2 Жылнаама 6:1-42 KYB2004 - Bible AI

1Ошондо Сулайман: «Теңир караңгылыкта жашоону кааларын айткан.

2Мен болсо Сен жашай турган үй курдум, Сен түбөлүк болуп турушуң үчүн жай даярдадым», – деди.

3Анан падыша өзүнүн алдында турган бардык ысрайылдыктарга бурулуп, мындай деп батасын берди:

4«Менин атам Дөөткө айткан сөзүн азыр Өз колу менен орундаткан ысрайылдыктардын Кудай-Теңирине даңк! Ал мындай деп айткан эле:

5“Мен Өз элимди Мисир жеринен алып чыккан күндөн тартып, Өзүмдүн ысымым тура турган үйдү куруш үчүн, Ысрайыл тукумунан бир да шаарды тандап алган эмесмин жана Өзүмдүн Ысрайыл элимди башкара турган адамды да тандап алган эмесмин.

6Бирок Өзүмдүн ысымым болуп туруш үчүн, Иерусалимди тандап алдым жана Өз элим Ысрайылды башкарыш үчүн, Дөөттү тандап алдым”.

7Менин атам Дөөттүн Ысрайылдын Кудай-Теңиринин ысымына арнап үй курам деген ою бар эле.

8Бирок Теңир менин атам Дөөткө мындай деген: “Сенин Менин ысымыма арнап ийбадаткана курайын деген оюң бар, жүрөгүңдө мындай ойдун болгону жакшы.

9Бирок ийбадаткананы сен курбайсың, Менин ысымыма арнап ийбадаткананы сенин тукумуңан чыккан уулуң курат”.

10Теңир Өз оозунан чыккан сөздү аткарды: Теңир айткандай, Дөөт атамдын ордуна мен келдим, Ысрайылдын тагына отурдум жана ысрайылдыктардын Кудай-Теңиринин ысымына арнап үй курдум.

11Ал үйгө Теңирдин Ысрайыл уулдары менен түзгөн келишими салынган Теңирдин келишим сандыгын койдум».

12Сулайман Теңирдин курмандык чалынуучу жайынын жанында, бүткүл Ысрайыл жыйынынын алдында туруп, колдорун асманга көтөрдү.

13Ал жезден узундугу беш чыканак, туурасы беш чыканак, бийиктиги үч чыканак болгон секиче жасап, короонун дал ортосуна орноткон. Ошонун үстүндө туруп, бүткүл Ысрайыл жамаатынын алдында тизе бүгүп, колдорун асманга көтөрдү.

14Анан мындай деди: «Теңир, ысрайылдыктардын Кудайы! Асманда да, жерде да Сендей Кудай жок. Сенин алдыңда чын жүрөктөн жүргөн кулдарыңа ырайым кыласың, келишимиңди сактайсың.

15Сен Өз кулуңа, менин атам Дөөткө, айткан убадаңды орундаттың. Өз оозуңан чыккан убаданы бүгүн Өз колуң менен аткардың.

16Теңир, Ысрайылдын Кудайы! Өз кулуң, менин атам Дөөткө: “Сен Менин алдымда Менин мыйзамдарым боюнча кандай жүрсөң, сенин уулдарың да ошондой жүрсө, сенин тукумуңдан Менин көз алдымда Ысрайылдын тагында отурган адам үзүлбөйт”, – деп айткан убадаңды эми аткара көр.

17Эми Теңирим, Ысрайылдын Кудайы, Өз кулуң Дөөткө айткан сөзүң ордунан чыксын!

18Чындыгында, Кудай адамдар менен жерде жашамак беле? Сени асман, асмандардын асманы батыра албайт! Анан мен курган ийбадаткана батыра алмак беле!

19Бирок Теңирим, Кудайым, Өз кулуңдун сыйынуусуна, суранычына назар сал. Сенин алдыңда сыйынып жаткан кулуңдун сыйынуусуна жана өтүнүчүнө кулак сал.

20Өз ысымыңды орнотом деп убада берген ушул ийбадатканадан күн-түн дебей көзүңдү алба. Ушул жерден сыйынган кулуңдун сыйынуусун ук.

21Өз кулуңдун, Өз элиң Ысрайылдын ушул жерде сыйынган сыйынуусуна кулак сал. Өзүң турган жерден, асмандан кулак сал, кулак сала көр, ырайым кыла көр!

22Ким өз жакынына каршы күнөө кылса, аны ант бер деп талап кылышса, ал Сенин ушул ийбадатканаңда, курмандык чалынуучу жайдын алдында ант берсе,

23Сен асмандан угуп, Өз кулдарыңа өкүм чыгар, айыптууну кылган күнөөсүнө жараша жазала, айыпсызды актыгына жараша акта.

