2 Жылнаама 35:1-27 KYB2004 - Bible AI

1Жошия Иерусалимде Теңирдин Пасах майрамын өткөрдү. Пасах козусун биринчи айдын он төртүнчү күнү союшту.

2Ал ыйык кызмат кылуучуларды өздөрүнүн кызмат орундарына коюп, Теңир үйүндө кызмат кылууга шыктандырды.

3Анан лебилерге, өздөрүн Теңирге арнаган Ысрайылдын бардык насаатчыларына мындай деди: «Ысрайыл падышасы Дөөттүн уулу Сулайман курган ийбадатканага келишим сандыгын койгула. Аны эми ийиниңерге көтөрүп жүрүүнүн зарылдыгы жок. Мындан ары Кудай-Теңирге жана Анын Ысрайыл элине ушул жерде кызмат кылгыла.

4Ысрайыл падышасы Дөөт жана анын уулу Сулайман падыша көрсөтүп кеткендей, уруу-урууңар боюнча, кезек-кезегиңер боюнча тургула.

5Ысрайыл уулдары болгон бир туугандарыңардын уруулары боюнча, лебилердин уруулары боюнча бөлүнүп, ыйык жайда тургула.

6Пасахка арналган козуну сойгула да, ыйыкталгыла, аны бир туугандарыңарга Теңирдин Муса аркылуу айткан сөзү боюнча даярдагыла».

7Анан Жошия ал жерде турган элдин уулдарынын бардыгына Пасах курмандыгы үчүн майда малдан, козу менен жаш текеден отуз миң жана үч миң букачар берди. Падыша буларды өз малынан берди.

8Анын төрөлөрү да элге, ыйык кызмат кылуучуларга, лебилерге өз каалоосу менен тартууларды алып келишти: Кудайдын үйүндө башчылык кылган Хилкия, Захария, Жехиел Пасах курмандыгы үчүн ыйык кызмат кылуучуларга эки миң алты жүз майда мал жана үч жүз өгүз беришти.

9Канания, анын бир туугандары Шемая, Натанаел жана лебилердин башчылары: Хашабия, Жейел, Жозабат Пасах курмандыгы үчүн лебилерге беш миң кой, беш жүз өгүз беришти.

10Пасахты өткөрүү кызматы мына ушундай болду. Падышанын буйругу боюнча ыйык кызмат кылуучулар өз-өз орундарында, лебилер өз кезеги менен турушту.

11Анан Пасах козусун союшту. Ыйык кызмат кылуучулар лебилердин колдорунан канды алып чачышты, лебилер болсо терисин сыйрышты.

12Мусанын китебинде жазылгандай, Теңирге арналып чалынуучу бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктарды Ысрайыл уулдарынын урууларына бөлүштүрүштү. Өгүздөрдү да ошондой кылышты.

13Мыйзам боюнча Пасах козусун отко кактап бышырышты. Ыйык курмандыктарды казандарга, карапаларга, мискейлерге бышырышып, дароо бардык элге таратышты.

14Андан соң өздөрү үчүн жана ыйык кызмат кылуучулар үчүн даярдашты, анткени Арундун уулдары, ыйык кызмат кылуучулар бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктарды жана майларды өрттөп, түн киргенге чейин колдору бошогон жок. Ошондуктан лебилер өздөрүнө жана Арундун уулдарына, ыйык кызмат кылуучуларга, даярдашты.

15Асаптын уулдары, ырчылар Дөөт менен Асаптын, Эйман менен падышанын көрөгөчү Жедутундун буйругу боюнча өз орундарында калышты, дарбазачылар да ар бир дарбазанын алдында турушту. Аларга өз кызматын таштап кетүүнүн кажети жок эле, анткени алар үчүн бир туугандары болгон лебилер даярдашчу.

16Жошия падышанын буйругу боюнча Теңирдин курмандык чалынуучу жайында курмандык өрттөп Пасахты өткөрүш үчүн, ошол күнү Теңирге кылган кызмат ушундай болду.

17Ал жерде болгон Ысрайыл уулдары Ачыткысыз нан майрамы менен Пасах майрамын жети күн бою өткөрүштү.

18Шемуел пайгамбардын күндөрүнөн бери Ысрайылда мындай Пасах майрамы өткөрүлгөн эмес эле. Жошия, ыйык кызмат кылуучулар, лебилер, Иерусалимде жашаган жүйүттөр менен ысрайылдыктар өткөргөн Пасах майрамын Ысрайыл падышаларынын бири да өткөргөн эмес.

19Бул Пасах майрамы Жошиянын падышачылыгынын он сегизинчи жылында өткөрүлдү.

20Жошия Кудайдын үйү үчүн бардык иштерди кылып бүткөндөн кийин, Мисир падышасы Нехо Эфрат боюндагы Каркемиш менен согушууга бет алды. Жошия анын алдынан чыкты.

21Нехо өз өкүлдөрүн жөнөтүп, ага мындай деп айттырды: «Жүйүт падышасы, менден сага эмне керек? Мен сага каршы бара жаткан жокмун, мен согуш болуп жаткан жерге бара жатам. Мени Кудай шаштырып жатат. Кудайга каршы чыкпа, Ал мени менен, Ал сени өлтүрүп салбасын, байка».

22Бирок Жошия кайтып кетпей, аны менен согушууга даярданды, Кудайдын атынан сүйлөгөн Нехонун сөзүн укпай койду, аны менен Мегидо түздүгүндө беттешти.

23Ошондо анын жаа тарткычтары Жошияны атышты. Жошия өз кызматчыларына мындай деди: «Мени алып кеткиле, мен оор жарадар болдум».

24Кызматчылары аны майдан арабадан түшүрүп, коштоп жүргөн башка арабага салып, Иерусалимге алып кетишти. Ал оор жараттан өлдү, аны ата-бабаларынын мүрзөсүнө коюшту. Бүткүл Жүйүт аймагы менен Иерусалим Жошияны жоктоп аза күтүштү.

25Жошияны катуу жоктоп, Жеремия да кошок кошту. Ырчылар менен кошокчу аялдар Жошияны армандуу ырларында айтып, бүткүл Ысрайылга таратышты, ал армандуу ырлар азыркыга чейин Ысрайыл элинде колдонулуп келе жатат. Жошияны жоктогон кошоктор армандуу ырлар китебинде жазылган.

26Теңирдин мыйзамы боюнча аткарган Жошиянын башка жакшы иштери,

27анын дагы башка иштери, алгачкы жана акыркы иштери Ысрайыл менен Жүйүт падышаларынын китебинде жазылган.

le>