2 Жылнаама 20:1-37 KYB2004 - Bible AI

1Ошондон кийин мааптыктар менен амондуктар жана Маон өлкөсүнүн айрым адамдары Жошапат менен согушууга жөнөштү.

2Жошапатка: «Деңиздин ары жагынан, Сириядан сага каршы аттанган кара кол келе жатат, алар Хасатсон-Тамарга, башкача айтканда, Эйин-Гедиге келип калышты», – деп айтып келишти.

3Ошондо Жошапат коркуп, Теңирди издеш үчүн жүзүн бурду жана бүткүл Жүйүт аймагына орозо жарыялады.

4Жүйүттөр Теңирден жардам суроого жыйналышты. Алар Жүйүттүн бардык шаарларынан келип, жалынып-жалбарып, Теңирден жардам сурашты.

5Жошапат Теңир үйүнүн жаңы короосунун алдында, жүйүттөр менен иерусалимдиктердин арасында туруп, мындай деди:

6«Теңир, ата-бабаларыбыздын Кудайы! Асмандагы Кудай Сенсиң. Бардык элдердин падышачылыгына бир Өзүң бийлик кыласың, күч да, кубат да Өзүңдүн колуңда, Сага каршы чыккан эч ким туруштук бере албайт!

7Кудайыбыз, Өз элиң Ысрайылдын алдынан ушул жердин элин кууп чыккан, ал жерди Өзүңдүн досуң Ыбрайымдын тукумуна түбөлүккө берген Сен эмес белең!

8Алар бул жерге отурукташып, Сенин ысымыңа арнап ыйык жай куруп, мындай дешкен:

9“Биздин башыбызга мүшкүл түшкөндө: жазалоочу кылыч, же жугуштуу оору, же ачарчылык түшкөндө, биз ушул үйгө, Сенин алдыңа келебиз, анткени бул үйдө Өзүңдүн ысымың турат. Кыйын-кысталышта биз Сени чакырсак, Сен биздин үнүбүздү угуп, куткарып каласың”.

10Азыр бул жерге амондуктар, мааптыктар жана Сеир тоосунда жашагандар келишти. Ысрайылдыктар Мисирден чыгып келе жатканда, Сен булардын жеринен өтпөгүлө дегенсиң, ошондуктан алар айланып өтүп, буларды тукум курут кылган эмес.

11Эми алар ошол жакшылыгыбызга жамандык менен жооп берип жатышат. Өзүң бизге мурастап берген, Өзүң ээлик кылган жерден бизди кууп чыкканы келишти.

12Кудайыбыз! Буларды Өзүң жазала. Анткени бизди каптап келе жаткан бул кара колго каршы турууга биздин күчүбүз жетпейт, эмне кыларыбызды билбейбиз, бирок биздин көзүбүз Сенде!»

13Бүт Жүйүт эли бала-бакырасы, аялдары, эр жигиттери менен Теңирдин алдында турушту.

14Ошондо жамааттын ортосунда турган леби Жахазиелге Теңирдин Руху түштү. Жахазиел – Захариянын уулу, Захария – Бенаянын уулу, Беная – Жейелдин уулу, Жейел – Асаптын уулдарынан чыккан Матаниянын уулу.

15Ошондо ал мындай деди: «Жүйүттөр, Иерусалим тургундары жана падыша Жошапат, баарыңар уккула! Теңир силерге мындай дейт: “Коркпогула, каптап келе жаткан кара колдон үрөйүңөр учпасын, анткени бул согуш силердики эмес, Кудайдыкы.

16Эртең аларга каршы чыгасыңар. Азыр алар Сис дөңсөөсүнө чыгып келе жатышат, силер аларды өрөөндүн аягынан, Жеруел чөлүнүн алдынан табасыңар.

17Бул жолу силер согушпайсыңар. Силер карап тургула, Теңирдин силерге жиберген куткаруусун көрөсүңөр. Жүйүт менен Иерусалим! Коркпогула да үрөйүңөрдү учурбагыла! Эртең аларга каршы чыгасыңар, Теңир силер менен болот”».

18Жошапат жерге жете таазим этти. Жүйүт эли менен Иерусалим тургундары да Теңирге таазим кылып, Анын алдына жыгылышты.