24Сенин элиң Ысрайыл Сенин алдыңда кылган күнөөсү үчүн душман тарабынан талкаланганда, Сага кайрылып, Сенин алдыңда күнөөлөрүн мойнуна алып, ушул ийбадатканада Сага жалынып сыйынганда,

25асмандан алардын үнүн угуп, Өз элиң Ысрайылдын күнөөсүн кечир, аларды өздөрүнө, ата-бабаларына Өзүң берген жерге кайра алып кел.

26Сенин алдыңда кылган күнөөсү үчүн асман жабылып, жамгыр жаабай калганда, Сен аларды моюн сундургандыктан, алар ушул жерде Сенин алдыңда күнөөлөрүн мойнуна алышканда, күнөөлөрүнөн баш тартышканда,

27Сен асмандан уга көр, Өз кулдарың менен Өз элиң Ысрайылдын күнөөсүн кечир, алар баса турган жакшы жолду көрсөтүп бер, элиңе Өзүң мурас кылып берген жерге жамгыр жаадыр.

28Жер үстүн ачарчылык, же жугуштуу оору, же ысык шамал, же коңур дат оорусу, же чегиртке, же курт-кумурска каптаганда, же душман аларды өз жеринде кысымга алганда, же кырсык, же кандайдыр бир дарт каптаганда,

29бир киши же бүткүл Ысрайыл эли башына түшкөн кырсык менен кайгысын сезип, бул ийбадаткана жакка колдорун сунуп сыйынган ар бир сыйынуусун, ар бир өтүнүчүн

30асмандан – Өзүң турган жерден ук, күнөөсүн кечир, ар кимге жүргөн жолуна жараша тиешесин бер, анткени Сен алардын жүрөгүн жакшы билесиң, адам баласынын жүрөгүн билесиң.

31Ата-бабаларыбызга Сен берген жерде жашап турганда, өмүрү өткөнчө Сенден коркушсун, Сенин жолуң менен жүрүшсүн.

32Атүгүл, Өз элиң Ысрайылдан болбогон бөтөн жерлик адам да Сенин улуу ысымың үчүн, Сенин сунулган колуң үчүн, Сенин күчтүү билегиң үчүн алыскы жерден келип, ушул ийбадатканада сыйынганда,

33Өзүң турган асмандан ук, бөтөн жерлик адамдын Сенден сураганынын баарын аткар, Сенин ысымыңды жер жүзүндөгү бүт эл билсин, Өз элиң Ысрайыл Сенден корккондой, Сенден бардыгы корксун, мен курган үй Сенин ысымың менен аталганын бардыгы билсин.

34Сенин элиң Өзүң көрсөткөн жол менен душманга каршы чыкканда, Сен тандаган ушул шаарды жана Сенин ысымыңа арнап мен тургузган ийбадаткана жакты карап сыйынганда,

35Сен асмандан алардын сыйынуусун, өтүнүчүн ук, аларга керектүүсүн бер.

36Алар Сенин алдыңда күнөө кылганда (анткени күнөө кылбаган адам болбойт), Сен аларга каарданып, душмандарынын колуна салып бергенде, аларды алыс же жакын жерлерге туткундап кетишкенде,

37алар туткунда жүргөн жеринде күнөөсүн түшүнүп, Өзүңө кайрылып: “Биз мыйзамсыздык кылып күнөө кетирдик, биз айыптуубуз”, – деп сыйынганда,

38алар туткунда жүргөн жеринде чын жүрөгүнөн, жан-дилинен Сага кайрылып жалынганда, Сен алардын ата-бабаларына берген жерге, Сен тандап алган шаарга, Сенин ысымыңа арнап мен курган бул ийбадаткана жакка кайрылып сыйынышканда,

39ошондо Сен асмандан, Өзүң турган жайдан алардын сыйынуусун, сураган өтүнүчүн ук, аларга керектүүсүн бер, Өз элиңдин Сенин алдыңда кылган күнөөсүн кечир.

40Оо Кудайым! Ушул жерден көзүңдү алба, ушул жерде сыйынган сыйынууларга кулак сал.

41Эми, Кудай-Теңир, Өзүңдүн үйүңө, Сенин кудуреттүүлүгүңдү көрсөткөн келишим сандыгың турган жерге кел. Кудай-Теңир, Сенин ыйык кызмат кылуучуларың куткарылууну кийишсин, Сенин ыйыктарың Сенин ырайымыңа кубанышсын.

42Кудай-Теңир! Өзүң майлаган адамдан жүзүңдү бурба, Өз кулуң Дөөткө ырайым кыл».

e>