2 Жылнаама 36:1-23 KYB2004 - Bible AI

1Жүйүт эли Жошиянын уулу Жаахазды атасынын ордуна падыша кылып койду.

2Жаахаз такка отурганда, жыйырма үч жашта эле, ал Иерусалимге үч ай гана падышачылык кылды.

3Аны Иерусалимдеги тагынан Мисир падышасы кулатты да, алардын жерине жүз таланттан күмүш жана бир таланттан алтын салык салды.

4Мисир падышасы Жүйүт аймагы менен Иерусалимге анын бир тууганы Элийакимди падыша кылып, анын атын Жайаким кылып өзгөрттү. Ал эми анын бир тууганы Жаахазды Нехо Мисирге туткундап кетти.

5Жайаким такка отурганда, жыйырма беш жашта эле, ал Иерусалимде он бир жыл падышачылык кылды. Ал өз Кудай-Теңирине жакпаган иштерди кылды.

6Ага Бабыл падышасы Небухаданасар кол салып, аны Бабылга алып кетиш үчүн, кишендеп салды.

7Небухаданасар Теңирдин үйүндөгү алтын идиштердин бир бөлүгүн алып, Бабылга алып кетип, Бабылдагы бутканасына коюп койду.

8Жайакимдин башка иштери, анын жийиркеничтүү иштери Жүйүт менен Ысрайыл падышаларынын китебинде жазылган. Анын ордуна уулу Жайахин падыша болду.

9Жайахин такка отурганда, он сегиз жашта эле, ал Иерусалимде үч ай, он күн падышачылык кылды. Ал Теңирге жакпаган иштерди кылды.

10Бир жыл өткөндөн кийин, Небухаданасар падыша Теңирдин үйүндөгү кымбат баалуу идиштер менен кошо аны Бабылга алып келүүгө буйрук кылды. Ал Жүйүт аймагы менен Иерусалимге Жайахиндин жакын тууганы Ситкияны падыша кылып койду.

11Ситкия такка отурганда, жыйырма бир жашта эле, ал Иерусалимде он бир жыл падышачылык кылды.

12Ал өз Кудай-Теңирине жакпаган иштерди кылды. Теңирдин атынан пайгамбарчылык сөздөрдү айткан Жеремия пайгамбардын алдында ал моюн сунган жок.

13Ал Кудайдын атынан ант алган Небухаданасар падышадан бөлүнүп кетти. Ал катуу өжөрлөнүп, жүрөгүн таш кылып, ысрайылдыктардын Кудай-Теңирине кайрылган жок.

14Ыйык кызмат кылуучуларга жана элге башчылык кылган бардык башкаруучулар да бутпарастарды туурап, көп күнөөгө батып, Иерусалимде Теңир Өзү ыйыктаган Теңирдин үйүн булгашты.

15Ошондо алардын ата-бабаларынын Кудай-Теңири аларга таң азандан элчилерин жөнөтүп турду, анткени ал Өз элин, Өз турак жайын аяды.

16Бирок алар Кудай жиберген элчилерди шылдың кылышып, алардын сөздөрүн барк албай, Анын пайгамбарларын маскаралашты, ошондо Теңир Өз элине абдан каарданды. Аларды Теңирдин каарынан эч нерсе куткарып кала алган жок.

17Теңир аларга Каздим падышасын жиберди, алардын ыйык жайында улан-кыздарды кылычтап өлтүрүштү, алар жаш баланы да, жаш кызды да, чал-кемпирди да, эч кимди аяшкан жок, анткени Теңир бардыгын алардын колуна салып берди.

18Кудайдын үйүндөгү кичине дебей, чоң дебей, бардык идиштерди, Теңирдин үйүндөгү, падышанын үйүндөгү, төрөлөрдүн үйүндөгү бардык казына-байлыктарды Бабылга алып кетишти.

19Кудайдын үйүн өрттөп, Иерусалимдин дубалдарын кыйратып салышты. Анын бардык үйлөрүн өрттөп, асыл буюмдарын талкалап кетишти.

20Кылыч мизинен аман калгандарды ал Бабылга көчүрдү. Персия падышасы такка келгенге чейин, алар ага жана анын уулдарына кул болуп калышты.

21Теңирдин Жеремия пайгамбар аркылуу айткан сөздөрү аткарылганга чейин, жер өзүнүн ишемби жылдарында эс алган эмес, ээн калган учурда жетимиш жыл бою эс алды.

22Ал эми Персия падышасы Корештин падышачылыгынын биринчи жылында Теңирдин Жеремия аркылуу айткан сөздөрү ордунан чыгыш үчүн, Теңир Персия падышасы Корештин рухун козгоду. Ошондо ал өзү бийлеп турган бардык падышачылыкка оозеки да, кат жүзүндө да мындай деп жарыялоону буйрук кылды:

23«Персия падышасы Кореш мындай дейт: “Асмандагы Кудай, Теңир мага жер жүзүнүн бардык падышачылыктарын берди. Ал Жүйүт аймагындагы Иерусалимге Теңирдин үйүн курууну мага буйрук кылды. Араңарда Анын элинен ким калса, ал ошол жакка бет алсын, Кудай аны менен болот”».

le>