19Каат уулдары менен Корак уулдарынан чыккан лебилер туруп, катуу үн менен Ысрайылдын Кудай-Теңирин мактап ырдашты.

20Алар эртең менен эрте туруп, Текоя чөлүнө бет алышты. Алар жолго чыкканда, Жошапат өйдө туруп, мындай деди: «Жүйүттөр менен Иерусалим тургундары, мени уккула! Өзүңөрдүн Кудай-Теңириңерге ишенгиле, бекем тургула. Анын пайгамбарларына ишенгиле, ошондо ийгиликке жетесиңер».

21Ал эл менен кеңешип, Теңирге ырдай турган ырчыларды койду. Аларды куралдуу аскерлердин алдында ыйыктыкты сактап: «Теңирди даңктагыла, анткени Анын ырайымы түбөлүктүү!» – деп Теңирди даңазаласын деп койду.

22Алар Теңирди даңктап, даңазалап бара жатканда, Теңир Жүйүт аймагындагыларга каршы келе жаткан амондуктар менен мааптыктардын жана Сеир тоосунда жашагандардын ыркын кетирип, ортосуна бүлүк түшүрдү. Алар кырылып калышты.

23Анткени амондуктар менен мааптыктар Сеир тоосунда жашагандарга каршы чыгышып, аларды өлтүрүштү. Аларды кырып бүткөндөн кийин, бири-бирин кырып салышты.

24Жүйүттөр чөлдөгү дөбөгө келгенде, калың колду карашса, өлүктөр экен, бир да тирүү жан калбаптыр.

25Жошапат эли менен олжону алганы келди. Алар абдан көп мал-мүлк, кийим-кече, кымбат баалуу асыл буюмдарды алышты. Олжонун көптүгүнөн көтөрө албай жатышты. Олжо ушунчалык көп болгондуктан, алар аны үч күн ташышты.

26Ал эми төртүнчү күнү Бата өрөөнүнө чогулуп, Теңирди даңкташты. Ошондуктан ал жерди бүгүнкү күнгө чейин Бата өрөөнү дешет.

27Жошапат башында турган Жүйүт аймагындагылар менен иерусалимдиктер Иерусалимге кубаныч менен кайтышты, анткени Теңир аларга душманынын үстүнөн жеңиш берди.

28Алар Иерусалимдеги Теңирдин үйүнө арфа, лира, сурнай менен келишти.

29Жер жүзүндөгү бардык падышачылыктар Ысрайылдын душмандары менен Теңир Өзү салгылашканын угушканда, Кудайдан коркуп калышты.

30Ошентип, Жошапаттын падышачылыгы тынчтанып калды. Анын Кудайы ага туш тарабынан тынчтык берди.

31Жошапат Жүйүт аймагына мына ушундай падышачылык кылды. Ал падыша болуп такка отурганда, отуз беш жашта эле. Ал Иерусалимде жыйырма беш жыл падышачылык кылды. Анын энесинин аты – Азуба, ал – Шилхинин кызы.

32Ал өз атасы Асанын жолу менен жүрүп, анын жолунан оңго да, солго да кыйшайган жок, Теңирге жаккан иштерди кылды.

33Бирок бийик жерлердеги бутканалар гана жок кылынган жок, эл да ата-бабаларынын Кудайына жүрөктөрүн толугу менен бура элек эле.

34Жошапаттын алгачкы жана акыркы иштери Ханани уулу Жейунун жазууларында жазылган, алар Ысрайыл падышаларынын китебине киргизилген.

35Бирок ошондон кийин Жүйүт падышасы Жошапат мыйзамсыз иштерди кылган Ысрайыл падышасы Ахазай менен келишим түздү.

36Аны менен келишим түзгөнүнүн себеби Таршышка жөнөтүш үчүн, кемелерди жасатуу керек эле. Кемелерди алар Этсион-Геберде жасашты.

37Марейшадан чыккан Додабайдын уулу Элиезер Жошапатка пайгамбарчылык кылып: «Ахазай менен келишим түзгөндүгүң үчүн, Теңир кылган ишиңди талкалайт», – деди. Ошондо кемелери талкаланып, Таршышка бара албай калышты.

le>