1 Шемуел 8:1-22 KYB2004 - Bible AI

1Шемуел карыганда, Ысрайылга өз уулдарын башкаруучу кылды.

2Улуу баласынын ысымы Жоел, экинчи баласынын ысымы Абия болчу. Алар Бейер-Шебада башкаруучу эле.

3Бирок уулдары анын жолу менен жүрүшкөн жок, дүнүйөкордук кылып пара алып, туура эмес бийлик жүргүзүштү.

4Ошондо Ысрайылдын бардык аксакалдары чогулуп, Рамага, Шемуелге келишти.

5Алар ага: «Сен карып калдың, уулдарың сенин жолуң менен жүрүшпөйт, ошондуктан башка элдердикиндей эле, биздин үстүбүзгө падыша кой, ал бизди башкарсын», – дешти.

6Алардын «Биздин үстүбүзгө падыша кой» деген сөзү Шемуелге жаккан жок. Шемуел Теңирге сыйынды.

7Ошондо Теңир Шемуелге мындай деди: «Эл сага эмне десе, ошонун бардыгын кыл, анткени алар сенден баш тартышкан жок, Мен падыша болбошум үчүн, Менден баш тартышты.

8Мен Мисирден алып чыккан күндөн ушул күнгө чейин алар Мени таштап, башка кудайларга кызмат кылышты. Сага да ушундай кылып жатышат.

9Аларды ук, бирок өздөрүнө бийлик жүргүзө турган падышанын укуктарын аларга айтып эскертип кой».

10Шемуел өзүнөн падыша сураган элге Теңирдин сөзүн толук айтып берди.

11Ал аларга мындай деди: «Силерге падышачылык кылчу падышанын укуктары мындай болот: ал уулдарыңарды алат да, өзүнүн майдан арабаларын айдатат, атчан жоокер кылат, алар арабалардын алдында чуркашат.

12Алардын арасынан миң башы, элүү башы коёт, өз жерлерине иштетет, эгинин ордурат, согуш куралдарын жана араба шаймандарын жасатат.

13Кыздарыңарды алып, жыпар жыттуу заттарды жасатат, тамак бышыртат, нан жаптырат.

14Силердин эң жакшы талааларыңарды жана зайтун бактарыңар менен жүзүмзарларыңарды алып, өз кулдарына берет.

15Эгиниңердин, жүзүмүңөрдүн ондон бир бөлүгүн алып, эбнухтары менен кулдарына берет.

16Кулдарыңарды, күңдөрүңөрдү, бодо малыңарды, эшектериңерди, мыкты жаш жигиттериңерди алып, өзүнүн иштерине пайдаланат.

17Майда малыңардын ондон бир бөлүгүн алат. Ага өзүңөр да кул болосуңар.

18Өзүңөр тандап алган падышаңардан запкы көрүп боздойсуңар, ошондо Теңир силерге жооп бербейт».

19Бирок эл Шемуелдин сөзүнө макул болбой, мындай деди: «Жок, бизге падыша бийлик кылсын.

20Ошондо биз башка элдердей болобуз: бизге падыша бийлик кылсын, биздин алдыбызда жүрсүн, согушту башкарсын».

21Шемуел элдин айткан сөзүнүнүн баарын угуп, аларды Теңирге айтып берди.

22Ошондо Теңир Шемуелге мындай деди: «Элдин сөзүн ук, аларга падыша коюп бер». Шемуел ысрайылдыктарга: «Ар бириңер өз шаарыңарга баргыла», – деди.