2 Жылнаама 19:1-11 KYB2004 - Bible AI

1Жүйүт падышасы Жошапат Иерусалимдеги өз үйүнө тынчтык менен кайтты.

2Хананинин уулу көрөгөч Жейу Жошапат падышанын алдынан чыгып, ага мындай деди: «Эмне үчүн мыйзамсызга жардам бердиң, эмне үчүн Теңирди жек көргөндү жакшы көрдүң? Ушундай кылганың үчүн Теңир сага каарданып жатат.

3Бирок сенин жакшы иштериң да бар, анткени сен Жүйүт жериндеги Ашейра мамыларын жок кылдың, жүрөгүңдү Теңирди издөөгө бурдуң».

4Жошапат Иерусалимде жашап турду. Ал Бейер-Шебадан Эпрайым тоосуна чейин жашаган элин кайра кыдырып, аларды ата-бабаларынын Кудай-Теңирине бурду.

5Жүйүт аймагындагы бардык чыңдалган шаарлардын ар бирине өз башкаруучуларын койду.

6Ал башкаруучуларга мындай деп айтты: «Силер эмне кылып жатканыңарды байкагыла. Силер адамдын эмес, Теңирдин өкүмүн чыгарып жатасыңар. Өкүм чыгарган иштериңерде Ал силер менен болот.

7Ошондуктан силерде Теңирдин коркунучу болсун. Абайлап иш жүргүзгүлө, анткени биздин Кудай-Теңирде адилетсиздик, эки жүздүүлүк, паракордук болбойт».

8Жошапат Иерусалимде лебилерден, ыйык кызмат кылуучулардан, Ысрайылдын уруу башчыларынан Теңирдин сотун жүргүзүүгө жана талаш-тартыштарды чечүүгө дайындап, Иерусалимге кайтты.

9Жошапат аларга мындай деп буйрук кылды: «Кудайдан коркуп, берилгендик менен, таза жүрөгүңөр менен иштегиле.

10Өз шаарларында жашаган бир туугандарыңар кан төгүү тууралуу, же мыйзам тууралуу, же осуят, көрсөтмө, каада-салт тууралуу чыр-чатактары менен келишсе, алар Теңирдин алдында айыпка жыгылбашы үчүн, өзүңөргө жана бир туугандарыңарга Теңирдин каары төгүлбөшү үчүн, аларга акыл-насаат айткыла. Ушундай кылгыла, ошондо күнөөгө батпайсыңар.

11Мына, Теңирдин ар кандай иштеринде силерди сурай турган башкы ыйык кызмат кылуучу Амария, ал эми падышанын ар кандай иштеринде калыстык кыла турган Жүйүт тукумунун төрөсү Ысмайыл уулу Зебадия жана көзөмөлдөөчү лебилер алдыңарда турат. Бекем болгула, иш жүргүзгүлө, ошондо Теңир адилет киши менен болот».

le>