1Иерусалим тургундары атасынын ордуна анын кенже баласы Ахазайды падыша көтөрүштү, анткени анын агаларынын баарын аравиялыктар менен келген каракчылар өлтүрүп салышкан. Ошентип, Жүйүт падышасы Жорамдын уулу Ахазай падыша болду.
2Ахазай падыша болгондо жыйырма эки жашта эле, ал Иерусалимде бир жыл падыша болду. Анын энесинин аты – Аталея, ал Омринин кызы болчу.
3Ал да Ахап тукумунун жолуна түштү, анткени энеси ага мыйзамсыз иштерди кылууга кеңеш берчү.
4Ал Ахаптын тукумуна окшоп, Теңирге жакпаган иштерди кылды, анткени атасы өлгөндөн кийин, энеси ага кеңешчи болуп калган, энесинин кеңештери аны өлүмгө алып келди.
5Ошондой эле алардын кеңеши боюнча ал Ысрайыл падышасы, Ахаптын уулу Жейорам менен Сирия падышасы Хазаелге каршы Гилаттын Рамотуна согушка барды. Жейорамды сириялыктар жарадар кылышты.
6Ал Сирия падышасы Хазаел менен согушуп жатканда, Рамада жарадар болуп, Изрейелге дарыланууга кайтып келди. Жүйүт падышасы Жорамдын уулу Ахазай Ахаптын уулу Жейорамды көргөнү Изрейелге келди, анткени ал ооруп жаткан.
7Бул Ахазайдын Жейорамга келип өлүшү үчүн Кудайдан болду. Анткени ал келери менен Жейорамга кошулуп, Нимши уулу Жейуга каршы чыкты, Жейуну болсо Теңир Ахаптын тукумун жок кылыш үчүн дайындаган.
8Жейу Ахаптын тукумун жазалап жатканда, Ахазайга кызмат кылган Жүйүттүн төрөлөрүн жана Ахазайдын бир туугандарынын балдарын көрүп, аларды да кырып салды.
9Ал Ахазайды тапкыла деп буйруду. Аны Самарияга жашынган жеринен таап алышып, Жейунун алдына алып келип өлтүрүп, көргө коюшту. Анткени: «Ал Теңирге бүт жүрөгү менен берилген Жошапаттын баласы», – дешти. Ошентип, Ахазайдын тукумунан падыша боло турган эч ким калган жок.
10Ахазайдын энеси Аталея, уулунун өлгөнүн көрүп, Жүйүт уруусундагы падышанын тукумун бүт бойдон кырып салды.
11Бирок Жорам падышанын кызы Жешеба Ахазайдын уулу Жаашты өлтүрүлө турган падышанын уулдарынын арасынан уурдап чыгып, аны баккан аял менен кошо өзү жата турган бөлмөгө жашырып койду. Ошентип, Жорам падышанын кызы, ыйык кызмат кылуучу Жойаттын аялы, Ахазайдын карындашы Жешеба Жаашты Аталеядан жашырып койду. Ошондуктан Аталея аны өлтүрө албай калды.
12Ал Кудайдын үйүндө, алардыкында алты жыл жашынып жатты. Аталея болсо ал жерде падышачылык кылып турду.