1Жошия такка отурганда, сегиз жашта эле, ал Иерусалимде отуз бир жыл падышачылык кылды.
2Ал Теңирге жаккан иштерди жасап, өз атасы Дөөттүн жолу менен жүрдү, оңго да, солго да бурулган жок.
3Ал падышачылыгынын сегизинчи жылында, өспүрүм кезинде эле, атасы Дөөттүн Кудайына кайрыла баштаган. Ал эми падышачылыгынын он экинчи жылында Жүйүт аймагы менен Иерусалимди бутканалардан, Ашейра мамыларынан, оюп жана куюп жасалган жасалма кудайлардан тазалай баштаган.
4Эл анын алдында Баалдардын курмандык чалынуучу жайлары менен алардын үстүндөгү күн буркандарын кыйратып, Ашейра мамыларын кыйып, оюлуп, куюлуп жасалган жасалма кудайларды талкалап, майдалап туруп, күлдөрүн аларга курмандык чалгандардын мүрзөлөрүнүн үстүнө сапырып жиберди.
5Буткана кызматчыларынын сөөгүн алардын курмандык чалынуучу жайларынын үстүндө өрттөдү. Ошентип, ал Жүйүт аймагы менен Иерусалимди тазалады.
6Менашенин, Эпрайымдын, Шымондун шаарларында, атүгүл, Напталынын тукумуна чейин жана алардын ээн калган аймактарында болуп,
7курмандык чалынуучу жайларды кыйратып, Ашейра мамыларын кыйып, балбалдарды өрттөп, Ысрайыл жериндеги бардык буркандарды талкалап, Иерусалимге кайтты.
8Ал падышачылыгынын он сегизинчи жылында жерин жана Кудай үйүн тазалаткан соң, өз Кудай-Теңиринин үйүн калыбына келтириш үчүн, Атсалия уулу Шапанды, шаар башчысы Маасеяны, Жаахаз уулу Жаах катчыны жөнөттү.
9Алар башкы ыйык кызмат кылуучу Хилкияга келишип, элдин Кудай үйүнө алып келген күмүштөрүн тапшырышты. Ал күмүштөрдү эшик кайтарган лебилер Иерусалим тургундарынан, бүткүл Жүйүт менен Бенжеминден, ысрайылдыктардан, Менаше менен Эпрайым урууларынан чогултуп алышкан.
10Аларды Теңир үйүн оңдоп жаткан жумушчуларга таратып бериш үчүн, Теңир үйүндөгү жумушчулардын башчыларынын колдоруна тапшырышты.
11Алар Жүйүт падышалары бүлүнткөн имаратты кайрадан жабыш үчүн, чегилген таштарды жана шырык үчүн жыгач сатып алууга күмүштү усталар менен куруучуларга беришти.
12Бул адамдар тапшырылган жумуштарды ак ниеттүүлүк менен иштешти. Аларды көзөмөлдөп турууга: Мерари уулдарынан Жахат менен Обадия, Каат уулдарынан Захария менен Мешулам коюлду. Булар музыкалык аспаптарда ойной алган лебилер эле.
13Алар жүк ташуучулар менен ар кандай жумуштарды аткарган адамдарга көзөмөлдүк кылышты. Лебилердин ичинен катчылар, дарбазачылар, көзөмөлдөөчүлөр да бар эле.
14Теңир үйүндөгү күмүштөрдү алып жатканда, башкы ыйык кызмат кылуучу Хилкия Теңирдин Муса аркылуу берген мыйзам китебин таап алды.
15Хилкия катчы Шапанга: «Мен Теңир үйүнөн мыйзам китебин таап алдым», – деди да, китепти Шапандын колуна берди.
16Шапан китепти падышага алып келип, ага мындай деген кабарды айтты: «Кулдарың сен буйруган жумуштардын бардыгын жасап жатышат.
17Алар Теңир үйүнөн табылган күмүштөрдү алып, иш башкаруучулардын жана жумушчулардын колдоруна беришти».
