1Жотам падыша болгондо жыйырма беш жашта эле, ал Иерусалимде он алты жыл падышачылык кылды. Анын энесинин аты – Жеруша, ал Садоктун кызы болчу.
2Ал атасы Узияга окшоп, Теңирге жаккан иштерди кылды. Бирок ал Теңирдин ийбадатканасына кирген жок. Эл күнөөгө бата берди.
3Ал Теңир үйүнүн жогорку дарбазасын салды жана Опел дубалына көп нерселерди жасатты.
4Жүйүт тоосуна шаарларды, токойлорго ак сарайларды, мунараларды курду.
5Ал амондуктардын падышасы менен согушуп, аларды жеңип алды. Ошол жылы амондуктар ага жүз талант күмүш, он миң кор буудай, он миң кор арпа беришти. Амондуктар келерки жылы да, андан кийинки жылы да ушундай өлчөмдө беришти.
6Жотам күч-кубаттуу падыша болду, анткени ал өз Кудай-Теңиринин жолу менен жүрдү.
7Жотамдын калган иштери, анын бардык согуштары жана кандай жашаганы Ысрайыл менен Жүйүт падышаларынын китебинде жазылган.
8Ал такка отурганда, жыйырма беш жашта эле, Иерусалимде он алты жыл падышачылык кылды.
9Жотам көз жумуп, ата-бабаларына кошулду, аны Дөөттүн шаарына коюшту. Анын ордуна уулу Ахаз падыша болду.