2 Жылнаама 18:1-34 KYB2004 - Bible AI

1Жошапат көп байлыкка, атак-даңкка ээ болду. Анан ал Ахап менен туугандашты.

2Ал бир нече жылдан кийин Самариядагы Ахапка барды. Ахап ага жана аны менен келген адамдарга көп бодо мал менен майда мал союп, аны Гилаттын Рамотуна кол салууга көндүрдү.

3Ысрайыл падышасы Ахап Жүйүт падышасы Жошапатка: «Мени менен Гилаттын Рамотуна барасыңбы?» – деди. Ал ага: «Сен кандай болсоң, мен да ошондоймун. Сенин элиң кандай болсо, менин элим да ошондой. Сени менен согушка барам!» – деди.

4Жошапат Ысрайыл падышасына: «Бүгүн Теңирден сура, Ал эмне дээр экен?» – деди.

5Ысрайыл падышасы пайгамбарлардан төрт жүз адамды чогултуп, аларга: «Гилаттын Рамоту менен согушууга барсак болобу же болбойбу?» – деди. Алар: «Баргыла, Кудай аны падышанын колуна салып берет» – деп айтышты.

6Жошапат: «Бул жерде дагы Теңирдин пайгамбары барбы? Ошондон сурап көрөлүчү», – деди.

7Ысрайыл падышасы Жошапатка: «Дагы бир киши бар, ал аркылуу Теңирден сурасак болот, бирок мен аны жактырбайм, анткени ал мен тууралуу жакшы пайгамбарчылык кылбайт, дайыма жаман пайгамбарчылык кылат. Ал – Жимланын уулу Михей», – деди. Жошапат: «Андай дебе, падыша», – деди.

8Ысрайыл падышасы бир эбнухту чакырып: «Тезирээк барып, Жимланын уулу Михейди алып кел», – деди.

9Ысрайыл падышасы менен Жүйүт падышасы Жошапат, ар бири өз тагында падыша кийимдерин кийип отурушту. Алар Самария дарбазасынын алдындагы аянтта отурушту, бардык пайгамбарлар алардын алдында пайгамбарчылык кылып жатышты.

10Кенаананын уулу Ситкия маңдайына темир мүйүздөрдү кармап туруп, мындай деди: «“Сен булар менен сириялыктарды өлтүрө сүзөсүң”, – деп жатат Теңир».

11Пайгамбарлардын бардыгы пайгамбарчылык кылып: «Гилаттын Рамотуна бар, жеңишке жетесиң, Теңир аларды падышанын колуна салып берет», – дешти.

12Михейди чакырып келгени кеткен киши ага келип: «Пайгамбарлардын бардыгы бир ооздон падышанын жолу болот деп жатышат, сенин сөзүң да булардын айтканындай болсун, сен да жакшы сөз айт», – деди.

13Михей: «Теңир тирүү, Кудай эмне десе, мен ошону айтам», – деди.

14Анан ал падышага келди, падыша ага: «Михей, биз Гилаттын Рамоту менен согушууга барсак болобу же болбойбу?» – деди. Тиги: «Баргыла, жеңишке жетесиңер, алар колуңарга салынып берилет», – деди.

15Падыша ага: «Мага Теңирдин атынан чындыкты гана айтышың үчүн, канча жолу ант бердирейин?» – деди.

16Михей мындай деди: «Бүт Ысрайыл уулдарынын кайтаруучусу жок жайылган койлордой тоо-тоого чачырап кеткенин көрдүм. Ошондо Теңир: “Булардын башчысы жок, ар кимиси өз үйүнө тынчтык менен кайтсын”, – деди».

17Ошондо Ысрайыл падышасы Жошапатка: «Мен сага айтпадым беле, бул мен жөнүндө жакшы пайгамбарчылык кылбайт, жалаң гана жаман пайгамбарчылык кылат», – деди.

18Михей: «Теңирдин сөзүн уккула: Мен Өз тагында отурган Теңирдин Өзүн көрдүм, бардык асман кошуундары Анын оң кол тарабында да, сол кол тарабында да турушуптур.

19Теңир: “Гилаттын Рамоту менен согушууга барып өлүшү үчүн, Ысрайыл падышасы Ахапты ким азгырат?” – деди. Бири мындай, бири тигиндей деп айтышты.

20Теңирдин алдына бир рух келип: “Аны мен азгырам”, – деди. Теңир андан: “Эмне менен?” – деп сурады.

21Ал: “Мен чыгам да, анын пайгамбарларынын оозунда жалган рух болом”, – деди. Теңир: “Сен аны азгыра аласың, муну кыла аласың, бар, так ошондой кыл”, – деди.

22Мына эми Теңир сенин пайгамбарларыңдын оозуна жалган рухтун кирүүсүнө жол берди, Теңир сен жөнүндө жакшы нерсе айткан жок», – деди.

23Кенаананын уулу Ситкия келип, Михейди жаакка чаап: «Теңирдин Руху сен аркылуу сүйлөгүдөй, менден Ал кайсы жол менен кетип калды?» – деди.

24Ошондо Михей: «Мына, сен муну жашыныш үчүн бөлмөдөн бөлмөгө чуркап жүргөн күнү көрөсүң», – деди.

25Ысрайыл падышасы мындай деди: «Михейди алгыла да, шаар башчысы Амон менен падышанын уулу Жаашка алып барып,

26аларга: “Муну зынданга салгыла, мен аман-эсен кайтып келгенче, бир аз нан менен суу берип багып тургула”, – деп падыша айтты дегиле».

27Ошондо Михей: «Эгерде сен аман-эсен келсең, анда Теңир мен аркылуу сүйлөгөн жок», – деди. Анан: «Муну баарыңар уккула, калайык!» – деди.

28Ысрайыл падышасы Ахап менен Жүйүт падышасы Жошапат Гилаттын Рамоту менен согушууга жөнөштү.

29Ысрайыл падышасы Жошапатка: «Мен башка кийим кийип, салгылашка кирем, сен болсо өзүңдүн падыша кийимиңди кий», – деди. Ысрайыл падышасы башка кийим кийип, салгылашка кирди.

30Сирия падышасы өзүнүн майдан арабаларынын башчыларына: «Чоңу менен да, кичинеси менен да салгылашпагыла, Ысрайыл падышасы менен гана салгылашкыла», – деди.

31Майдан арабалардын башчылары Жошапатты көрүп: «Ысрайыл падышасы ушул», – деп ойлоп, аны менен салгылашуу үчүн курчоого алышты. Бирок Жошапат кыйкырып жиберди, Теңир ага жардамга келди, Кудай аларды андан буруп кетти.

32Майдан арабаларынын башчылары анын Ысрайыл падышасы эмес экенин көрүп, андан бурулуп кетишти.

33Ошол арада бир кишинин тартып жиберген жебеси капысынан Ысрайыл падышасына тийди. Жебе падыша кийип жүргөн сооттун бириккен жеринен өтүп кетип аны жарадар кылды. Падыша арабакечине: «Артка тарт, мени аскерлердин арасынан алып кет, анткени мен жарадар болуп калдым», – деп айтты.

34Бирок ал күнкү салгылаш күч алып кетти. Ысрайыл падышасы кечке чейин майдан арабасында сириялыктардын каршысында туруп, күн батып бара жатканда өлдү.

le>