1Бүткүл жүйүт эли чогулуп, он алтыга чыккан Узияны атасы Аматсиянын ордуна падыша кылып коюшту.
2Падыша көз жумуп, ата-бабаларына кошулду. Ошондон кийин Узия Эйлатты куруп, аны Жүйүткө кайрып алды.
3Узия он алты жашында такка отуруп, Иерусалимде элүү эки жыл падышачылык кылды. Анын энесинин аты – Жехолия, ал иерусалимдик эле.
4Ал атасы Аматсияга окшоп, Теңирге жаккан иштерди кылды.
5Ал Кудайдан коркууну үйрөткөн Захариянын тушунда Кудайга кайрылып турду. Ал Кудайга кайрылып турган убакта, Кудай аны ийгиликке жеткирип турду.
6Ал пелиштиликтер менен салгылашып, Гаттын, Жапненин, Азоттун дубалдарын талкалады. Азот аймагына жана пелиштиликтердин аймагына жаңы шаарларды курду.
7Пелиштиликтер менен, Гур-Баалда жашаган аравиялыктар менен жана мейуниттиктер менен болгон согушта Кудай ага жардам берди.
8Узияга амондуктар салык төлөп турушту. Анын ысымы Мисир жерине чейин жетти, анткени ал абдан күч-кубаттуу падыша болгон.
9Узия Иерусалимдин бурч-бурчундагы дарбазаларынын үстүнө, өрөөндү караган дарбазаларынын үстүнө жана бурчуна мунараларды куруп, аларды бекемдеди.
10Чөлгө да мунараларды салып, кудуктарды казды, анткени анын ойдо да, түздө да көп малы болгон. Тоолордо, Кармелде дыйкандары менен багбандары бар эле, анткени ал дыйканчылыкты жакшы көрчү.
11Узиянын кошуундарга бөлүнгөн согушка чыкчу мыкты аскерлери да болгон, аларды падышанын төрөлөрүнөн болгон Хананиянын жетекчилиги астында Жейел катчы менен Маасея көзөмөлчү санап чыгып, тизмеге каттаган.
12Тайманбас жоокерлерди башкарган уруу башчылардын саны эки миң алты жүз болгон.
13Алардын кол астында душманга каршы салгылашта падышага жөлөк боло турган, согушка жалтанбай кире турган үч жүз жети миң беш жүз аскери болгон.
14Узия бүт аскерлери үчүн калкандарды, найзаларды, туулгаларды, соотторду, жааларды, салмоор таштарды арбын даярдады.
15Ал Иерусалимдин мунараларына, бурчтарына акылдуу кишилер ойлоп тапкан жебе тарткан, таш ыргыткан куралдарды орнотту. Ошентип, анын атагы алыска кетти, анткени ал укмуштуудай коргонуп, күч-кубаттуу падыша болуп калды.
16Бирок күч-кубаттуу болуп калганда, анын жүрөгү менменсинип кетти, ошол анын өлүмүнө себеп болду. Ал өз Кудай-Теңиринин алдында кылмышкер болуп калды. Анткени ал жыпар жыттуу зат түтөтүлүүчү жайда жыпар жыттуу зат түтөтүү үчүн, Теңирдин ийбадатканасына кирди.
17Ошондо башкы ыйык кызмат кылуучу Азария менен Теңирдин сексен адил ыйык кызмат кылуучусу анын артынан кирди.
18Алар падыша Узияга каршы болуп, мындай дешти: «Теңирге жыпар жыттуу зат түтөтө турган сен эмессиң, Узия, бул иш – жыпар жыттуу зат түтөтүүгө арналган ыйык кызмат кылуучулардын, Арундун уулдарынын иши. Ыйык жайдан чыгып кет, сен мыйзамда жок ишти кылдың, бул иш үчүн Кудай-Теңирден сага урмат көрсөтүлбөйт».
19Ошондо колуна жыпар жыттуу зат түтөтө турган чөйчөктү кармап турган Узиянын ачуусу келди. Ал ыйык кызмат кылуучуларга ачууланган кезде, Теңирдин үйүндөгү жыпар жыттуу зат түтөтүлө турган жайда, ыйык кызмат кылуучулардын көз алдында анын чекесине так түштү, аны пес оорусу каптады.
20Башкы ыйык кызмат кылуучу Азария менен бардык ыйык кызмат кылуучулар аны карап, анын чекесиндеги пес ооруну көрүштү. Аны ал жерден чыгып кетүүгө мажбурлашты, ал өзү да кетүүгө шашылды, анткени Теңир аны жазалады.
21Ошентип, Узия падыша өлөр-өлгөнчө пес оорусу менен ооруп, өзүнчө үйдө жашады. Теңир үйүнөн чыгарылды. Падышанын үйүнө анын уулу Жотам көз салып, элди башкарды.
22Узиянын калган иштерин, алгачкысын да, акыркысын да Амостун уулу Ышайа пайгамбар жазып калтырды.
23Ошентип, Узия ата-бабаларына кошулду. Эл аны: «Бул пес оорулуу», – деп, ата-бабаларынын жанына, падышалардын мүрзөлөрүнөн обочороок талаага коюшту. Анын ордуна уулу Жотам падыша болду.