1Жезден узуну жыйырма чыканак, туурасы жыйырма чыканак, бийиктиги он чыканак болгон курмандык чалынуучу жай жасады.
2Жезден бир четинен экинчи четине чейин он чыканак, тереңдиги беш чыканак болгон чоң тегерек чара жасады. Чараны тегерете отуз чыканак чынжыр менен курчады.
3Чаранын астында тегерете, бардык тарабында жезден куюлган өгүздөр турган. Чараны тегерете он чыканак чара менен кошо куюлган эки катар өгүздөр турган.
4Үчөө түндүктү, үчөө батышты, үчөө түштүктү, үчөө чыгышты караган он эки өгүздүн үстүндө чара турду. Өгүздөрдүн арты чаранын астына кирип турду.
5Ал чаранын калыңдыгы алакандын жазысындай эле, жээктери чөйчөктүн четиндей, ачылган лилияга окшош жасалды. Анын сыйымдуулугу үч миң бат.
6Бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктардын өрттөөгө даярдалган бөлүктөрүн жууш үчүн, он жез жуунгуч жасап, бешөөнү оң тарапка, бешөөнү сол тарапка койду. Чоң чараны болсо ыйык кызмат кылуучулар жуунуш үчүн жасады.
7Анан долбоордун негизинде он алтын чырактан жасап, бешөөнү ийбадаткананын оң тарабына, бешөөнү сол тарабына койду.
8Он үстөл жасап, бешөөнү ийбадаткананын оң тарабына, бешөөнү сол тарабына койду. Анан алтындан жүз чара жасады.
9Ыйык кызмат кылуучулардын короосун жана чоң короо жасады. Бул короолорго эшиктерди жасап, аларды жез менен каптады.
10Чоң чараны Кудай үйүнүн оң тарабына, түштүк-чыгышка орнотту.
11Хурам казандарды, калактарды, чараларды жасады. Ошентип, Хурам Сулайман падыша үчүн, Кудай үйүндө баштаган өзүнүн иштерин бүтүрдү:
12ал эки мамы, мамылардын башын курчаган эки таажы, мамынын башын курчаган эки таажы үчүн эки тор жасады,
13ар бир торго эки катардан төрт жүз анар жасап, мамылардын үстүндөгү таажыларды жапты.
14Ал жуунгучтарды, алардын астына дөңгөлөктүү койгучтарды,
15чоң чараны жана анын астындагы он эки жез өгүздү,
16чылапчындарды, калактарды, аш айрыларды жасады. Хурам-Абий Теңир үйү үчүн Сулайман падышага жалтылдаган жылма жезден бардык керектүү буюмдарды жасады.
17Падыша аларды Иордандын чет-жакасындагы Сукот менен Серейдат аралындагы чополуу жерге куюп жасады.
18Сулайман бул буюмдарды өтө көп жасагандыктан, канча салмактагы жез сарпталганын билишкен жок.
19Сулайман ошондой эле Кудай үйүнө бардык буюмдарды, алтындан курмандык чалынуучу жай жана нан тартуулары коюлчу үстөлдөрдү,
20мыйзам боюнча ыйыктын ыйык бөлмөсүнүн алдында күйгүзүп туруу үчүн таза алтындан чырактандар менен чырактарды,
21эң таза алтындан гүлдөрдү, чырактарды, кычкачтарды,
22эң таза алтындан бычактарды, чараларды, табактарды, чок салгычтарды, алтындан ийбадаткананын эшиктерин, ичиндеги ыйыктын ыйык бөлмөсүнө кирүүчү эшиктерди, ыйык жайга кирүүчү эшиктерди жасады.