2 Жылнаама 29:1-36 KYB2004 - Bible AI

1Хиския жыйырма беш жашында такка отуруп, Иерусалимде жыйырма тогуз жыл падышачылык кылды. Энесинин аты – Абия, ал Захариянын кызы эле.

2Ал атасы Дөөткө окшоп, Теңирге жаккан иштерди кылды.

3Ал падышачылыгынын биринчи ай, биринчи жылында Теңир үйүнүн эшиктерин ачып, аларды оңдоду.

4Ыйык кызмат кылуучулар менен лебилерди чакырып, аларды Кудай үйүнүн чыгыш тарабындагы аянтка чогултуп,

5аларга мындай деди: «Лебилер, мени уккула! Азыр өзүңөрдү жана ата-бабаңардын Кудай-Теңиринин үйүн ыйыктагыла, бардык таза эмес нерсени ыйык жайдан алып чыккыла.

6Анткени ата-бабаларыбыз мыйзамсыздык кылып, биздин Кудай-Теңирибизге жакпаган иштерди жасашты. Өз Теңирин таштап, Анын турак жайынан жүздөрүн буруп, далысын салышты.

7Теңир үйүнүн кире бериш бөлмөсүнүн эшиктерин бекитип, күйүп турган шамдарды өчүрүштү, Ысрайылдын Кудайынын ыйык жайында жыпар жыттуу зат түтөтүшкөн жок, бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктарды чалбай калышты.

8Ошондо Теңир Жүйүт аймагы менен Иерусалимге каарын төктү. Өз көзүңөр менен көрүп тургандай, алардын кордолушуна, кыйрашына, шылдыңга калуусуна жол берди.

9Мына ошон үчүн ата-бабаларыбызды кылычтап өлтүрүштү, уул-кыздарыбыз, аялдарыбыз болсо ушул күнгө чейин туткунда жүрүшөт.

10Азыр менин жүрөгүмдө Ысрайылдын Кудай-Теңири менен келишим түзөм деген ой бар, ошондо Ал Өзүнүн жалындаган каарын кайт кылар.

11Балдарым! Шалаакылык кылбагыла, анткени Теңир силерди Өзүнүн алдында турушуңар үчүн, Өзүнө кызмат кылып, Өзүнүн кызматчылары болуп, жыпар жыттуу заттарды түтөтүшүңөр үчүн тандап алган».

12Ошондо бул лебилер туруп келишти: Каат уулдарынан: Амасай уулу Махат, Азария уулу Жоел; Мерари уулдарынан: Обадия уулу Киш, Жейелелей уулу Азария; Гейиршон уруусунан: Зима уулу Жаах, Жаах уулу Эден;

13Элитсапан уулдарынан: Шимри менен Жейел; Асап уулдарынан: Захария менен Матания;

14Эйман уулдарынан: Жехиел менен Шимей; Жедутун уулдарынан: Шемая менен Узиел.

15Булар бир туугандарын чогултушту, алар ыйыкталышты. Анан Теңирдин сөзү боюнча, падышанын буйругу боюнча Кудай үйүн тазалаганы келишти.

16Ыйык кызмат кылуучулар Теңир үйүн тазалаш үчүн, ичине киришти. Теңирдин ийбадатканасынан табылган таза эмес нерселердин баарын Теңир үйүнүн короосуна алып чыгышты. Лебилер болсо аларды Кидрон суусуна алып барыш үчүн, сыртка алып чыгышты.

17Алар биринчи айдын биринчи күнү ыйыктоону башташты, ошол эле айдын сегизинчи күнү Теңир үйүнүн кире бериш бөлмөсүнө киришти. Теңир үйүн сегиз күн ыйыкташып, биринчи айдын он алтынчы күнү аякташты.

18Хиския падышанын үйүнө келип, мындай дешти: «Биз Теңир үйүн, курмандык бүтүндөй өрттөлүүчү жайды, анын идиштерин, нан тартуусу коюла турган үстөлдү, анын идиштерин ыйыктап чыктык.

19Ахаз падыша мыйзамсыздык менен падышачылык кылып турганда ыргытып салган идиштерди колдонууга даярдап, ыйыктап койдук. Алар азыр Теңирдин курмандык чалынуучу жайынын алдында турат».

