1Аматсия жыйырма беш жашында такка отуруп, жыйырма тогуз жыл Иерусалимде падышачылык кылды. Анын энесинин аты – Жейодан, ал иерусалимдик эле.
2Ал Теңирге жаккан иштерди кылды, бирок аларды бүт жүрөгү менен кылган жок.
3Анын падышачылык бийлиги бекемделген соң, падыша атасын өлтүргөн өз кулдарын өлтүрдү.
4Бирок алардын балдарын өлтүргөн жок, анткени Теңирдин Мусага берген мыйзам китебинде мындай деп жазылган: «Балдары үчүн аталары өлтүрүлбөсүн, аталары үчүн балдары өлтүрүлбөсүн, ар ким өз кылган кылмышы үчүн өлүм жазасына тартылсын».
5Аматсия бардык жүйүт элин чогултту. Жүйүт жана Бенжемин урууларына миң башылар менен жүз башыларды койду. Алардын жыйырма жаштагыларын жана андан жогоркуларын эсептеп чыгып, найза, калкан көтөргөн, согушка жарактуу үч жүз миң адамды тандап алды.
6Ошондой эле жүз талант күмүшкө жүз миң жоокерди ысрайылдыктардан жалдап алды.
7Бирок Кудайдын кишиси ага келип, мындай деди: «Падыша! Сени менен Ысрайыл аскерлери барбасын, анткени Теңир ысрайылдыктар менен да, Эпрайымдын уулдары менен да эмес.
8Сен өзүң жалгыз бар, эрдик кылып майданга кир. Болбосо Кудай сени душмандын көз алдында кулатат, анткени колдой турган да, кулата турган да Кудай Өзү».
9Аматсия Кудайдын кишисине: «Ысрайыл аскерлерине мен берген жүз талант күмүштү эмне кылыш керек?» – деди. Кудайдын кишиси: «Кудай сага андан көптү бере алат», – деди.
10Ошондо Аматсия Эпрайым жеринен келген аскерлерди өз жерине кетириш үчүн бөлүп салды. Алар жүйүттөргө абдан ачууланып, өз жерлерине ачууланган бойдон кетишти.
11Аматсия болсо кайраттанып, өз элин баштап, Туздуу өрөөнүнө жетип, Сеирдин он миң уулун кырып салды.
12Жүйүт уулдары алардын он миң адамын колго түшүрүп, аларды асканын чокусуна алып чыгып, кулатып жиберишти, алардын сөөгү талкаланды.
13Аматсия согушка катыштырбай, кайра жөнөткөн аскерлер болсо Самариядан Бейт-Хоронго чейинки Жүйүт аймагынын шаарларына чачырап кетишти. Алар ошол шаарларга кол салып, үч миң адамды өлтүрүп, өтө көп олжого ээ болушту.
14Аматсия эдомдуктарды талкалап келгенден кийин, Сеир уулдарынын кудайларын алып келип, өзүнө кудай кылып койду да, аларга табынып, жыпар жыттуу зат түтөттү.
15Ошондо Теңир Аматсияга катуу каарданып, ага пайгамбарын жиберди. Пайгамбар ага: «Сен эмне үчүн сенин колуңдан өз элин куткара албаган бул элдин кудайларына табынып жатасың?» – деди.
16Ал ушинтип айтканда, падыша ага: «Сени падышага кеңешчи кылып коюшту беле? Токтот! Болбосо сени өлтүрүп коюшат», – деди. Пайгамбар унчукпай туруп, кайра: «Кудай сени жок кылууну чечкенин билдим, анткени сен ушул ишти кылып, менин кеңешимди укпай койдуң», – деди.
17Жүйүт падышасы Аматсия өзүнүн кеңешчилери менен кеңешип көрүп, Ысрайыл падышасы, Жейунун уулу, Жаахаздын уулу Жаашка киши жиберип: «Кел, жекеме-жеке беттешели», – деп айттырды.
18Ошондо Ысрайыл падышасы Жааш Жүйүт падышасы Аматсияга мындай деп айттырды: «Лебанондо өскөн тикенек Лебанондо өскөн кедрге киши жиберип: “Кызыңды менин балама бер”, – деп айттырыптыр. Бирок Лебанондогу жапайы жырткычтар өтүп, ал тикенекти тебелеп салышты.
19Сен: “Мен эдомдуктарды талкаладым”, – деп, текеберденип, өзүңдү өзүң көтөрүп жатасың. Андан көрө үйүңдө эле отура берсеңчи! Коркунучтуу ишти баштап эмне кыласың? Өзүң менен кошо Жүйүт аймагын да өлтүрөсүң».
20Бирок Аматсия анын сөзүн уккан жок, анткени алар эдомдуктардын кудайларына табына баштагандыктан, аларды Жааштын колуна салып бериш үчүн, бул иш Кудайдан болду.
21Ысрайыл падышасы Жааш аттанып чыгып, Жүйүт падышасы Аматсия менен Жүйүт аймагындагы Бейт-Шемеште жекеме-жеке беттешти.
22Ошондо ысрайылдыктар Жүйүт аймагындагыларды талкалап салышты. Ар ким өз үйүнө качты.
23Ысрайыл падышасы Жааш Жаахаздын уулу, Жааштын уулу, Жүйүт падышасы Аматсияны Бейт-Шемеште туткунга алып, аны Иерусалимге алып келди. Анан Иерусалим дубалын Эпрайым дарбазасынан бурчтагы дарбазага чейин, төрт жүз чыканак уратты.
24Анан Кудай үйүнөн Обейт-Эдомдун көзөмөлүндөгү алтын-күмүштөрдү, кымбат идиштерди, падыша үйүнүн казынасын, башы барымтага алынган кишилерди алып, Самарияга кайтып келди.
25Жүйүт падышасы, Жааштын уулу Аматсия Ысрайыл падышасы, Жаахаздын уулу Жааш өлгөндөн кийин, дагы он беш жыл жашады.
26Аматсиянын калган иштери, алгачкысы да, акыркысы да Жүйүт жана Ысрайыл падышаларынын китептеринде жазылган.
27Аматсия Теңирден баш тарткандан кийин, Иерусалимде ага каршы чыккынчылык уюштурушту. Ошондо ал Лакишке качып кетти. Анын артынан киши жиберип, аны ошол жерде өлтүрүштү.
28Анын сөөгүн аттар менен алып келип, Жүйүттүн шаарына, ата-бабаларынын жанына коюшту.