1Абиям көз жумуп, ата-бабаларына кошулду, аны Дөөттүн шаарына коюшту. Анын ордуна уулу Аса падыша болду. Анын тушунда ал жерде он жыл тынчтык болду.
2Аса өз Кудай-Теңирине жаккан жакшы иштерди кылды.
3Ал башка кудайлардын курмандык чалынуучу жайларын, бийик жердеги бутканаларын четке какты, балбалдарын кыйратты, Ашейра мамыларын кыйды.
4Анан ал жүйүттөргө ата-бабаларынын Кудай-Теңирин издөөнү, Анын мыйзамдары менен буйруктарын аткарууну буйрук кылды.
5Жүйүттүн бардык шаарларындагы балбалдар менен күнгө арналган эстеликтерди алып таштады. Анын убагында падышачылык тынч болду.
6Ал Жүйүт аймагында бекем шаарларды курду, анткени ал жерде тынчтык өкүм сүрүп турган эле. Теңир ал жылдары бейкуттук бергендиктен, эч кандай согуш болгон жок.
7Ал жүйүттөргө: «Бул шаарларды куруп чыгалы да, аларды чептер менен, мунаралар менен, дарбазалар менен, кулпулуу эшиктер менен бекители. Жер азырынча биздики, анткени биз өз Кудай-Теңирибизди издедик. Биз Аны издегендиктен, Ал бизге бардык тараптан бейпилдик берди», – деди. Алар шаарларды куруп, ийгиликке жетишти.
8Асанын аскер күчтөрү өтө көп эле. Анын калкан, найза менен куралданган Жүйүт тукумунан үч жүз миң аскери, Бенжемин тукумунан жаа тартып, калкан менен куралданган эки жүз сексен миң эр жүрөк аскери бар эле.
9Эфиопиялык Зерак бир миллион аскери, үч жүз майдан арабасы менен Асанын аскерине каршы Марейшага келди.
10Аса ага каршы чыкты. Ал өзүнүн аскерлери менен Марейшанын жанындагы Сепата өрөөнүндө согушка даяр турду.
11Ошондо Аса Теңирге: «Теңир! Алдууга да, алсызга да Сен гана жардам бере аласың. Кудайым, Теңирим, бизге жардам бер, анткени биз Сага таянабыз, биз бул сансыз душманга каршы Сенин атыңдан аттандык. Теңир! Сен биздин Кудайыбызсың, адам Сага каршы чыга албайт», – деп кайрылды.
12Теңир эфиопиялыктарды Аса менен Жүйүттүн көз алдында талкалады. Эфиопиялыктар качып жөнөштү.
13Аса өз эли менен аларды Герарга чейин кууп барды. Эфиопиялыктар кырылды, эч ким тирүү калган жок, анткени алар Теңирдин алдында, Анын жоокерлеринин алдында кырылышты. Аса өз аскери менен эбегейсиз көп олжого ээ болду.
14Алар Герардын айланасындагы бардык шаарларды кыйратышты, анткени душманды Теңирдин коркунучу басты. Алар бардык шаарларды талап-тоноп, көп олжо алып кетишти.
15Ошондой эле малчылардын чатырларын кыйратып, өтө көп майда малды, төөлөрдү айдап алып Иерусалимге кайтышты.