2 Жылнаама 13:1-22 KYB2004 - Bible AI

1Жаробамдын падышачылыгынын он сегизинчи жылында Абиям жүйүттөргө падыша болду.

2Ал Иерусалимде үч жыл падышачылык кылды. Анын энеси гибалык Уриелдин кызы Михая эле. Ошол кезде Абиям Жаробам менен согушту.

3Абиям согушка эр жүрөк адамдардан, төрт жүз миң тандамал адамдардан турган аскерин алып чыкты. Жаробам дагы тандалган, эр жүрөк адамдардан турган сегиз жүз миң аскери менен чыкты.

4Ошондо Абиям Эпрайым тоолорунун бири Семарайым тоосунун чокусуна чыгып, мындай деди: «Жаробам менен Ысрайыл эли, мени уккула!

5Силер Ысрайылдын Кудай-Теңири туз келишими боюнча Ысрайыл падышачылыгын Дөөткө жана анын уулдарына түбөлүккө бергенин билбейсиңерби?

6Бирок Дөөттүн уулу Сулаймандын кулу, Небаттын уулу Жаробам өз мырзасына каршы болуп, козголоң чыгарды.

7Анын тегерегине жеңил ойлуу, бузулган адамдар топтолуп, Сулаймандын уулу Рехабамга каршы чыгышты. Рехабам жаш, күч-кубаты аз болгондуктан, аларга туруштук бере албай калды.

8Силер эми Дөөттүн уулдарынын колунда турган Теңирдин падышачылыгына каршы тура алабыз деп ойлоп жатасыңар, анткени силер көпсүңөр, Жаробам силерге кудай кылып берген алтын букачарларыңар бар.

9Теңирдин ыйык кызмат кылуучуларын, Арундун уулдарын жана лебилерди кубалап, бөтөн жердин элине окшоп, өзүңөргө ыйык кызмат кылуучуларды коюп алган силер эмес белеңер? Өзүн арноо үчүн букачар, жети кочкор алып келген ар кимди силер жалган кудайларыңар үчүн ыйык кызмат кылуучу кылып аласыңар.

10Ал эми биздин Кудай-Теңирибиз бар. Биз Аны таштаган эмеспиз, Теңирге Арундун уулдары, ыйык кызматчылар кызмат кылып жатышат. Лебилер да өз кызматтарын аткарып жатышат.

11Алар ар күнү эртең менен да, кечинде да Теңирге арнап бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктарды чалышат, жыпар жыттуу заттарды түтөтүшөт, таза алтындан жасалган үстөлдүн үстүнө нан курмандыктарын коюшат, ар күнү кечинде күйүп туруш үчүн, алтын чырактан менен анын чырактарын күйгүзүшөт, анткени биз өз Кудай-Теңирибиздин буйруктарын ыйык сактайбыз, ал эми силер болсо Аны таштап койдуңар.

12Биздин башчыбыз – Кудай. Анын ыйык кызмат кылуучулары силерге каршы сурнай тартышат. Ысрайыл уулдары! Ата-бабаларыңардын Кудай-Теңирине каршы согушпагыла, анткени ийгиликке жетпейсиңер».

13Ошол арада Жаробам алардын артына аскерлерин жөнөтүп, буктурма койдурду. Ошентип, өзү жүйүттөрдүн бет алдында турду, буктурма болсо алардын артында эле.

14Жүйүттөр артын карашса, алдынан да, артынан да сокку уруп жатышыптыр. Ошондо алар Теңирге жалынып жиберишти, ыйык кызмат кылуучулар болсо сурнайларын тартып жиберишти.

15Жүйүттөр кыйкырышты. Жүйүттөр кыйкырганда, Кудай Абиям менен Жүйүттүн көз алдында Жаробамды жана бардык ысрайылдыктарды талкалады.

16Ысрайыл уулдары жүйүттөрдөн качып жөнөштү, Кудай аларды жүйүттөрдүн колуна салып берди.

17Абиям менен анын эли аларды аябай кырды. Ысрайылдын беш жүз миң тандамал адамы кырылды.

18Ошондон кийин Ысрайыл уулдары моюн сунушту. Жүйүт уулдары жеңишти, анткени алар өз ата-бабаларынын Кудай-Теңирине таянышкан.

19Абиям Жаробамдын артынан кууп, анын шаарларын каратып алды: Бейтелди жана анын карамагындагы шаарларды, Жешанды жана анын карамагындагы шаарларды, Эпрайинди жана анын карамагындагы шаарларды каратып алды.

20Жаробам Абиямдын тушунда күчүнө кирген жок. Аны Кудай өлтүрдү, ал өлдү.

21Абиям болсо күч алды. Ал он төрт аялга үйлөнүп, жыйырма эки уулдуу, он алты кыздуу болду.

22Абиямдын калган иштери, анын жүрүш-турушу, айткан сөздөрү Ыда пайгамбардын китебинде жазылган.

le>