыгынын алдында Дагон дагы бети менен жатыптыр. Дагондун башы менен эки колу кесилип, босогодо жатыптыр, тулку бою гана калыптыр.

5Ошондон тартып Дагондун буткана кызматчылары менен Азоттогу Дагондун бутканасына келген элдин баары ушул күнгө чейин анын босогосун атташпайт.

6Азоттуктардын үстүндөгү Теңирдин колу оорлоду, Теңир аларды кыйратты. Азотту жана анын айланасын ириңдүү шишик оорусу менен жазалады.

7Азоттуктар муну көрүп, мындай дешти: «Ысрайылдын Кудайынын келишим сандыгы бизде калбасын, анткени Анын колу биздин жана биздин кудайыбыз Дагондун үстүндө оор болду».

8Анан алар пелиштиликтердин бардык төрөлөрүнө киши жиберип, баарын чогултуп, мындай дешти: «Ысрайыл Кудайынын келишим сандыгын эмне кылалы?» Тигилер: «Ысрайыл Кудайынын келишим сандыгын Гатка алып баргыла», – дешти. Ошентип, алар Ысрайыл Кудайынын келишим сандыгын Гат шаарына жөнөтүштү.

9Аны Гатка алып келишкенден кийин, Теңирдин колу ал шаардын үстүндө болду. Эл дүрбөлөңгө түштү, Теңир шаардын тургундарын кичинесинен чоңуна чейин кырды, аларда ириңдүү шишик оорусу пайда болду.

10Ошондо алар Кудайдын келишим сандыгын Ашкелонго жиберишти. Ашкелонго Теңирдин келишим сандыгы келгенде, ашкелондуктар мындай деп боздоп жиберишти: «Бизди жана элибизди өлтүрүш үчүн, Ысрайылдын Кудайынын келишим сандыгын алып келишти!»

11Анан алар Пелиштинин бардык төрөлөрүнө киши жиберип, баарын чогултуп, мындай дешти: «Ысрайыл Кудайынын келишим сандыгын кайра жөнөткүлө, ал бизди жана биздин элибизди өлтүрбөш үчүн, өз ордуна кайтсын». Анткени бардык шаарды өлүм коркунучу басты, алардын үстүндөгү Теңирдин колу өтө оорлоду.

12Өлбөй калгандар ириңдүү шишик оорусуна чалдыгышты, шаардын өкүрүгү асманга чейин көтөрүлүп жатты.