2 Жылнаама 33:1-25 KYB2004 - Bible AI

1Менаше такка отурганда, он эки жашта эле, ал Иерусалимде элүү беш жыл падыша болду.

2Ал Ысрайыл уулдарынын алдынан Теңир кууп салган элдин жийиркеничтүү иштерин туурап, Теңирге жакпаган иштерди кылды.

3Атасы Хиския жок кылып салган бийик жердеги бутканаларды кайрадан салып, Баалдарга курмандык чалынуучу жайларды куруп, Ашейра мамыларын тургузуп, асман кошуундарынын баарына табынып, ошолорго кызмат кылды.

4Ошондой эле «Менин атым Иерусалимде түбөлүк болот», – деп, Теңир айткан Кудай үйүнө да курмандык чалынуучу жайларды курду.

5Теңир үйүнүн эки короосуна тең асман кошуундарына арнап курмандык чалынуучу жайларды курду.

6Ал Ином уулдарынын өрөөнүндө өз уулдарын курмандыкка өрттөдү. Ал ошондой эле бал ачты, төлгө тартты, сыйкырчылык кылды жана өлгөндөрдү чакыргандарды, сыйкырчылык кылгандарды колдоду. Ошентип, ал Кудайга жакпаган иштерди көп кылып, Аны каардантты.

7Ал Кудай үйүнө оюп жасаткан бурканды койду. Бул үй жөнүндө Теңир Дөөткө жана анын уулу Сулайманга мындай деп айткан: «Ысрайылдын урууларынын ичинен Өзүм тандап алган Иерусалимде жана ушул үйдө Өз ысымымды түбөлүккө орнотом.

8Эгерде алар Мен Мусанын колу менен берген бардык мыйзам, буйрук, көрсөтмөлөрдү так аткарууга аракет кыла турган болсо, Мен алардын ата-бабаларына бекитип берген бул жерден мындан ары аларды кууп чыкпайм».

9Бирок Менаше Жүйүт аймагы менен Иерусалимдин тургундарын Ысрайыл уулдарынын алдынан Теңир кууп салган элдердин иштеринен да жаман иштерди кылууга түрттү.

10Теңир Менашеге жана анын элине сүйлөдү, бирок алар укпай коюшту.

11Ошондо Теңир Ашур падышасынын аскер башчыларын аларга каршы жөнөттү. Алар Менашени кишендеп, чынжырлап Бабылга алып келишти.

12Ал кыйналганда, өз Кудай-Теңирине жалына баштады. Ошентип, ал өз ата-бабаларынын Кудайынын алдында толук моюн сунду.

13Ага сыйынды, Кудай да ага назарын салып, сыйынуусун угуп, аны Иерусалимге, өз падышачылыгына кайра алып келди. Ошондо Менаше Теңирдин Кудай экенин тааныды.

14Ошондон кийин Дөөттүн шаарынын тышкы дубалдарын, Гихон суусунун батыш тарабындагы коктуну бойлото Балык дарбазасынын кире беришине чейин курду. Опелди тегерете дубал менен курчады, дубалды бийик көтөрдү. Жүйүт аймагындагы бекемделген шаарлардын бардык тарабына аскер башчыларды койду.

15Кудай үйүндөгү башка кудайларды, бурканды, Иерусалимдеги жана Теңир үйү турган тоодогу өзү тургузган бутканалардын бардыгын талкалап, шаардын сыртына ыргытты.

16Теңирдин курмандык чалынуучу жайын калыбына келтирип, ага тынчтык курмандыктары менен ыраазычылык курмандыктарын чалды. Анан Ысрайылдын Кудай-Теңирине гана кызмат кылууну жүйүттөргө буйруду.

17Бирок эл өз курмандыктарын Кудай-Теңирине арнаганы менен, дагы эле бутканаларда курмандыктарды чала берди.

18Менашенин калган иштери, өз Кудайына жалынган сыйынуусу, ага Ысрайыл Кудай-Теңиринин атынан көрөгөчтөрдүн айткан сөздөрү Ысрайыл падышаларынын китебинде жазылган.

19Анын сыйынуусу, Кудайдын ага назар салуусу, мыйзамсыз иштерин жана күнөөсүн мойнуна алганга чейин бутканаларды, курмандык чалынуучу жайларды курганы, Ашейра мамыларын жана буркандарды койгону Хозайдын китебинде жазылган.

20Менаше көз жумуп, ата-бабаларына кошулду, аны өз үйүнө коюшту. Анын ордуна уулу Амон падыша болду.

21Амон такка отурганда, жыйырма эки жашта эле, ал Иерусалимде эки жыл падышачылык кылды.

22Ал атасы Менашеге окшоп, Теңирге жакпаган иштерди кылды. Атасы Менаше жасаган бардык буркандарга курмандык чалып, ошолорго кызмат кылды.

23Ал атасы Менашеге окшоп, Теңирдин алдында моюн сунган жок, тескерисинче, атасынан да көп күнөөгө батты.

24Өз кулдары ага каршы кастык уюштурушуп, аны өз үйүндө өлтүрүп салышты.

25Бирок эл Амон падышага каршы кастык уюштургандарды өлтүрүп салды. Эл анын ордуна уулу Жошияны такка отургузду.

le>