1Ошондо Одейттин уулу Азарияга Кудайдын Руху түштү.
2Ал Асанын алдынан чыгып, мындай деди: «Аса, Жүйүт менен Бенжемин эли, мени уккула! Силер Теңир менен болсоңор, Ал силер менен болот! Эгерде силер Аны издесеңер, Аны табасыңар. Эгерде силер Аны таштасаңар, Ал силерди таштайт.
3Ысрайылдын чыныгы Кудайсыз, үйрөтүүчү ыйык кызмат кылуучусуз жана мыйзамсыз жашаган күндөрү көп болгон.
4Бирок ал эл кысталып-кыйналганда, Ысрайылдын Кудай-Теңирине кайрылып, Аны издегенде, Ал ага Өзүн ачып берген.
5Ошол учурларда кире турганга да, чыга турганга да тынчтык болгон эмес, анткени жер жүзүндөгү бардык элдер чоң дүрбөлөңгө түшкөн.
6Бир эл бир эл менен, бир шаар бир шаар менен согушкан, анткени Кудай алардын башына ар кандай мүшкүл түшүрүп, дүрбөлөңгө салган.
7Бирок силер кайраттангыла, ындыныңарды өчүрбөгүлө, анткени кылган иштериңер үчүн сыйлык аласыңар».
8Аса бул сөздөрдү жана пайгамбар Одейттин уулунун пайгамбарчылыгын укканда, кайраттанып, Жүйүт менен Бенжеминдин бүт жеринен, Эпрайым тоосундагы өзү басып алган шаарлардан бутпарастардын жийиркеничтерин жок кылып, Теңир үйүнүн алдында турган курмандык чалынуучу жайды калыбына келтирди.
9Жүйүт менен Бенжемин элин жана алардын арасында жашап жаткан Эпрайымдын, Менашенин, Шымондун тукумун чогултту. Анткени Кудай-Теңир аны менен экенин көргөн ысрайылдыктардын көбү ал тарапка өтүп кетишти.
10Асанын падышачылык кылганына он беш жыл, үч ай болгондо, алар Иерусалимге чогулушту.
11Ошол күнү алар олжолоп келген малдардан: бодо малдан жети жүздү, майда малдан жети миңди Теңирге арнап курмандыкка чалышты.
12Алар ата-бабаларыбыздын Кудай-Теңирин чын жүрөктөн, жан-дилибиз менен издейбиз деп келишим түзүштү.
13Ал эми Ысрайылдын Кудай-Теңирин ким издебесе, ал кичине болобу, чоң болобу, эркек болобу, аял болобу, өлүшү керек.
14Алар сурнайлар менен мүйүздөрдүн жаңырыгы астында кыйкырып, Теңирге ант беришти.
15Бул антка бардык жүйүттөр сүйүнүштү, анткени алар Кудайга чын жүрөгүнөн ант беришкендиктен, Кудайды ынтаа коюп издешкендиктен, Ал Өзүн ачып берди. Теңир аларга бардык тараптан бейпилдик берди.
16Аса падыша өз энеси Мааханы Ашейра бурканын жасап алганы үчүн, ханышалыктан ажыратты. Аса падыша анын жасаган жыгач бурканын талкалап, майда бөлүктөргө бөлүп, Кидрон өрөөнүндө өрттөп жиберди.
17Ысрайылдагы бийик жердеги бутканалар жок кылынган жок. Бирок Аса өмүрүнүн акырына чейин жүрөгүн толугу менен Теңирге арнаган.
18Ал атасы арнаган тартууларды, өзүнүн тартууларын: алтын, күмүш, асыл идиштерди Кудайдын үйүнө алып кирди.
19Аса падышачылык кылган отуз беш жылдын ичинде эч согуш болгон жок.