2 Жылнаама 1:1-17 KYB2004 - Bible AI

1Дөөттүн уулу Сулайман өзүнүн падышачылыгында күчтүү падыша болду. Кудай-Теңири аны менен болуп, аны жогору көтөрдү.

2Сулайман бүт Ысрайылга: миң башылары менен жүз башыларына, башкаруучулары менен бүт Ысрайылдагы уруу башчыларына чогулууга буйрук берди.

3Сулайман бүткүл эл менен Гибондогу бийик жерге келди, анткени Кудайдын кулу Муса чөлдө тургузган Теңирдин жыйын чатыры ошол жерде эле.

4Дөөт Кудайдын келишим сандыгын Кирийат-Жейаримден ал үчүн даярдап койгон жерге алып келди. Анткени Дөөт ал үчүн Иерусалимде жыйын чатырын курган.

5Хурдун уулу, Уринин уулу Бетселел жезден жасаган курмандык чалынуучу жай болсо ошол жерде, Теңирдин жыйын чатырынын алдында, калган. Сулайман эл менен бирге Кудайга кайрылыш үчүн барды.

6Сулайман ошол жерде, Теңирдин алдында, жыйын чатырынын алдында турган жезден жасалган курмандык чалынуучу жайдын үстүндө бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктан миңди чалды.

7Ошол түнү Кудай Сулайманга келип: «Мен сага эмне берейин, сура?» – деди.

8Сулайман Кудайга мындай деди: «Сен менин атам Дөөткө улуу ырайым көрсөттүң, анын ордуна мени падыша кылдың.

9Кудай-Теңирим, Сенин атам Дөөткө айткан сөзүң аткарылсын! Жер топурагындай сан жетпеген элге Сен мени падыша кылып койдуң.

10Эми бул элди башкарганга мага акыл менен билим бер, бул элдин алдында чыгып, кирип турайын. Анткени Сенин бул улуу элиңди ким башкара алат?»

11Кудай Сулайманга мындай деди: «Жүрөгүңдө ушундай каалоо болгону үчүн жана сен байлык, мал-мүлк, атак-даңк, кас душмандарыңдын жанын, ал тургай, узак өмүр да сурабастан, Мен сени падыша кылган элди башкарууга акыл менен билим сураганың үчүн,

12сага акыл да, билим да берем. Мен сага сенден мурунку, сенден кийинки падышаларда болбогон байлыкты, мал-мүлктү, атак-даңкты берем».

13Сулайман Гибондогу бийик жерден, жыйын чатырынан, Иерусалимге келди. Ал Ысрайылда падышачылык кылып турду.

14Сулайман майдан арабаларын, атчан аскерлерди топтоду. Анын бир миң төрт жүз майдан арабасы, он эки миң атчан аскери бар эле. Ал аларды майдан арабалар коюлган шаарларга жана өзү жашаган шаарга, Иерусалимге жайгаштырды.

15Падыша Иерусалимде алтын менен күмүштөрдү ташка теңеди. Кедр жыгачынын көптүгүнөн аны ойдуңда өскөн тытка теңеди.

16Аттарды Сулайманга Мисирден жана Кебейден алып келишчү. Падышанын соодагерлери аларды Кебейден акчага сатып алышчу.

17Мисирден майдан арабаны алты жүз күмүш шекелге, атты жүз элүү күмүш шекелге сатып алып турушту. Так ушундай жол менен алар хеттиктердин жана арамейликтердин бардык падышаларына да өз колдору менен жеткирип турушту.

e>