20Хиския падыша эртең менен эрте туруп, бардык шаар башчыларын чогултуп, Теңир үйүнө барды.

21Падышачылыктын, ыйык жайдын, жүйүт элинин күнөөсү үчүн жети букачар, жети кочкор, жети козу, жети теке жетелеп келишти. Анан ал ыйык кызмат кылуучуларга, Арундун уулдарына Теңирдин курмандык чалынуучу жайында бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктарды өрттөөнү буйрук кылды.

22Ыйык кызмат кылуучулар букачарларды союшуп, канынан алып, курмандык чалынуучу жайга чачышты, анан кочкорлорду союшуп, канынан алып, курмандык чалынуучу жайга чачышты, ошондой эле козуларды союшуп, канынан алып, курмандык чалынуучу жайга чачышты.

23Анан күнөө үчүн чалынуучу текелерди падыша менен жамааттын алдына алып келишти, алар колдорун текелердин башына коюшту.

24Ыйык кызмат кылуучулар аларды союшуп, бүт Ысрайылдын күнөөсүн жууш үчүн, курмандык чалынуучу жайды алардын каны менен тазалашты, анткени бүткүл Ысрайыл эли үчүн падыша бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктарды жана күнөө үчүн чалынуучу курмандыктарды чалууну буйрук кылган.

25Бул буйрук Теңирдин пайгамбарлары аркылуу берилгендиктен, Дөөттүн, падышанын көрөгөчү Гаттын, Натан пайгамбардын айткан буйругу боюнча, ал лебилерди жез табак, арфа, лира менен Кудай үйүнө койду.

26Дөөттүн музыкалык аспаптарын лебилер алып, ыйык кызмат кылуучулар сурнайларды алып, өз-өз орундарында турушту.

27Анан Хиския курмандык чалынуучу жайда бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкты өрттөөнү буйрук кылды. Бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык өрттөлө баштаганда, Ысрайыл падышасы Дөөттүн күү аспаптары менен сурнайларынын коштоосунда Теңирге арналган ыр ырдала баштады.

28Бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык өрттөлүп бүткөнчө, бүт эл сыйынып, ырчылар ырдап, сурнайчылар сурнай тартып турушту.

29Бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык өрттөлүп бүткөндөн кийин, падыша жана анын жанында тургандардын баары тизелеп, Кудайга таазим этишти.

30Анан Хиския падыша менен төрөлөр лебилерге: «Дөөттүн жана көрөгөч Асаптын сөздөрү менен Теңирди даңктагыла», – дешти. Ошондо алар кубаныч менен даңкташып, тизе бүгүп, Теңирге таазим этишти.

31Анан Хиския сөзүн мындай деп улантты: «Эми силер өзүңөрдү Теңирге арнадыңар. Баргыла, курмандыктарыңарды жана ыраазычылык билдирип алып келген курмандыктарыңарды Теңир үйүнө алып келгиле». Ошондо жыйналган элдин бардыгы курмандыктар менен ыраазычылык билдирип алып келген курмандыктарын алып келишти. Ал эми каалагандар бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктарды алып келишти.

32Жыйналган элдин алып келген бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктарынын саны жетимиш өгүз, жүз кочкор, эки жүз козу болду. Мунун баары Теңирге арнап бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык чалуу үчүн болду.

33Башка ыйык курмандыктарга алты жүз бодо мал, үч миң майда мал келди.

34Бирок ыйык кызмат кылуучулар аз болгондуктан, бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка союлган малдардын терисин сыйрууга жетишпей жатышты. Бул иш бүткөнгө чейин жана калган ыйык кызмат кылуучулар ыйыкталып бүткөнгө чейин, аларга бир туугандары, лебилер, жардам беришти. Өздөрүн ыйыктоодо ыйык кызмат кылуучуларга караганда лебилер кылдат болушту.

35Бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктар, тынчтык курмандыктарынын майлары, бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктын үстүнө куюлуучу шараптар көп болду. Теңир үйүндө кызмат кылуу ушинтип калыбына келди.

36Эл үчүн Кудайдын даярдаган нерселерин көрүп, Хиския менен эл сүйүндү. Анткени бул күтүлбөгөн жерден болду.

le>