2 Жылнаама 2:1-18 KYB2004 - Bible AI

1Сулайман Теңирдин ысымына арнап үй жана өзүнө падыша сарайын курууну ниет кылды.

2Сулайман жетимиш миң жүк ташуучуну, сексен миң таш сомдоочуну тоого жөнөтүп, алардын үстүнөн үч миң алты жүз көзөмөлчү койду.

3Сулайман Тир падышасы Хирамга киши жиберип, мындай деп айттырды: «Менин атам Дөөт үйүн куруп жатканда, кедр жыгачтарын кандай жөнөтсөң, мага да ошондой жөнөт.

4Мен Кудай-Теңиримдин ысымына арнап үй куруп жатам. Ал үй Теңирдин алдында жыпар жыттуу зат түтөтүп туруш үчүн, нан тартуусун дайыма коюп туруш үчүн, ишемби күндөрү эртең менен, кечинде, ай жаңырганда, Кудай-Теңирибиздин майрамдарында чалынуучу бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктарды чалып туруш үчүн курулат. Булар Ысрайыл элине түбөлүккө осуятталган.

5Мен куруп жаткан үй – чоң үй, анткени Кудайыбыз Өзү улуу, бардык кудайлардан жогору.

6Аны асман менен асмандардын асманы сыйдыра албай жатканда, Ага арнап үй курууга кимдин күч-кубаты жетет? Ага арнап үй кургудай мен киммин? Анын алдында жыпар жыттуу зат түтөтүү үчүн эле куруп жатам.

7Ошондуктан мага алтындан, күмүштөн, жезден, темирден буюм жасаганды жана ачык кызыл, кочкул кызыл, жакут түстүү жип менен токуганды, ошондой эле оймо иштерин билген кишини жибер. Ал атам Дөөт даярдаган Жүйүт аймагы менен Иерусалимдеги менин чебер усталарым менен бирге иштесин.

8Мага Лебанондон кедр, кипарис, сандал жыгачтарын жөнөт, анткени мен сенин кулдарыңдын Лебанон дарактарын жакшы кыярын билем. Менин кулдарым сенин кулдарың менен бирге барышат.

9Мен өтө көп жыгачтарды даярдашым керек, себеби мен куруп жаткан үй чоң жана керемет жай болот.

10Бак кыя турган кулдарыңдын тамагына жыйырма миң кор буудай, жыйырма миң кор арпа, жыйырма миң бат шарап, жыйырма миң бат зайтун майын жөнөтөм».

11Тир падышасы Хирам кат аркылуу мындай деген жооп жөнөттү: «Теңир Өз элин сүйгөндүктөн, сени аларга падыша кылып койду».

12Хирам дагы мындай деди: «Падыша Дөөткө Теңирге арнап үй жана өзүнө арнап падыша сарайын курууга ниеттенген, акылман, түшүнүгү терең, акыл-эстүү уул берген, асман-жерди жараткан ысрайылдыктардын Кудай-Теңирине даңк!

13Мен сага билимдүү, акылдуу Хурам-Абийди жиберип жатам.

14Ал – Дан уруусунун кыздарынан болгон бир аялдын уулу, атасы болсо Тир тургуну. Ал алтындан, күмүштөн, жезден, темирден, жыгачтан, асыл таштан буюм жасаганды, ачык кызыл, жакут түстүү, зыгыр, кочкул кызыл жип менен токуганды, оймо иштерин билет. Ал сенин чебер усталарың жана сенин атаң, менин мырзам падыша Дөөттүн чебер усталары менен бирге сен кандай иш тапшырсаң, ошонун бардыгын аткарат.

15Ал эми өзүң айткан арпа менен буудайды, шарап менен зайтун майларын, мырзам, кулдарыңа жөнөт.

16Биз сага канча керек болсо, ошончо Лебанон дарагын кыйып, салга жүктөп, деңиз аркылуу Жапага жеткиребиз. Андан ары Иерусалимге өзүң алып кетесиң».

17Сулайман атасы Дөөт санагандан кийин келген Ысрайылдагы бардык келгиндерди санап чыкты, алардын саны жүз элүү үч миң алты жүз адам болду.

18Алардын ичинен сексен миңин тоодон таш сомдоочу жана жетимиш миңин жүк ташуучу кылып бөлдү да, аларды өз убагында иштетип туруу үчүн, үч миң алты жүз көзөмөлчү койду.

e>