1Теңирдин келишим сандыгы Пелишти жеринде жети ай болду.
2Пелиштиликтер буткана кызматчылары менен сыйкырчыларды чакырып, мындай дешти: «Теңирдин келишим сандыгын эмне кылалы? Аны өз ордуна кантип жөнөтүү керектигин бизге айткыла».
3Тигилер: «Эгер Ысрайылдын Кудайынын келишим сандыгын кайра жөнөткүңөр келсе, аны куру жөнөтпөгүлө. Ага айып үчүн чалынуучу курмандыкты чалгыла, ошондо айыгасыңар жана Анын колу эмне себептен силердин үстүңөрдөн алынбаганын билесиңер», – дешти.
4Анан алар дагы мындай дешти: «Биз айып үчүн чалынуучу курмандыкка Ага эмне чалышыбыз керек?» Тигилер мындай дешти: «Пелиштилик төрөлөрдүн санына жараша беш алтын ириңдүү шишик жана беш алтын чычкан чалгыла, анткени силердин төрөлөрүңөр да, силер да бир жаза алдыңар.
5Ошондуктан силер жерди кыйратуучу алтын ириңдүү шишиктер менен алтын чычкандардын балбалдарын жасап, Ысрайылдын Кудайын даңктагыла. Балким, Ал силердин үстүңөрдөгү, кудайыңардын үстүндөгү, жериңердин үстүндөгү Өзүнүн колун жеңилдетер.
6Мисирликтер менен фараон жүрөктөрүн өжөрлөнтүшкөндөй, силер да эмнеге жүрөгүңөрдү өжөрлөнтүп жатасыңар? Теңир мисирликтерге Өз күчүн көргөзгөндө, алар ысрайылдыктарды коё беришкен, алар кетишкен.
7Ошондуктан бир жаңы араба жасагыла, моюнтурук салынбаган, эки саан уй алып, аларды арабага чеккиле. Музоолорун бөлүп алып, үйгө алып кеткиле.
8Теңирдин келишим сандыгын арабага салгыла. Ал эми айып үчүн чалынуучу курмандыкка алып келген алтын буюмдарыңарды үкөккө салып, анын капталына койгула да, коё бергиле, кете берсин.
9Анан карап тургула, эгер ал өз жерине, Бейт-Шемешке барса, анда ушул чоң жамандыкты биздин башыбызга Ал түшүргөн болот. Эгер андай болбосо, анда бизди кыйраткан Анын колу эмес, бул жамандык биздин башыбызга кокусунан түшкөн болот».
10Анан алар мындай кылышты: эки саан уй алып, арабага чегишти, музоолорун үйгө калтырышты.
11Теңирдин келишим сандыгын жана алтын чычкандар менен алтын ириңдүү шишиктердин балбалдары салынган үкөктү арабага салышты.
12Ошондо уйлар түз эле Бейт-Шемешти көздөй кеткен жолго түшүштү. Мөөрөгөн боюнча оңго да, солго да бурулбай, бир жол менен кетишти. Пелиштинин төрөлөрү Бейт-Шемештин чегине чейин алардын артынан ээрчип барышты.
13Ошол кезде өрөөндө буудай оруп жаткан Бейт-Шемештин тургундары Теңирдин келишим сандыгын көрүп, көргөндөрүнө сүйүнүштү.
14Араба бейт-шемештик Жошуянын талаасына келип, ошол жерге токтоп калды. Ал жерде чоң таш бар эле. Алар арабаны жарып, отун кылышты да, уйларды Теңирге арнап бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка чалышты.
15Лебилер Теңирдин келишим сандыгын жана анын жанындагы алтын буюмдар салынган үкөктү алып, жанагы чоң таштын үстүнө коюшту. Ошол күнү Бейт-Шемештин тургундары Теңирге арнап бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктарды алып келип, курмандыктарды чалышты.
16Пелиштилик беш төрө муну көрдү да, ошол күнү Экронго кайтып келди.
17Пелиштиликтердин айып үчүн чалынуучу курмандыкка алып келген алтын ириңдүү шишиктеринин бири Азот үчүн, бири Аза үчүн, бири Гат үчүн, бири Ашкелон үчүн, бири Экрон үчүн эле.
18Ал эми алтын чычкандардын саны Пелиштинин бардык шаарларынын – беш төрөнүн, бекемделген шаарлардан ачык жаткан айылдарга чейин, Теңирдин келишим сандыгы коюлган чоң ташка чейинки шаарлар менен кыштактардын санына жараша болгон. Ал таш ушул күнгө чейин бейт-шемештик Жошуянын талаасында турат.
19Кудай Бейт-Шемештин тургундарын Теңирдин келишим сандыгынын ичин караганы үчүн өлтүрдү. Ошондо элүү миң жетимиш киши өлтүрдү. Эл боздоп жиберди, анткени Теңир элге чоң кыргын салган эле.
20Ошондо Бейт-Шемештин тургундары мындай дешти: «Теңирдин – бул ыйык Кудайдын алдында ким тура алат? Ал бизден кимге барат?»
21Анан алар Кырыйат-Жарымдын тургундарына элчилерди жиберип, мындай деп айттырышты: «Пелиштиликтер Теңирдин келишим сандыгын кайра кайтарып беришти. Келип, аны өзүңөргө алып кеткиле».