1Хиския Ысрайыл менен Жүйүттүн бардык аймагына чабармандарды чаптырып, Ысрайылдын Кудай-Теңирине арнап Пасах майрамын өткөрүш үчүн, Иерусалимге, Теңирдин үйүнө келүүгө Эпрайым менен Менашеге кат жазып жөнөттү.
2Падыша өз төрөлөрү менен жана Иерусалимдеги эл менен Пасах майрамын экинчи айда өткөрөлү деп кеңешти.
3Анткени аны өз убагында өткөрө албай калышкан, себеби ыйык кызмат кылуучулар жетишерлик санда ыйыкталып бүтө элек болчу, эл да Иерусалимге жыйнала элек болчу.
4Муну падыша да, бүт эл да жактырды.
5Ысрайылдын Кудай-Теңиринин Пасах майрамын өткөрүш үчүн, Бейер-Шебадан Данга чейинки аймакта жашаган ысрайылдыктардын баарына Иерусалимге келүүнү жарыя кылууну чечишти, себеби мыйзамда жазылгандай, ал майрамды көптөн бери өткөрүшө элек болчу.
6Чабармандар падышадан, анын төрөлөрүнөн каттарды алып, бардык Ысрайыл менен Жүйүттүн жерлерине чапкылап, падышанын буйругун жар салып жүрүштү: «Оо Ысрайыл уулдары! Ата-бабаңар Ыбрайым, Ыскак, Ысрайылдын Кудай-Теңирине кайрылгыла! Ошондо Ашур падышаларынын колдорунан аман калган силерге Ал да жүзүн бурат.
7Ата-бабаларыңардын Кудай-Теңиринин алдында мыйзамсыз иш кылган өзүңөрдүн ата-бабаларыңар менен бир туугандарыңардай болбогула. Өзүңөр көрүп турганыңардай, Теңир алардын кыйратылуусуна жол берди.
8Эми ата-бабаларыңарга окшоп тоң моюн болбогула, Теңирге моюн сунгула. Түбөлүккө ыйык кылып койгон Анын ыйык жайына келгиле. Өз Кудай-Теңириңерге кызмат кылгыла. Ошондо Ал силерден жалындаган каарын кайт кылат.
9Силер Теңирге кайрылсаңар, силердин бир туугандарыңар, балдарыңар туткундап алгандардан ырайым таап, өз жерине кайтышат, анткени Кудай-Теңириңер ырайымдуу, боорукер. Эгерде силер Кудай-Теңириңерге кайрылсаңар, Ал силерден жүзүн бурбайт».
10Чабармандар Эпрайымдын, Менашенин жерлеринде шаардан шаарга чапкылап, Забулундун жерине чейин жетишти. Бирок аларды шылдыңдап, мазактап жатышты.
11Ошого карабастан Ашырдын, Менашенин, Забулундун тукумдарынан кээ бирөөлөр моюн сунуп, Иерусалимге келишти.
12Жүйүт аймагындагылар Теңирдин сөзү боюнча падыша менен төрөлөрдүн буйруктарын аткарышы үчүн, аларга бир жүрөк берген Кудайдын колу алардын үстүндө болду.
13Экинчи айда Ачыткысыз нан майрамын өткөрүш үчүн, Иерусалимге көп эл келди, ал жерге көп сандагы эл чогулду.
14Иерусалимдеги курмандык чалынуучу жайларды кыйратып, таш буркандарга арнап жыпар жыттуу зат түтөтүлүүчү жайлардын баарын талкалап, Кидрон суусуна ыргытып жиберишти.
15Экинчи айдын он төртүнчү күнү Пасах майрамына арналган козуну союшту. Ыйык кызмат кылуучулар менен лебилер уялышып, өздөрүн ыйыкташты да, Теңир үйүнө бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктарды алып келишти.
16Кудайдын кулу Мусанын мыйзамы боюнча, өз тартиби боюнча өз-өз орундарына турушту. Ыйык кызмат кылуучулар лебилердин колунан козунун канын алып, кан чачышты.
17Жыйналган элдин арасында ыйыкталбаган адамдар көп болгондуктан, таза эместердин ордуна лебилер Теңирге арнап Пасах козусун союшту.
18Көпчүлүк эл, айрыкча Эпрайымдын, Менашенин, Исахардын, Забулундун тукуму тазаланган эмес экен, ошентсе да, алар Пасах тамагын жешти, бирок мыйзам боюнча эмес.
19Бирок Хиския алар үчүн: «Кайрымдуу Кудай, ыйыкталбаган болсо да, ата-бабаларынын Кудай-Теңирин издөөгө жүрөгүн бурган ар бир адамды кечире көр!» – деп сыйынды.
20Теңир Хискиянын сыйынганын угуп, элди кечирди.
21Иерусалимге келген Ысрайыл уулдары Ачыткысыз нан майрамын жети күн зор кубаныч менен майрамдашты. Лебилер менен ыйык кызмат кылуучулар күн сайын аспаптарда ойноп, Теңирди даңкташты.
22Анан Хиския Теңирге чын жүрөктөн кызмат кылган лебилерге жакшы сөздөрдү айтты. Майрам тамактарын жети күн жешип, тынчтык курмандыктарын чалышып, ата-бабаларынын Кудай-Теңирин даңазалашты.
23Бардык жыйын дагы жети күн майрамдоону чечип, ал жети күндү да шаттык менен өткөрүштү.
24Анткени Жүйүт падышасы Хиския жыйналган элге бир миң букачар, он миң майда мал берди жана төрөлөр да жыйналган элге бир миң букачар, он миң майда мал беришти. Ошентип, ыйыкталган ыйык кызмат кылуучулардын саны көбөйдү.
25Жүйүт аймагынан келген ыйык кызмат кылуучулар менен лебилер, Ысрайылдан келген эл, Жүйүт жана Ысрайыл жеринде жашаган келгиндердин бардыгы көңүл ачышты.
26Иерусалимде укмуштай кубанычтуу улуу майрам болду. Анткени Ысрайыл падышасы Дөөт уулу Сулаймандын тушунан бери мындай майрам өткөрүлө элек болчу.
27Ыйык кызмат кылуучулар менен лебилер туруп, жалпы элге бата беришти. Кудай алардын үнүн укту, алардын сыйынуусу Теңирдин асмандагы ыйык жайына жетти.