1Бирок жетинчи жылы Жойат күч алып, жүз башчылар: Жерохам уулу Азария, Жоханан уулу Ысмайыл, Обейт уулу Азария, Адая уулу Маасея, Зихри уулу Элишапат менен келишим түздү.
2Алар бүткүл Жүйүт аймагын кыдырып, бардык Жүйүт аймагынын шаарларынан лебилер менен Ысрайыл тукумунун уруу башчыларын чогултуп, Иерусалимге келишти.
3Чогулган жыйын Кудай үйүндө падыша менен келишим түздү. Жойат аларга мындай деди: «Теңир Дөөттүн тукуму жөнүндө айткандай, падышанын уулу падыша болушу керек.
4Силер эми мындай кылгыла: ишембиде келе турган силердин ыйык кызмат кылуучуларыңар менен лебилериңердин үчтөн бир бөлүгү дарбазачы болуп босогодо турушат,
5дагы үчтөн бир бөлүгүңөр падыша үйүндө, калган үчтөн бир бөлүгүңөр Жесот дарбазасында турасыңар. Ал эми бүт эл Теңир үйүнүн короосунда болот.
6Теңирдин үйүнө ыйык кызмат кылуучулар менен кызмат кылган лебилерден тышкары эч ким кирбесин. Алар гана кирүүгө акылуу, анткени алар ыйыкталышкан. Калган эл Теңирдин үйүн кайтарып турсун.
7Лебилер падышаны туш тараптан курчап турушсун, ар биринин колунда курал болсун, ийбадатканага ким кирсе, ал өлтүрүлсүн. Падыша киргенде жана чыкканда, силер дайыма анын жанында болгула».
8Ыйык кызмат кылуучу Жойат кандай буйруса, лебилер менен бүт жүйүттөр так ошондой кылышты. Ар бири ишембиде келип, ишембиде кете турган өз адамдарын алып калышты, анткени ыйык кызмат кылуучу Жойат алмаша турган кезектин эч кимисин коё берген жок.
9Анан ыйык кызмат кылуучу Жойат Кудайдын үйүндөгү Дөөттүн курал-жарагын: найзалар менен чоң-кичине калкандарды жүз башыларга таратып берди.
10Колдоруна курал кармаган бүткүл элди ийбадаткананын оң жагынан сол жагына чейин тизип, курмандык чалынуучу жайдын жанына, үйдүн жанына, падышанын тегерегине койду.
11Анан падышанын уулун алып чыгып, башына таажы кийгизип, мыйзамдын көчүрмөсүн берип, падыша көтөрүштү. Жойат жана анын уулдары аны майлап: «Жашасын падыша!» – деп кыйкырышты.
12Падышаны жар салып чуркап жүргөн элдин үнүн угуп, Аталея Теңирдин үйүндөгү элге чыгып барды.
13Ошондо ал падышанын кире бериштеги мамынын жанында турганын, падышанын жанында төрөлөр, сурнайчылар турганын, бардык эл шаттанып, сурнай тартып, ырчылар музыкалык аспаптары менен ырдап, аны даңазалап жатканын көрдү. Аталея кийимдерин айрып: «Чыккынчылык! Чыккынчылык!» – деп кыйкырды.
14Ыйык кызмат кылуучу Жойат жүз башыларды чакырып алып, мындай деди: «Аны сыртка алып чыккыла, аны ээрчигендерди кылычтап салгыла». Ыйык кызмат кылуучу: «Аны Теңирдин үйүндө өлтүрбөгүлө», – деди.
15Ага жол бошотушту, ал падыша үйүнүн ат сарайынын кире беришине келгенде, аны ошол жерде өлтүрүп салышты.
16Бул эл Теңирдин эли болушу үчүн, Жойат өзү менен падышанын жана бүт элдин ортосунда келишим түздү.
17Бүт эл Баалдын бутканасына барып, аны да, анын курмандык чалынуучу жайын да, таш буркандарын да талкалады. Анан алар Баалдын бутканасынын буткана кызматчысы Матанды курмандык чалынуучу жайлардын жанында өлтүрүштү.
18Жойат Теңир үйүндөгү кызматтарды Дөөт бөлүштүрүп кеткендей, лебилер менен ыйык кызмат кылуучуларга тапшырды. Алар Мусанын мыйзамында жазылгандай, Дөөт айткан эреже боюнча ыр менен, кубаныч менен Теңирге арнап бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкты өрттөш үчүн коюлду.
19Теңирдин үйүнө кандайдыр бир себептерден улам таза эмес болуп калган адам кирбеши үчүн, Теңир үйүнүн дарбазасына дарбазачыларды койду.
20Жүз башыларды, төрөлөрдү, эл башчыларын, ошол жердеги бардык элди алып, падышаны Теңирдин үйүнөн узатып чыкты. Алар жогорку дарбаза аркылуу падышанын үйүнө келишип, падышаны падышачылык такка отургузушту.
21Ошол жердин бардык адамдары кубанычка батып, шаар бейкуттукка бөлөндү. Аталеяны болсо кылыч менен өлтүрүп салышты.