2 Жакан 1:1-13 KYB2004 - Bible AI

1Кудай тандап алган мырзайымга жана анын балдарына аксакалдан салам! Силерди мен чын жүрөктөн жакшы көрөм. Силерди мен эле эмес, чындыкты билгендердин баары жакшы көрүшөт.

2Анткени ичибизде чындык бар жана ал чындык түбөлүккө биз менен болот.

3Чындык жана сүйүү жолунда Кудай Ата жана Атанын Уулу Ыйса Машайак силерге ырайымын төгүп, боорукердигин көрсөтүп, тынчтыгын бере берсин!

4Сенин балдарыңдын айрымдарынын Атабыздан алган осуят боюнча чындык жолунда жүргөнүн көрүп, мен аябай кубандым.

5Мырзайым, мен сага жаңы осуят жазып жаткан жокмун, бул осуят бизде башынан эле бар. Ошондуктан сенден суранарым: баарыбыз бири-бирибизди сүйөлү.

6Сүйүү деген – Анын осуяттарын аткаруу. Ал – силер башынан бери угуп келе жаткан осуят. Силер ошол осуят боюнча жашашыңар керек.

7Анткени бул дүйнөдө Ыйса Машайактын адам болуп келгендигин жокко чыгарган көптөгөн азгыруучулар пайда болду. Мындайлар – азгыруучулар жана Машайактын каршылаштары.

8Эмгегибиз текке кетпей, сыйлыгыбызды толук алышыбыз үчүн, өзүңөргө сак болгула.

9Машайактын окутуусунан четтеп, ошол окутуу боюнча жашабаган адамдын ичинде Кудай жок. Ал эми Машайактын окутуусу боюнча жашаган адамдын ичинде Ата да, Уул да бар.

10Эгерде силерге келген адам Ыйсанын окутуусун үйрөтпөсө, аны үйүңөргө кабыл албагыла, аны менен саламдашпагыла.

11Анткени аны менен саламдашкан адам анын жаман иштерине ортоктош болуп калат.

12Силерге жаза турган нерсе көп, бирок анын баарын кагазга жазгым келген жок. Кубанычыңар артышы үчүн, силерге өзүм барып, бетме-бет отуруп сүйлөшкүм келет.

13Кудай тандап алган эжеңдин балдары сага салам айтып жатышат.
Оомийин.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
/div>