1Сулайман Иерусалимде, Мориа тоосунда Теңир үйүн кура баштады. Ал аны атасы Дөөткө Теңир көрсөткөн жерге, Дөөт даярдап кеткен жебустук Арабенанын кырманы турган жерге, кура баштады.
2Үйдү ал падышачылык бийлигинин төртүнчү жылында, экинчи айдын экинчи күнүндө кура баштады.
3Сулайман куруп жаткан Кудай үйүнүн пайдубалынын узундугу мурунку чен-өлчөм боюнча алтымыш чыканак, туурасы жыйырма чыканак болду.
4Yйдүн кире бериш бөлмөсүнүн узундугу имараттын туурасы сыяктуу эле жыйырма чыканак, ал эми бийиктиги жүз жыйырма чыканак болду. Анын ички бетин таза алтын менен каптады.
5Негизги имаратты кипарис жыгачтары менен каптап чыгып, анын үстүнөн эң жакшы алтын менен каптады да, анын бетине пальмалардын жалбырактары менен чынжырчаларды чыгарды.
6Кооздук үчүн, үйдүн дубалдарын асыл таштар менен каптады. Алтындар Парбайымдын алтындары эле.
7Yйдү, устундарын, босоголорун, дубалдарын, эшиктерин алтын менен каптады, дубалдарга керуптардын сүрөттөрү оюлуп жасалды.
8Анан ыйыктын ыйыгы бөлмөсүн жасады. Анын узундугу менен туурасы имараттын туурасы сыяктуу эле жыйырма чыканак болду. Аны алты жүз талант таза алтын менен каптады.
9Мыктардын салмагы элүү шекел алтын болду. Ошондой эле үстүнкү бөлмөлөрдү да алтын менен каптады.
10Ыйыктын ыйыгы бөлмөсүнө эки керупту оюп жасап, аларды да алтын менен каптады.
11Керуптардын канаттарынын узундугу жыйырма чыканак болду. Беш чыканак болгон бир канаты үйдүн дубалына жетип, беш чыканак болгон экинчи канаты экинчи периштенин канаты менен тийишип турду.
12Ошондой эле экинчи керуптун беш чыканак канаты да дубалга жетип, беш чыканак экинчи канаты экинчи керуптун канаты менен тийишип турду.
13Бул керуптардын канаттары жыйырма чыканакка жайылып турду, буттары менен турган алардын жүздөрү ичкери карап турду.
14Жакут, ачык кызыл, кочкул кызыл түстүү кездемелерден жана зыгыр кездемеден көшөгө жасап, анын бетине керуптарды түшүрдү.
15Ийбадаткананын алдына узундугу отуз беш чыканак келген эки мамы орнотту, ар бир мамынын үстүнкү бөлүгүнүн узундугу беш чыканак эле.
16Ыйык жайдыкындай чынжырчаларды жасап, аларды мамылардын баш жагына койду. Жүз анар жемишин жасап, чынжырчалардын үстүнө койду.
17Мамыларды ийбадаткананын алдына, бирин анын оң жагына, экинчисин сол жагына орнотуп, оң жагындагысын Жахин, сол жагындагысын Бууз деп атады.