18Катчы Шапан падышага дагы: «Башкы ыйык кызмат кылуучу Хилкия мага мына бул китепти берди», – деди. Шапан китепти падыша алдында окуду.
19Падыша мыйзам сөздөрүн укканда, өз кийимин айрып жиберди.
20Анан падыша Хилкия менен Шапандын уулу Акикамга, Михейдин уулу Абдонго, катчы Шапанга, падышанын кызматчысы Асаяга мындай деп буйрук берди:
21«Мен үчүн, аман калган Ысрайыл үчүн, Жүйүт үчүн бул табылган китепте жазылган мыйзам жөнүндө Теңирден сурагыла. Анткени ата-бабаларыбыз бул китепте жазылган сөздөр боюнча жүрбөй, Теңирдин сөздөрүн аткарбай койгондуктан, Теңирдин бизге болгон каары күчтүү».
22Ошондо Хилкия менен падышанын кишилери кийим кайтарган Хасранын уулу, Токаттын уулу Шалумдун аялы Хулда деген пайгамбар аялга барышты. Ал аял Иерусалимдин экинчи бөлүгүндө жашачу. Алар бул тууралуу аялга айтышты.
23Аял аларга мындай деди: «Ысрайылдын Кудай-Теңири мындай дейт: Силерди мага жиберген кишиге айткыла:
24Теңир мындай дейт: “Эми Мен Жүйүт падышасынын алдында окуп берген китепте жазылган алааматты бул жерге каптатам жана бул жерде жашагандарды каргышка калтырам.
25Анткени алар Мени таштап, башка кудайларга жыпар жыттуу зат түтөтүшүп, өз колдору менен кылган кылмыштары менен Мени каардантышты. Менин каарым алар турган жерде жалындап күйөт, өчпөйт”.
26Ал эми Теңирден сурап билүүгө жиберген Жүйүт падышасына мындай айткыла: Китептеги сен уккан сөздөр тууралуу Ысрайылдын Кудай-Теңири мындай дейт:
27“Бул жер тууралуу, анда жашагандар тууралуу китепте жазылган Менин сөздөрүмдү угуп, Менин алдымда жүрөгүңдү жоошутуп, башыңды ийгендиктен, кийимиңди айрып, өкүнүп ыйлап, Менин алдымда моюн сунгандыктан, Сенин үнүңдү уктум.
28Мен сени өз ата-бабаларыңа кошом, сен тынчтык менен коюласың, сен жашаган бул жерге, анда жашаган элге Мен жибере турган алааматтарды сенин көзүң көрбөйт». Падышага Теңирдин жообун жеткиришти.
29Падыша Жүйүт аймагы менен Иерусалимдеги бардык аксакалдарды чакырууга чабарман чаптырды.
30Ошондо падыша, аны менен кошо бардык Жүйүт эли, Иерусалимдин тургундары, ыйык кызмат кылуучулар, лебилер, кичине дебей, чоң дебей бүт эл Теңир үйүнө келишти. Ал Теңир үйүнөн табылган мыйзам китептеги бардык сөздөрдү угуза окуду.
31Падыша өз ордунан туруп, Теңирдин жолу менен жүрүш үчүн, чын жүрөктөн, бүт жан-дилинен Анын осуяттарын, мыйзамдарын, көрсөтмөлөрүн аткарыш үчүн, бул китепте жазылган келишим сөздөрүн аткарыш үчүн, Теңирдин алдында келишим түздү.
32Анан падыша Иерусалимде жана Бенжемин жеринде жашагандардын бардыгына муну иш жүзүндө аткарууну буйруду. Ошондон кийин Иерусалим тургундары өз ата-бабаларынын Кудай-Теңиринин келишими боюнча жашай башташты.
33Ошентип, Жошия Ысрайыл уулдары табынган бардык жерлердеги жийиркеничтүү нерселерди алып таштады. Ысрайыл жеринде жашагандардын бардыгына өз Кудай-Теңирине кызмат кылууну буйруду. Анын көзү өткөнчө, алар өз ата-бабаларынын Кудай-Теңиринен баш тартышкан жок.