2 Жылнаама 17:1-19 KYB2004 - Bible AI

1Асанын ордуна уулу Жошапат падыша болду. Ал ысрайылдыктар менен согушууга күч топтоду.

2Ал Жүйүт аймагынын чыңдалган бардык шаарларына аскерлерин койду. Жүйүттүн бардык жерлерине, атасы Аса каратып алган Эпрайымдын шаарларына күзөт аскерлерин койду.

3Теңир Жошапат менен болду, анткени ал өз атасы Дөөттүн алгачкы жолу менен жүрдү, Баалдарга табынган жок.

4Ал атасынын Кудайын издеп, Анын осуяты менен жүрдү, ал эми ысрайылдыктардын кылгандарын кылган жок.

5Теңир анын падышачылыгын бекемдеди. Жүйүттөрдүн бардыгы ага тартууларын берип турушту. Ал көп байлыкка, атак-даңкка ээ болду.

6Ал Теңирдин жолунда кайраттанды. Ал бийик жерлердеги бутканаларды да, Жүйүт аймагындагы Ашейра мамыларын да алып таштады.

7Падышачылыгынын үчүнчү жылында ал өз төрөлөрү: Бен-Кайылды, Обадияны, Захарияны, Натанаелди, Михейди элди үйрөтүүлөрү үчүн, Жүйүттүн шаарларына жөнөттү.

8Аларга кошуп: Шемая, Нетания, Зебадия, Асаел, Шемирамот, Жонатан, Адония, Тобия, Тоб-Адония деген лебилерди жана Элишама, Жорам деген ыйык кызмат кылуучуларды жөнөттү.

9Алар Теңирдин мыйзам китебин өздөрү менен кошо алып жүрүп, Жүйүт аймагынын бардык шаарларын кыдырып, элди окутуп жатышты.

10Ошондо Жүйүт аймагынын тегерегиндеги жерлердин бардык падышачылыктарына Теңирден коркунуч туулду. Ошондуктан алар Жошапат менен согушушкан жок.

11Пелиштиликтер болсо Жошапатка тартууларды жана салыкка күмүш алып келишти. Аравиялыктар да майда малдан: жети миң жети жүз кочкор, жети миң жети жүз теке айдап келишти.

12Жошапат күч алгандан күч алып, Жүйүт аймагына чептерди жана азык-түлүк сактоо үчүн шаарларды курду.

13Анын Жүйүт шаарларында сактап койгон азык-түлүгү өтө көп эле, ал эми Иерусалимде эр жүрөк аскер адамдары турду.

14Алардын өз уруулары боюнча тизмеси: Жүйүттүн миң башылары: аскер башчы Адна, анын үч жүз миң эң мыкты жоокери болгон;

15Андан кийин аскер башчы Жоханан, анын эки жүз сексен миң жоокери болгон;

16Андан кийин Теңирге берилген Зихринин уулу Аматсия, анын эң мыкты эки жүз миң жоокери болгон;

17Бенжеминден: мыкты жоокер Элийада, анын калкан, жаа менен куралданган эки жүз миң жоокери болгон;

18Андан кийин Жейозабат турат, анын курал-жарактуу жүз сексен миң жоокери болгон;

19Жүйүт аймагынын бардык чыңдалган шаарларына падыша калтырган аскерлерден тышкары падышага кызмат кылган жоокерлер ушулар.

le>