1Ахаз такка отурганда, жыйырма жашта эле, ал Иерусалимге он алты жыл падышачылык кылды. Атасы Дөөт Теңирге жаккан иштерди жасаган, Ахаз болсо анткен жок.
2Ал Ысрайыл падышаларынын жолуна түшүп кетти, атүгүл, Баал буркандарын куюп жасады.
3Ал Ином уулдарынын өрөөнүндө жыпар жыттуу зат түтөттү. Теңир Ысрайыл уулдарынын көз алдында кууп чыккан элдин жийиркеничтүү иштерин туурап, өз балдарын отко өрттөдү.
4Бийик жердеги бутканаларда, дөбөлөрдө, ар кандай бутактуу дарактардын түбүнө курмандык чалып, жыпар жыттуу зат түтөттү.
5Ошондо анын Кудай-Теңири аны Сирия падышасынын колуна салып берди. Алар аны талкалап, көп адамын колго түшүрүп, Дамаскка алып кетишти. Ошондой эле аны Ысрайыл падышасынын колуна салып беришти, ал аны катуу талкалады.
6Ремалия уулу Пеках жүйүттөрдүн жүз жыйырма миң эр жүрөк жоокерин бир күндө өлтүрдү, анткени алар ата-бабаларынын Кудай-Теңирин таштап коюшкан.
7Эпрайымдыктардын алп балбаны Зихри падышанын уулу Маасеяны, сарай башчысы Азрикамды жана падышадан кийинки экинчи киши Элкананы өлтүрдү.
8Ысрайыл уулдары өз бир туугандары жүйүттөрдүн эки жүз миң аялын, уулдарын, кыздарын туткундап алышты. Ошондой эле алардын мал-мүлкүн талап-тоноп алып, Самарияга жөнөтүштү.
9Ал жерде Теңирдин пайгамбары бар эле, анын аты – Одейт. Ал Самарияга келе жаткан аскерлердин алдынан чыгып, аларга мындай деди: «Мына, ата-бабаларыңардын Кудай-Теңири жүйүттөргө каарданып, аларды силердин колуңарга салып берди, силер аларды асманга жеткен ушунчалык катуу каар менен талкаладыңар.
10Эми силер Жүйүт менен Иерусалимдин уулдары менен кыздарын өзүңөргө кул, күң кылгыңар келип жатат. Кудай-Теңирдин алдында өзүңөр күнөөлүү эмессиңерби?
11Менин тилимди алып, туткундап алган бир туугандарыңарды артка жөнөткүлө, анткени Теңир силерге каарданып жатат».
12Эпрайым уулдарынын кээ бир эл башчылары: Жоханан уулу Азария, Мешилеймоттун уулу Берекия, Шалумдун уулу Жехиския, Хадлайдын уулу Амаса согуштан келе жаткан аскерлердин алдына тура калышты.
13Анан аларга мындай дешти: «Туткундарды бул жерге алып келбегиле, анткени Теңирдин алдында күнөөгө батабыз. Өзүбүздүн кылмыштарыбыз менен күнөөлөрүбүздүн үстүнө дагы күнөө кошолу дейсиңерби? Биздин күнөөлөрүбүз өтө көп, Теңир Ысрайылга каарданып жатат».
14Ошондо жоокерлер туткундар менен олжолорду аскер башчылар менен бүт элдин алдында калтырышты.
15Аттары аталган эркектер туруп келип, туткундарды бошотуп, ач-жылаңачтарды олжодон кийиндирип, буттарына бут кийим берип, тамактандырып, зайтун майын сүйкөп, алсыздарын эшектерге мингизип, өз бир туугандарын карай, курма пальмасы өскөн Жерихо шаарына жөнөтүштү, өздөрү Самария өлкөсүнө кайтып келишти.
16Ошол кезде Ахаз падыша жардам сурап, Ашур падышаларына киши жөнөттү.
17Анткени эдомдуктар дагы келип, алардын көбүн талкалап, туткундап кетишти.
18Пелиштиликтер түзөңдөгү шаарларга, Жүйүт аймагынын түштүк тарабына кирип барышып, Бейт-Шемешти, Айалонду, Гедейротту, Сохону жана анын карамагындагы шаарларды, Тимнаны жана анын карамагындагы шаарларды, Гимзону жана анын карамагындагы шаарларды багынтып, ошол жерлерге отурукташып алышты.
19Теңир Жүйүт аймагын Жүйүт падышасы Ахаз үчүн мына ушинтип жазалады, анткени ал Жүйүт аймагын бузуп жиберген, Теңирдин алдында оор күнөөгө баткан.
20Ага Ашур падышасы Тиглат-Пилнесер да келди. Ал ага жардам бермек түгүл, ага көп түйшүк алып келди.
21Анткени Ахаз Теңир үйүнүн, падышанын үйүнүн жана төрөлөрдүн казыналарын алып, Ашур падышасына берген. Бирок бул да ага жардам берген жок.
22Ахаз падыша кыйналып жаткан убагында да Теңирдин алдында мыйзамсыздык кыла берди.
23«Сирия падышаларынын кудайлары аларга жардам берип турат. Аларга арнап курмандык чалсам, алар мага жардам беришет», – деп, ал Дамаск кудайларына курмандык чалды, анткени мени талкалаган ошолор деп ойлоду. Бирок бул иштер Ахаздын жана бүткүл Ысрайылдын кулап калуусуна себеп болду.
24Ахаз Кудай үйүндөгү идиштерди жыйнап алып, аларды талкалады. Анан Теңир үйүнүн эшиктерин бекитип салды, Иерусалимдин бардык булуң-бурчтарына курмандык чалынуучу жайларды жасады.
25Жүйүттүн бардык шаарларында башка кудайларга жыпар жыттуу зат түтөтүү үчүн бутканаларды куруп, өз ата-бабаларынын Кудай-Теңирин каардантты.
26Анын калган иштери, алгачкысы да, акыркысы да Жүйүт менен Ысрайыл падышаларынын китебинде жазылган.
27Ахаз көз жумуп, өз ата-бабаларына кошулду, аны Иерусалим шаарына коюшту, бирок Ысрайыл падышаларынын мүрзөсүнө коюшкан жок. Анын ордуна баласы Хиския падыша болду.