2 Жылнаама 11:1-23 KYB2004 - Bible AI

1Рехабам Иерусалимге келип, Ысрайыл менен согушуп, падышачылыгын кайрып алыш үчүн, Жүйүт менен Бенжеминдин тукумунан жүз сексен миң тандамал аскер жыйнады.

2Кудайдын кишиси Шемаяга Теңирден мындай деген сөз айтылды:

3«Жүйүт падышасы, Сулаймандын уулу Рехабамга жана Жүйүт менен Бенжемин тукуму болгон бүт ысрайылдыктарга мындай дегин:

4Теңир мындай деп айтты де: “Бир туугандарыңарга каршы чыкпагыла, алар менен согушпагыла. Ар кимиңер өз үйүңөргө кайткыла, анткени муну Мен кылып жатам”». Алар Теңирдин айтканына тил алып, Жаробамга каршы барбай, үйлөрүнө кайтышты.

5Рехабам Иерусалимде жашап турду. Ал Жүйүт аймагынын шаарларын дубалдар менен курчады.

6Жүйүт аймагындагы жана Бенжеминдеги шаарларды: Бейт-Лехемди, Эйтамды, Текояны,

7Бейт-Сурду, Сохону, Адуламды,

8Гатты, Марейшаны, Зупту,

9Адорайымды, Лакишти, Азейканы,

10Сораны, Айалонду, Хебронду чыңдады.

11Ал бул шаарлардын чептерин бекемдеп, аларга башчыларды койду жана дан азыктары, дарак майлары менен шараптар үчүн кампаларды курду.

12Ар бир шаарга калкандарды, найзаларды берип, абдан бекемдеди. Анын карамагында Жүйүт менен Бенжемин калды.

13Ысрайыл жеринде турган ыйык кызмат кылуучулар менен лебилер ар тараптан ага келип кошулушту.

14Анткени лебилер шаарлардын жанындагы өздөрүнүн жайыттарын жана ээлик жерлерин таштап, Жүйүт аймагына жана Иерусалимге келишти. Аларды Жаробам менен анын уулдары Теңирге кызмат кылуудан четтетип,

15Жаробам өзү жасаган бийик жерлердеги бутканаларга да, текелерге да, букачарларга да буткана кызматчыларын койгон болчу.

16Лебилердин артынан Ысрайылдын бардык урууларынын ичинен Ысрайылдын Кудай-Теңирин издеш үчүн жүрөгүн бургандар ата-бабаларынын Кудай-Теңирине курмандык чалыш үчүн Иерусалимге келишти.

17Алар жүйүттөрдүн падышачылыгын бекемдеп, Сулаймандын уулу Рехабамды үч жыл колдошту, анткени алар үч жыл Дөөт менен Сулаймандын жолун жолдошту.

18Рехабам Дөөттүн уулу Жеримоттун кызы Махалатты аялдыкка алды. Махалаттын энеси Жышайдын уулу Элийаптын кызы Абикейил эле.

19Абикейил ага Жейуш, Шемария, Заама деген уулдарды төрөп берди.

20Андан кийин ал Абышаломдун кызы Мааханы алды. Ал аялы ага Абиям, Атай, Зиза жана Шеломит деген балдарды төрөп берди.

21Рехабам бардык аялдары менен күң аялдарынын ичинен Абышаломдун кызы Мааханы жакшы көрчү. Рехабамдын он сегиз аялы жана алтымыш күң аялы болгон, алардан жыйырма сегиз уул жана алтымыш кыз төрөлгөн.

22Рехабам Мааханын уулу Абиямды бир туугандарынын үстүнөн үй башчысы жана төрө кылып койду, анткени аны падыша кылгысы келди.

23Рехабам акыл менен иш жүргүзүп, бардык уулдарын Жүйүт жана Бенжемин жерлерине, чептүү шаарларга жайгаштырып, аларга көп мүлк берип, көп аял алып берди.

le>